بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ
Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракаатуху
А дегенде, бир диний Жамааттын Жетекчисине силер менен бир аз ой бөлүшүүгө уруксат берген бардык ардактуу жана урматтуу парламент мүчөлөрүнө жана конокторго ыраазычылык билдирем. Мен баарынан да көбүрөөк өз аймагыбыздагы парламент мүчөсү, урматтуу Жастин Грининг айымга ыраазычылык билдирем, ал өз округундагы чакан бир Жамаат үчүн анын Халифат юбилейинин учурунда ушул аземди уюштуруу үчүн жан-талашып аракет жасаган. Бул анын улуу жана боору кең инсан экендигинин далили. Андан тышкары, бул нерсе анын өз окуругундагы бардык адамдардын жана ар кайсы топтордун сезимдерине канчалык көңүл бурарын да далилдейт.
Ахмадия Мусулман Жамааты кандайдыр бир кичине Жамаат болсо да, бирок эсиңерде болсун, ал Ислам дининин чыныгы таалимдеринин байрагын көтөрүп келе жаткан жана өкүлү болгон Жамаат. Британияда жашаган ар бир Ахмадий мусулман ушул жердеги өз өлкөсүн сүйгөн жана чынчыл жаран. Мунун себеби, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге: «Өз мекенин сүйүү ыймандын зарыл бөлүгү», – деп үйрөткөн.[1] Биз ушул доордун Реформатор-Оңдоочусу, Убада кылынган Масийх жана Махдийи деп кабыл алган, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Ислам дининин ушул таалимин дагы кенен-кесири чечмелеп сунуштаган жана буга басым жасаган. Өзүнүн билдирүүсүн жарыялап, ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан:
«Алла Таала мага эки (түрдүү) акы-укукту аткаруу буйругун берген: бири – Алла Тааланын акы-укугу; экинчиси – Анын жаратылышынын акы-укугу. Ал (алайхиссалаам) пенделердин акы-укуктарын аткаруу баарынан кыйын жана кылдат иш экенин айткан».[2]
Халифат маселесинде силер: «Тарых өзүн кайталап, мына ушундай жетекчиликтин натыйжасында согуштар башталып калбасын», – деп кабатырланышыңар мүмкүн. Туура, Ислам динине каршы ушул сыяктуу дооматтар айтылат. Бирок мен силерди ишендирмекчимин: Кудай буюрса, Ахмадия Халифалыгы дүйнөдө ар дайым тынчтык жана коопсуздуктун чыныгы туусун көтөргөн Жамаат катары таанылып турат. Ахмадий мусулмандар кайсы гана өлкөдө жашашпасын, өз өлкөлөрүнө чынчыл болгон жарандар болуп далилденишет. Ахмадия Халифалыгынын иши – болгону Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын миссиясын улантуу жана алга сүрүү. Ошондуктан, Ахмадия Халифатынан кооптонуунун эч бир себеби жок. Ахмадия Халифаты бардык Ахмадий мусулмандардын көңүлүн үзгүлтүксүз ушул эки милдетти аткарууга каратып турат, ушуларды ишке ашыруу үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жөнөтүлгөн. Мына ушундан улам бул Жамаат дүйнөдө тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн жаратууга аракеттенип келүүдө.
Убакыт тар болгондуктан, азыр мен негизги темага келейин. Эгерде биз өткөн бир нече кылымдардын тарыхын бейтараптуулук менен талдап чыксак, чындыгында ал доордо кылынган согуштар диний согуштар болбой, көбүнчө географиялык жана саясий согуштар экендиги бизге көрүнөт. Бүгүнкү күндө дагы дүйнө коомдорунун ортосундагы чыр-чатактар чынында саясий, аймактык жана экономикалык кызыкчылыктарынын айынан пайда болгон. Курч болуп бара жаткан кырдаалды карап, ар кайсы өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр кандайдыр бир Дүйнөлүк Согушка алып барышы мүмкүн деп корком. Өкүм сүрүп жаткан ушул кырдаалдын натыйжасында бай өлкөлөр гана эмес, жакыр өлкөлөр да таасирленип жатат. Ошондуктан, чогуу отуруп, адамзатты кыйроо жарына кулоодон сактоого аракет кылуу милдети күчтүү мамлекеттердин моюнуна түшөт.
