Пешаварда бир Ахмадий мусулманга экстремисттер кол салышты

Пешаварда (Пакистан) бир Ахмадий мусулманга белгисиз экстремисттер тарабынан кол салынды
Каргашалуу окуя Пешавар шаарында болгон. Ага беш ок тийди, бирок коркунучтуу абалдан чыкы.
Акыркы күндөрдө Пешаварда Жамаатыбызга каршы иш-аракеттер күчөп бара жатат. Бүгүн эртең менен дагы экстремисттер бир бейкүнөө Ахмадий мусулманга кол салып, аны катуу жарадар кылышты.
Пакистандагы Ахмадия Жамаатынын өкүлү Салиймуддин мырзанын (Наазир Умур-э-Аама) твиттерине ылайык, 2020-жылдын 20-сентябрында Пешавардагы Ахмадия Жамаатынын 62 жаштагы мүчөсү өзүнүн дүкөнүндө күнүмдүк бизнеси менен алек болуп жүргөндө, кээ бир экстремисттер ага ок ачышты.
Анын дүкөнү Пешавар шаарынын бир белгилүү базарынын калкы жыш жайгашкан бөлүгүндө жайгашкан. Анын бутуна төрт, ал эми колуна бир ок тийген. Аллах Таала Өзүнүн ырайымы менен (муъжиза) керемет жолу менен анын өмүрүн сактап калды. Учурда ал Пешавардагы белгилүү бир ооруканада дарыланууда жана анын абалы туруктуу экени айтылууда. Аллахым ага тезирээк шыпаа берип, аны толук айыктырсын. Оомин.
Бул окуя дагы учурда өлкөдө Ахмадия Жамаатына каршы болуп жаткан толкунунун белгиси болду окшойт. Эске салсак, Мераж Ахмад аттуу бир Ахмадий мусулман ушул эле шаарда бир ай мурун 12-августта медициналык дүкөнүн жапкандан кийин үйүнө бараткан жеринен шейит болгон.
Ахмадийлер өз ишин Аллах Таалага тапшырышат. Бирок мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин жана административдик органдар Жамаатыбызга каршы иш-аракеттерге катышкан элементтерине көз жумуп койгондун ордуна, аларга конституцияга жана мыйзамдарга ылайык катуу чараларды көрүшү керек, ошондой эле башка жарандар менен Ахмадийлерди коргоодо эч кандай айырмачылыктар болбошу керек. Улуттук институттар жана бийлик органдары тарабынан белгилүү бир топко карата кодулоо коомду адилеттүүлүктөн ажыратуу коркунучун жаратып, көптөгөн бейкүнөө адамдар ушул шалаакылыктын кесепеттерин тартышат.
٭…٭…٭