Бенинде мечиттин ачылышы жана үч күндүк тарбиялык сабак

Бениндин Никки регионунда мечиттин ачылышы жана Жуггу регионунда үч күндүк тарбиялык сабак
Никки регионунда мечиттин ачылышы
Алла Тааланын берешендиги менен Бениндеги Ахмадия Мусулман Жамааты Никки регионуна караштуу Куладже деген айылда аябай кооз бир мечит салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана ал мечит 2020-жылдын 19-июнунда ачылды.
Бениндеги Жамаатыбыздын урматтуу Амири (президенти) ачылуу аземине катышуу үчүн урматтуу Ал-хажи Махмуд мырзаны өкүлү катары жөнөткөн. Аталган региондо кызмат көрсөтүп келе жаткан миссионерибиз урматтуу Адам Насир мырза аны тосуп алган. Оор кырдаал, Жамаатыбызга көрсөтүлүп жаткан каршылык жана СOVID-19 илдетинин тургандыгына карабай, 213 адам ушул кубаныч аземине катышышкан.
Ыйык Куран жана котормосу окулгандан кийин урматтуу Ал-хажи Махмуд мырза «Имам Махдий (алайхиссалам)дын келүүсү» деген темада кайрылуу жасады. Экинчи кайрылууну ошол региондогу миссионерибиз «мечиттердин маанилүүлүгү» деген темада жасады.
Үчүнчү жана акыркы кайрылууну жергиликтүү миссионерибиз урматтуу Табе Касым мырза «жамаат болуп намаз аткаруунун маанилүүлүгү» деген темада жасады.
Жуггу регионунда болуп өткөн тарбиялык сабак
Алла Тааланын берешендиги менен Бениндин Жуггу деген регионунда 2020-жылдын 24-26-июнь күндөрү үч күндүк тарбиялык сабак өткөрүлүп, ага Жуггу регионунундагы 6 дааватчы менен кошо 3 региондук жооптуу кызматчылар, Жуггу Жамаатынын төрагасы, региондук Каид Худдаамул-Ахмадия жана финансылык катчы катышышты.
Бениндин Жуггу регионунда аябай көп мусулмандар жашашат жана ар бир көчө жана аймакта түрдүү үй-бүлөлөр салган жеке мечиттерин жана араб медреселеринде окуган көп-көп имам-хатибдерди кездештирүүгө болот. Ушул айлана-чөйрөнү эсепке алып, сабакка катышкандарга тарбиялык жана талаштуу маселелерди үйрөтүү көздөлгөн болчу. Ошентип, жергиликтүү дааватчыбыз (миссионерибиз) урматтуу Ал-хажи Махмуд мырза катуу эмгектенип, Ыйык Куран, хадистер жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам), анын Халифаларынын айткандарынын негизинде Ыйса (алайхиссалам)дын каза болгондугу, Имам Махдий (алайхиссалам)дын келүүсү, Ахмадийлер менен Ахмадий эместердин ортосундагы айырма, Ахмадий мусулмандардын милдеттери деген өӊдүү темаларда докладдарды даярдап, катышкандарга окутуп-үйрөткөн.
(Репортажды даярдаган: Мунтазар Ахмад, Ал-Фазл Интернейшналдын кабарчысы)
٭…٭…٭