Британия – бул өнүккөн дүйнө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экөөсүнө тең таасири өтө турган жана таасирин өткөргөн өлкөлөрдүн бири. Эгерде силер кааласаңар, адилеттүүлүк жана ынсап талаптарын аткарган бойдон дүйнөгө жетекчилик кылуу милдетин аткара аласыңар. Жакын өткөн заманда Британия дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер, айрыкча Индия-Пакистан үстүндө бийлик жүргүзүп, адилеттүүлүк, ынсап жана диний эркиндик боюнча мыкты өлчөмдөрдү орноткон. Ахмадия Мусулман Жамааты буга күбө. Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Британия өкмөтүнүн адилеттүүлүк, ынсап жана диний эркиндик берүү саясатын өтө көп мактаган. Качан Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Виктория канышанын жетимиш беш жылдык юбилейинин учурунда аны куттуктап, аны Ислам динине чакырганда, ал (алайхиссалаам): «Алла Таала Британия бийлигине ал адилеттүүлүк жана ынсап талаптарын аткаруу үчүн жасаган аракеттери үчүн сыйлык тартууласын!» – деп өзгөчө дуба сураган эле. Демек, тарыхыбыз көрсөткөндөй, качан гана Британия падышалыгы адилеттүүлүктү даңгазалаганда, биз ар дайым ага ыраазычылык билдиргенбиз. Келечекте да тек диний мамилелерде гана эмес, бардык мамилелерде адилеттүүлүк жана ынсап Британия бийлигинин таанылуусу болуп турат деген үмүттөбүз. Биз силерден: «Мурун силердин бөлүгүңөр болгон баалуулуктарыңарды унутпайсыңар», – деп үмүт кылабыз.
Бүгүн дүйнө кандайдыр бир тынчсыздык жана ыңгайсыздыкка кабылыптыр. Чектелген даражада согуштар оту жалындап жатат. Кээ бир жайларда ири күчтөр: «Биз тынчтыкты орнотуу үчүн аракет кылуудабыз», – деп билдиришүүдө. Эгерде адилеттүүлүк жана ынсаптын талаптары аткарылбаса, анда ушул майда-барат согуштардын жалындары өтө бийик көтөрүлүп, бүтүн дүйнөнү өз курчоосуна алуу коркунучу бар. Ошондуктан, дүйнөнү кыйроодон сактап калгыла деп силерден чын дилден суранам.
Эми мен дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн Ислам дининин кайсы таалимдери бар экендиги же ошол таалимдердин негизинде дүйнөдө тынчтыкты кантип орнотуу мүмкүн экендиги жөнүндө кыскача айтып берем. Мен дуба кылам: биринчилерден болуп, ушул таалимдерди алган мусулмандар ага амал кылышсын. Бирок чындыгында ушул таалимдерге амал кылуу дүйнөдөгү ири күчтөр жана өкмөттөрдүн да милдети болуп саналат.
