Орозодо саарлык тамакты ичүү зарылбы?
Саарлык тамакты ичпей орозо кармоодо береке болбой калат. Туура, керек болгондо жана кандайдыр бир себептен улам саарлык тамакты ичпей да орозо кармаса болот. Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам):
Тасаххаруу фа-инна фис-сухуури баракатан, саарлык тамакты ичкиле, анда береке бар деп айткан. («Бухарий», Китаабус-саум)
Дагы бир хадисте: «Алла Таала жана Анын периштелери саарлык тамакты ичүүчүлөргө салаваат окушат», – деп айтылган. («Ужизул-Масаалик» шарах «Муатта Имам Малик», 3-том, 15-бет)