Байъат шарттары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Байъат шарттары

(Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчѳ болуп кирүүгѳ Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) 1889-жылдын 12-январында жазып жарыялаган он байъат шарты)

1. Байъат берүүчү өмүрүнүн аягына чейин Ширктен (Алла Тааладан башкаларга сыйынуу) өзүн сактоого чын жүрөктөн ант берет.

2. Ал жалганчылыктан, зынаадан, жаман көз менен кароодон, ошондой эле ар түрдүү баш ийбестик, бузукулук, зулумдук, кыянатчылык, козголоң жана чыккынчылык жолдорунан сактанат. Дагы кызуу кандуулугу канчалык күчтүү дүүлүксө да, ага алдырбайт.

3. Алла Таала жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык күнүнө беш маал намазды калтырбай окуйт жана колунан келишинче Тахажжуд намазын окууну, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат айтууну жана күн сайын өз күнөөлөрү үчүн кечирим сурап, тобо келтирүүнү үзгүлтүксүз улантат жана Алла Тааланын мээримдүүлүгүн эске алып, чын жүрөктөн Ага алкоо-мактоо айтууну өзүнүн күнүмдүк адатына айландырат.

4. Ал жалпысынан, Алланын жалпы пенделерине, өзгөчө мусулмандарга өзүнүн кызуу кандуулугу маалында, тили, колу жана башка жолдор менен эч кандай зыян келтирбейт.

5. Ал баардык жагдайларда – кайгы тартканда, кубанычта,  кыйынчылыкта, жеңилчиликте, бак-дөөлөттүү жашоодо жана оорчулукта Алла Таалага ыйманы бекем бойдон калат. Бардык абалда тагдырына ыраазы болот. Анын жолунда ар бир кордук жана кайгыны кабыл алууга даяр турат. Ар кандай балээ-кырсыкка учураганда, Андан жүзүн бурбай, алга карай кадам шилтей берет.

6. Ал ырым-жырымдарды колдонуудан жана ачкөздүккө берилүүдөн алыс болот. Курани Каримдин буйруктарына толук баш ийет. Алла Тааланын сөздөрүн жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарын жашоосунун бардык учурунда өзүнө жетекчи колдонмо кылып алат.

7. Ал текеберчиликтен жана куру намыстан толук баш тартат. Карапайымдык, момундук, адептүүлүк, мээримдүүлүк жана жөнөкөйлүк менен жашайт.

8. Ал дин жана диндин кадыр-баркын, ошондой эле Исламга болгон боорукерлигин өзүнүн жанынан, мал-дүнүйөсүнөн, аброюнан, балдарынан жана ар бир тууганынан кымбат көрөт.

9. Ал Алла Таала үчүн Анын жалпы пенделерине камкор болуп, колунан келишинче Алла Таала берген бардык күч-кубаттарын жана нээматтарын адамзатынын пайдасына жумшайт.

10. Ал бир гана Алла үчүн мени менен боордоштук байланышты байлап, жакшы иштерде баш ийүү келишимин түзүп, ага өмүрүнүн аягына чейин бекем турат. Бул тууганчылык байланышы, дүйнөлүк башка тууганчылык байланыштары жана кызмат ахвалдары сыяктуу болбой, теңдеши жок эң жогорку даражада болушу керек.

(«Иштихаар такмийл-э-таблийг», 12-январь 1889-жыл)

Share via