Бүгүн ушул доордо, илгери элестетип да көрүлбөгөндөй, дүйнө чындыгында тар болуп, «глобалдык айыл» болуп калган бир учурда биз адам катары өз милдеттерибизди түшүнүшүбүз керек. Биз адам укуктарына таандык ушул көйгөйлөрдү бир жаңсыл кылууга көңүл буруп, дүйнөдө тынчтыкты орнотууга жардам боло ала тургандай аракет кылышыбыз керек. Белгилүү болгондой, адилеттүүлүктүн талаптарын аткаруу ниетинде жана толук кандуу ишенимдүүлүк менен ушул аракет жасалышы керек. Ушул доордогу көйгөйлөрдүн бири түздөн-түз болбосо да, кайсы бир маселеге байланыштуу диндин себебинен пайда болгон. Мусулмандардын кээ бир топтору мусулман эместерге, алардын катарында жоокерлер да бар, бейкүнөө жарандар да бар, зыян келтирүү же аларды жок кылуу үчүн диндин атынан мыйзамсыз чабуулдарды жасашат же жанкечти жардырууларды кылышууда. Натыйжада, бейкүнөө мусулмандар, а түгүл жаш балдар да аябай ырайымсыздык менен өлтүрүлүп жатышат. Ислам дини ушул мыкаачылык амалды бүтүндөй четке кагат. Айрым мусулмандардын ушул коркунучтуу иш-амалынын айынан мусулман эмес өлкөлөрдө таптакыр туура эмес ой пайда болуп калган, натыйжада коомчулуктагы кээ бир тайпалар ачык эле Ислам динине каршы сүйлөшөт, ал эми айрым башкалары ачык сүйлөшпөсө да, бирок ичинен Ислам дини жөнүндө кандайдыр бир жакшы ойго ээ эмес. Мына ушул жагдайдын айынан Батыш өлкөлөрүндөгү жана башка мусулман эмес өлкөлөрдөгү адамдардын жүрөктөрүндө мына ошол саналуу мусулмандардын иш-амалынын себебинен кандайдыр бир ишенимсиздик пайда болуп калган. Кандайдыр бир оң өзгөрүш жүз берүүнүн ордуна мусулман эместердин реакциясы күндөн-күнгө ого бетер бузулуп барууда. Ушул туура эмес реакциянын бир мисалы – бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баянына жана жүрүм-турумуна, ошондой эле мусулмандардын Ыйык Китеби – Курани Каримге жасалып жаткан чабуулдары. Бул жактан Британиялык саясатчылардын, алар кайсы гана партиянын мүчөлөрү болбосун, жана окумуштуулардын мүнөзү кээ бир башка өлкөлөрдүн саясатчыларынын мүнөзүнөн башкача. Бул үчүн мен силерге ыраазычылык билдирем. Мына ушундай назик сезим-туйгуларга тийишүү менен жек көрүүлөрдү көбөйтүүдөн башка эмнеге жетишсе болот? Анан ушул жек көрүү кээ бир экстремист мусулмандарды Ислам динине бүтүндөй жат болгон иш-аракеттерди кылууга түртөт. Натыйжада, бир топ мусулман эместер өздөрүнүн каршылыгын билдирүү учурун табышат. Ошол чабуулдардын айынан экстремист болбогон жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды катуу сүйгөн адамдардын ичи ооруйт. Алардын ичинде Ахмадия Мусулман Жамааты эң биринчи сапта. Биздин эң маанилүү милдетибиз бир эле жана ал мындай: дүйнөнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эң мыкты үлгүсүнөн жана Исламдын көркөм таалимдеринен кулактандыруу. Биз бардык пайгамбарларга чын жүрөктөн сый-урмат көрсөтөбүз жана алардын баары Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн деп ишенебиз. Ошондуктан, биз алардын бирөөсүнө эч акаарат кыла албайбыз, бирок качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы негизи жок жана жалган дооматтарды укканбызда, биз ичибизден катуу капаланабыз.
