Такыба инсанга жакындаган адам дагы сакталып алынат
Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Адамдар ар кандай балээ-кырсыктарга кабылышат, бирок такыбалар сакталышат, ал тургай аларга жакындаган адам дагы сакталып калынат. Балээ-кырсыктардын эч кандай чек арасы жок. Адамдын өз ичи ушунчалык балээ-кырсыктарга толгон экен, аны болжолдоо кыйын. Ооруларды эле алып карагыла, алар миӊдеген балээ-кырсыктарды жаратууга жетиштүү болушу керек. Бирок такыбаалуулук чеп-коргонунда болгон бирөө алардан аман калат жана андан тышта болгон бирөө жырткыч айбандарга толгон токойдо болот.
Такыба инсанга бул дүйнөдө эле куш кабарлар берилет
Такыба инсан үчүн дагы бир убада бар.لَہُمُ الۡبُشۡرٰی فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ فِی الۡاٰخِرَۃِТактап айтканда, такыбаларга ушул дүйнөдө эле чыныгы түштөр аркылуу куш кабарлар берилет, жок, андан дагы аша чаап алар вахий-аяндарга ээ болушат. Алла Таала менен сүйлөшүү бактылуулугуна ээ болушат. Алар адамдык келбетинде эле периштелерди көрүп алышат. Мисалы, Алла Таала мындай деп айтат:اِنَّ الَّذِیۡنَ قَالُوۡا رَبُّنَا اللّٰہُ ثُمَّ اسۡتَقَامُوۡا تَتَنَزَّلُ عَلَیۡہِمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُАлла – биздин Раббибиз деп, туруктуулук көрсөтө тургандар, тагыраак айтканда сыноо убагында мына ошондой адам мен тил менен берген убадамды иш жүзүндө аткарам деп көрсөтүп берет». (Малфузат, 1-том, 10-бет)