Сенегалда мечиттин ачылуусу

Алла Тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты быйыл Сенегалдын Амбур регионунда үчүнчү мечитти салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал-Хамдулиллах. Жатраа айылындагы ушул мечитке Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири урматтуу Насир Ахмад Сиддху мырза алгачкы ташын койгон. Аталган мечит 2019-жылдын Декабрь айынын акыркы он күнүндө курулуп бүткөн. Ал мечиттин өзгөчөлүгү анын кооз мунаралары. Ал мечиттин аянты эки гектор болуп, анда манго бак-дарактары тигилген. Мечиттин курулма бөлүгү 104 квадрат метрди түзөт. Ал мечитти курууда устанын ишинен башка бардык иштер акысыз, бир гана Алланын ыраазычылыгы үчүн аткарылган. Худдаамдар менен Ансаарлар кезек менен Вакар-э-Амалды жасашкан, ал эми тээ алыскы жерден суу ташуу милдети Лажна Имааиллаахка жүктөлгөн болчу. Ал-Хамдулиллах, алар өздөрүнө жүктөлгөн ушул милдетти мыкты аткарышкан. Кыскасы, ал мечитти салууда Вакар-э-Амал аркылуу ири сумма үнөмдөлгөн.
2020-жылдын 3-январында урматтуу Камаал Заян Бружа мырза (Сенегалдын 2019-жылы болгон Жалса Саланасы үчүн келген Борбордун өкүлү) жипти кесип, дуба кылып, расмий түрдө мечитти ачкан.
(Репортажды даярдаган: Сенегалда иштеп жаткан Жамаатыбыздын миссионери Зафар Икбал Ахмад Саахий)