Бүгүн дүйнө ар кандай блокторго бөлүнүп, экстремизм күч алып, андан тышкары финансылык жана экономикалык жагдайы жамандап жаткан убакытта дароо ар түрдүү жек көрүүлөрдү өчүрүп, тынчтык пайдубалдарын көтөрүү керек. Бири-биринин сезим-түйгуларын сыйлоо менен гана мына ошондой кылууга болот. Эгерде ушул иш-аракет туура ыкмада, толук кандуу ишенимдүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен аткарылбаса, анда жагдай дагы жаман болуп кетет жана ыктыярыбызда эч нерсе калбай калат. Экономикалык жактан күчтүү Батыш өлкөлөрү жакыр жана артта калган өлкөлөрдөгү адамдарга өз өлкөлөрүнө келип, отурукташууга уруксат бергендиги – бул мактоого ылайык нерсе. Ал адамдардын катарында мусулмандар да бар. Алардын сезим-туйгуларын жана диний ишмердүүлүктөрүн сыйлоо да чыныгы адилеттүүлүктүн бир талабы. Мына ушул ыкманы тандоо менен адамдардын рухий бейпилдигин туруктуу бойдон кармоого болот. Эске тута турган нерсе, кайсы бир жеке адамдын рухий бейпилдиги жоголгондо, анан коомчулуктун тынчтыгы да таасирленет.
Жогоруда мен айткандай, Британиянын саясатчыларына жана мыйзам чыгаруучуларына алардын адилеттүүлүктүн талаптарын аткарышкандыгы жана анын жолуна бут тосушпагандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Чындыгында, бул бизге Курани Карим берген Ислам дининин таалими. Курани Карим мындай деп жарыялайт:
لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ(البقرة 257)
Мааниси: динде зордук-зомбулук жок. (2:257)
Ушул буйрук Ислам дини кылыч күчү менен таралган деген жалааны гана четке какпастан, мусулмандарга: «Ыйман келтирүү Кудай менен пенденин ортосундагы мамиле, ага такыр аралашууга болбойт», – деп да айтып жатат. Ар бир адамга өз динине ылайык өмүр сүрүү жана ибадат кылуу уруксаты бар, бирок эгерде дин атынан жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктөр башкаларга зыян келтирсе жана өлкө мыйзамына каршы келсе, ошондо ал өлкөдөгү тартип сактоочу күчтөр аларга каршы чара көрсө болот. Анткени, эгерде кайсы бир динде кандайдыр бир зулумдук иш жасалып жаткан болсо, ал Алла Тааланын кайсы бир пайгамбары берген таалимдин бөлүгү болушу такыр мүмкүн эмес. Аймактык жана эл аралык деңгээлде тынчтыкты орнотуу үчүн бул кандайдыр бир негизги усул (принцип).
Эгерде бүгүн кайсы бир коомчулук же топ же өкмөт силердин диний милдеттериңерди аткарууга бут тоссо, жана эртең кырдаал силердин кызыкчылыгыңарга өзгөрсө, анда Ислам дини бизге төмөндөгүдөй таалим берет: жүрөгүңөрдө алар үчүн кандайдыр бир кектик же жек көрүүнү такыр сактабагыла, өч алууну такыр ойлобогула, тескерисинче адилеттүүлүк жана ынсапты орнотуу силердин милдетиңер. Курани Карим мындай деп айтат:
«Эй, ыйман келтиргендер! Силер адилеттик менен күбөлүк берген бойдон Алла үчүн тургула. Эч бир коомдун душмандыгы силерди эч качан адилетсиздикке баштабасын. Адилеттүүлүк кылгыла, бул такыбага эң жакын. Алладан корккула. Албетте, Алла кылып жаткан иштериңерден дайыма кабардар». (5:9)
Бул коомчулукта тынчтыкты орното турган таалим. Душманыңар мамилесинде дагы адилеттүүлүктү колдон чыгарбагыла деп айткан. Алгачкы Ислам тарыхы ушул таалимге амал кылынгандыгын, ошондой эле адилеттүүлүк жана ынсаптын бардык талаптары аткарылгандыгын айтып берет. Ушул жерде буга көп деле мисалдарды ортого сала албайм, бирок тарых баракчалары ушул акыйкатка күбө болгондой, Мекке жеңишинен кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны (мурун) катуу кыйнаган адамдардан эч кандай өчүн алган эмес. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды кечирип тим болбостон, аларга өздөрүнүн диндери боюнча амал кылууга да уруксат берген. Бүгүнкү күндө да душмандар мамилесинде адилеттүүлүктүн бардык талаптары аткарылганда гана тынчтык орношу мүмкүн. Диний экстремизмге каршы болгон согуштарда гана эмес, тескерисинче бардык согуштарда да мына ошондой кылыш керек. Мына ушундай насип боло турган тынчтык гана негизинен күчтүү тынчтык боло алат.
