«Ар бир адам террористтердин бутасында турат» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Ар бир адам террористтердин бутасында турат» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швециянын «Швед» Радиосуна өз ой-пикирин билдирди

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 11-майында Швециянын Мальмё шаарындагы «Махмуд» мечитинде Швециянын «Швед» Радиосуна (Swedish Radio) маек берди.

Анын кеңсеси жөнүндөгү суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин Негиздөөчүбүздүн Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу деген миссиясын улантуу үчүн мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бешинчи Халифасы катары шайланган Алла Тааланын карапайым пендесимин».

2016-05-11-SE-Sveriges-Radio-Interview-2

Ахмадий мусулмандардын коопсуздук ахвалы жөнүндөгү суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакында биз Париж жана Брюсселде жасалган террордук чабуулдарда байкагандай, тек Ахмадий мусулмандар гана коркунучта болбостон, ар бир адам террористтердин бутасына айланды. Мына ошол чабуулдарды эң коркунучтуу мыкаачылык амал деп гана айтуу керек жана Ислам дининин таалимдерине бүтүндөй каршы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бир канча жылдар мурун Лахор шаарындагы эки мечитибизге чабуул жасалганда, 100 гө жакын Ахмадий мусулмандар мерт болгон. Ошентсе да, биз эч качан ызы-чуу менен жооп билдирбейбиз, тескерисинче бардык кысымдарга сабырдуулук менен чыдайбыз жана болгону дубалар менен жооп кайтарабыз».

Мальмё шаарында «Махмуд» мечитинин ачылуусу жөнүндөгү суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мечит – бул Алла Тааланын алдына жыгылып, сажда кылуучу жай. Ошондуктан, мен ушул мечитти ачкан убакытта Ахмадий мусулмандарга мечиттердин чыныгы жана тынчтык максат-мүдөөлөрү жөнүндө эскертип кетем».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via