Өткөн кылымда эки Дүйнөлүк Согуш болгон. Анын кандай гана жүйөлөрү болбосун, бирок эгерде кылдат көңүл буруп карасак, төмөндөгүдөй бир эле көрүнүктүү себеби бар экендиги байкалат: биринчи жолу туура ыкмада адилеттүүлүк орнотулган эмес. Анан сыртынан караганда өчүп калгандай көрүнгөн, бирок негизинен жалындаган чок болгон, оттун акыр аягында жалындары көтөрүлүп, экинчи жолу дүйнөнү өз курчоосуна алган.
Бүгүнкү күндө да тынчсыздык өсүп барууда. Тынчтыкты орнотуу максатында кылынып жаткан согуштар жана жасалып жаткан башка кадамдар дагы бир Дүйнөлүк Согушка алгачкы кадам болууда. Учурдагы экономикалык жана социалдык көйгөйлөр ушул жагдайда дагы көбүрөөк жамандыкка себепкер болууда. Курани Карим дүйнөдө танчтыкты орнотуу үчүн кээ бир алтын усулдарды (принциптерди) тартуулаган. Ач көздүк менен кастыктын күчөшү – бул кандайдыр бир далилденген акыйкат. Кээде ушул ач көздүк баскынчылык кылуу ниеттеринен ачыкка чыгат, кээде бирөөнүн табигый ресурстарын тартып алуу аркылуу ачыкка чыгат, кээде ушул ач көздүк өзүн башкалардан үстөм экенин көргөзүү көрүнүшүндө байкалат. Анан акыр аягында ушул ач көздүк жана сугалактык эле зулумдукка алып барат. Мейли ошол (зулумдук) өздөрүнүн кызыкчылыктарына жетишүү максатында адамдардын акы-укуктарын тебелеп-тепсеп, өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтмөкчү өкүмдарлар колунан болсун же баскынчылык кылуучу аскерлер колунан болсун. Кээде ушундай болот: зулумдук көргөндөрдүн ыйлап-чыркыроолорунун натыйжасында чет элдик күчтөр жардам бергени келип калат. Кыскасы, анын натыйжасы кандай гана болбосун, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге төмөндөгүдөй алтын усулду (принципти) үйрөткөн: заалим жана зулумдук көргөн адам – экөөсүнө тең жардам бергиле. Сахаабалар (разияллааху анхум): «Зулумдук көргөн адамга жардам берүү дегенди түшүнөбүз, бирок заалимге кандай жардам берсе болот?» – деп сурашкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Анын колдорун зулумдуктан кайтарып, антпесе зулумдук боюнча анын өсө берүүсү аны Алла Таала азабына кирептер кылууга себепчи болот», – деп айткан.[3] Демек, ага ырайым кылып, аны сактоого аракет кылгыла. Ушул усул (принцип) коомчулуктун эң кичине бирдигинен тартып, эл аралык деңгээлге чейин туура келет. Бул жаатта Курани Карим мындай деп айтат:
«Эгер момундардан эки тайпа өз ара урушуп калса, алардын ортосунда келишим түздүргүлө. Анан эгер алардын бири экинчисине каршы баш көтөрсө, анда алар Алланын буйругуна кайтмайынча, акыйкатсыздык кылган (тайпа)га каршы уруш кылгыла. Ошентип, эгер ал (Алланын амирине) кайтып келсе, ал экөөсүнүн ортосунда адилет менен келишим түздүргүлө жана адилеттүүлүк кылгыла. Албетте, Алла адилет кылуучуларды сүйөт». (49:10)
Ушул таалим мусулмандарга таандык болсо да, бирок ушул усулду пайдаланып эл аралык тынчтыкка өбөлгө түзүүгө болот. Башында эле ачык-айкын түшүндүрүлгөндөй, тынчтыкты орнотуу үчүн баарынан да зарыл нерсе – бул адилеттүүлүктү орнотуу. Эгерде адилеттүүлүк деген принципти карманып да тынчтыкты орнотууга жасалган аракеттер ийгиликсиздикке чыкса, анда биргелешип, зулумдук кылып жаткан тайпага каршы согушкула. Заалим жеӊилип, тынчтыкты орнотууга макул болгонго чейин ушул согуш улантылат. Ал эми качан заалим өз зулумдугунан кайтса, анда адилеттүүлүктүн талабы бул: өч алуу шылтоолорун издебегиле, ар кыл чектөөлөрдү киргизбегиле. Заалимге ар жактан көз салып тургула, бирок аны менен бирге анын ахвалын жакшыртууга аракет кылгыла. Бүгүн дүйнөдөгү кээ бир өлкөлөрдө өкүм сүрүп келе жаткан баш аламандыкты кетирүү үчүн – тилекке каршы алардын катарында кээ бир мусулман өлкөлөр да жок эмес – вето укугу бар коомдор айрыкча: «Чынында адилеттүүлүк кылынып жатабы?» – деп талдап чыгуулары керек. Жардам муктаждыгы туулганда, күчтүү коомдор гана жардамга чакырылат.
Жогоруда мен айтып өткөндөй, биз ушул акыйкатка күбө: Британия өкмөтү ар дайым адилеттүүлүк орнотууну жогору койгон. Мына ошондон улам гана ушул маселелерге көңүлүңөрдү буругузууга кайраттандым.
Дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн бизге төмөндөгүдөй дагы бир усул (принцип) үйрөтүлгөн: башкалардын байлыгына ач көздүк менен карабагыла. Курани Карим мындай деп айтат:
«Биз алардын айрым тайпаларын сыноо үчүн аларга дүйнөлүк жашоонун зыйнаты катары тартуулаган убактылуу пайдага көздөрүңдү кадаба! Сенин Раббиңдин ырыскысы абдан жакшы жана түбөлүктүү». (20:132)
Башкалардын байлыгына ач көздүк жана көрө албастык менен кароо да дүйнөдө өсүп бара жаткан тынчсыздыктын бир себеби. Ар бир дүйнөлүк жеңилдик жана ыракатка жетишүүдө башкалардан өтүп кетүү аракетинин натыйжасында кандайдыр бир түгөнгүс-бүтпөс ач көздүк жана сугалактык пайда болуп кеткен. Жекелик деңгээлде бул жарыш коомчулуктун тынчтыгын талкалап салган. Улуттук деңгээлде ушул жарышуунун натыйжасында дүйнөнүн тынчтыгы талкаланган. Тарых баракчаларынан далилденгендей, жана ар бир акылман адам муну болжолдой алгандай, башкалардын байлыгына жетишүү тилеги ач көздүк жана көрө албастыкты арттырат жана чынында бул зыяндуу соода. Мына ошондон улам гана Алла Таала алар өз ресурстарына кароолору керек жана андан пайда көрүүлөрү зарыл деп айткан. Башкалардын жерлерин басып алуу аракеттери негизинен ошол аймактардын табигый ресурстарына жетишүү үчүн кылынат. Коомдордун өз ара биригүүсү жана блокторду түзүүсү негизинен кээ бир мамлекеттердин табигый ресурстарына жетишүү үчүн болот. Бул жаатта кээ бир өкмөттөрдүн кеңешчилери катары кызмат кылган бир канча жазуучулар китептерди жазышкан. Ал китептерде кээ бир мамлекеттер айрым башка коомдордун ресурстарын колго алуу максатында кандай аракеттер жасагандыгы жөнүндө кеңири токтолгон. Бул жазуучулардын баяндары канчалык даражада чын экенин алар өздөрү билишет же Алла Таала жакшыраак билет, бирок аны окуу менен пайда болгон жагдайдан өздөрүнүн жакыр мамлекеттерине чынчыл болгон адамдардын ичинде ачуулук пайда болот. Терроризм жана курал-жаракты көбөйтүү деген жарышуунун дагы бир ири себеби ушул. Бүгүнкү күндө дүйнө мурдагысынан көрө акылдуураак, түшүнүктүүрөөк жана көбүрөөк окуган деп түшүнүлөт. Өздөрүнүн окуу майданында туу чокусуна жетишкен зээндүү адамдар жакыр мамлекеттерде да жок эмес. Дүйнөнүн ири изилденүү борборлорунда өтө эле зээндүү адамдар чогуу иштеп жатышат. Мына ушундай жагдайда бардык адамдар биргелешип, ушул туура эмес ойлонуу ыкмасын жоготуп, мурда кайсы каталардын айынан кастыктар пайда болуп, коркунучтуу согуштар менен аяктаган болсо, аларды оңдоолору керек. Алла Таала тартуулаган зээндүүлүк жана илимий өсүп-өнүгүү адамзаттын пайдасына колдонулушу керек жана бири-биринин ресурстарынан пайдалануунун кандайдыр бир мыйзамдуу жол-жобосу түзүлүшү зарыл. Алла Таала дүйнөдөгү ар бир өлкөгө табигый ресурстарды тартуулаган. Ошол бардык ресурстарды эң мыкты ыкмада, дүйнө тынчтыктын борборуна айланып калчудай жемиштүү пайдаланыш керек болчу. Алла Таала бир топ өлкөлөргө ар кандай эгиндерди өстүрүү үчүн эң мыкты аба ырайы жана айлана-чөйрө тартуулаган. Эгерде айыл чарбачылыгында жаңы технология туура иш-план менен пайдаланылганда, анда дүйнөнүн экономикалык ахвалы бекемдеп, жер жүзүнөн ачкачылык жоголуп кетмек. Минералдык ресурстарына ээ болгон мамлекеттерге өсүп-өнүгүү укуктары берилип, ыңгайлуу баага көз карандысыз соода жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү берилиши керек. Ар кайсы өлкөлөр бири-биринин ресурстарынан пайда көрүүлөрү керек. Мунун туура ыкмасы ушул жана ушул эле ыкманы Алла Таала жактырат.
Алла Таала пайгамбарларды алар адамдарга аларды Алла Таалага жакындата турган жолдорду көрсөтүшсүн деп жөнөтөт. Бирок аны менен бирге Алла Таала дин мамилесинде толук кандуу эркиндик бар деп да айтат. Биздин ишенимдерибиз боюнча, өлүмдөн кийин жаза жана сыйлык берилет, бирок качан Анын жаратылышына зулумдук кылынса, ошондой эле адилеттүүлүк жана ынсаптан көз жумулса, анда Алла Таала жараткан системанын негизинде табият мыйзамдары аркылуу ушул дүйнөнүн өзүндө гана анын натыйжаларын көрүүгө болот. Мына ошондой адилетсиздиктерге адамдар тарабынан да катуу реакция көрсөтүлөт жана ошол реакциянын тууралыгына же туура эместигине кандайдыр бир кепилдик берүүгө болбойт. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жетүүнүн туура ыкмасы бул: жакыр коомдорго алардын акысы болгон макам берүүгө ар кандай аракет жасалсын.
Бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөй экономикалык алсыздык болуп, ага карыз кризиси (Credit Crunch) деген наам берилүүдө. Таң калаарлык нерсе, бул жаатта иликтенген факторлор бир эле акыйкатка ишаарат кылууда. Бул маселеде Курани Карим сүткорлукка тыюу салып, бизге туура багыт берген. Анткени, ал (сүткорлук) үй-бүлөлүк, улуттук жана эл аралык тынчтык үчүн кандайдыр бир коркунуч болгон каргыш. Бизге: «Сүткорду бир күнү шайтан жинди кылып коёт», – деп эскертүү жасалган. Мында мусулмандарга мына ошондой жагдайдан сактангыла деген эскертүү бар. Алла Таала мындай деп айткан: сүткорлуктуу соода-сатык иштерин таштагыла, анткени сыртынан караганда анын натыйжасында байлык көбөйгөндөй көрүнсө да, бирок чындыгында силер сүткорлук аркылуу ала турган акчаңар силердин байлыгыңардын көбөйүүсүнө эч качан себепчи болбойт. Сөзсүз ушундай бир убакыт келип, анын чыныгы натыйжалары чыга баштайт. Курани Карим бизге сүткорлук соода иштерин жүргүзүүгө уруксат берген жок. Бул жаатта: «Эгерде ушундай кылсаңар, анда бул нерсе Алла Таала менен согушуу дегендик», – деп бизге дагы катуураак эскерттүү жасалган. Ушул акыйкат акыркы күндөрдөгү экономикалык кризистен даана айкындашып калган. Башында адамдар кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн карыз алышчу, бирок ага ээлик укугуна ээ болуудан мурун эле карыздар болгон ахвалында өлүп кетишчү. Бирок азыр бийликтер карыздар болушту. Башкача сөздөр менен айтканда, кудум жинди болуп кеткендей сезилет. Чоң-чоң компаниялар чөгүп кетти. Кээ бир банктар ж.б. финансылык башкармалар жабылып калган же аларга финансылык тирөөч берилген. Жана ушул ахвал ар бир өлкөдө, мейли бай же жакыр болсун, көрүнүп жатат. Силер ушул кризис тууралуу менден дагы жакшыраак билесиңер. Адамдардын банктарда турган акчасы талкаланган. Эми бийликтер гана аларды кандай жана кайсы деңгээлде коргоо керектигин карашат. Бирок, азыркы убакытта жагдай ушундай: дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө үй-бүлөлөрдүн, бизнесмендердин жана бийликтегилердин бардык рухий бейпилдиги талкаланып жок болгон.
Мына ушул жагдай дүйнө бизге алдын ала эскертилген соңку натыйжаны көздөй алгалап баратат деген нерсени ойлонууга мажбур кылбайбы? Мына ушул ахвалдын акыбети кандай болорун Алла Таала жакшыраак билет.
Алла Таала бизге тынчтык жакка келгиле деп айткан. Таза соода иштери жүргүзүлүп, ресурсттар туура ыкмада ынсап менен пайдаланылганда гана буга кепилдик берилиши мүмкүн.
Ислам таалимдери жөнүндөгү жогоруда айтылган ушул бир канча ой-пикирлерди төмөнкүдөй эскертүү менен аяктайм: дүйнөнүн чыныгы тынчтыгы Алла Таала жакка кайтуу менен байланыштуу. Алла Таала колдоп, ушул нерсени түшүнүү күчүн дүйнөгө насип этсин, ошондо гана адамдар бири-биринин акы-укуктарын аткарууга жарактуу болушат. Аягында ушул жерге келип, ой-пикирлеримди укканыңар үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем.
[1] «Тафсиру Хаккий», «Ал-Касас» сүрөөсүнүн 86-аяты жана «Фатхул-Баарий фий шархи Сахихил-Бухарий», Баабу каулиллаахи таъаалаа «ва’тул-буюта», ошондой эле «Тухфатул-Ахвазий шархи Жаамиъит-Термизий», Баабу маа якуулу.
[2] «Малфузаат», 1-том, 326-бет.
[3] «Сахих Бухарий», Китаабул-Икраахи, Баабу йамийнир-ражули ли-саахибихий, 6952-хадис.