Коомчулуктун тынчтыгынын негизги ачкычы
Коомчулуктун тынчтыгы – бири–биринин сезимдерине кам көрүү жана башкаларды кечирүүгө байланыштуу
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:
«Эй, сүйүктүү мекендештерим! Мен бул билдирүүмдү силерге зыян келтирүү же силерди таарынтыш үчүн жасаган жокмун. Жок, мен чын дилден муну айтмакчымын: башка элдердин пайгамбарларына оройлук кылып, аларды одоно сөздөр менен эскерип турууну өзүнө адат кылып алган жана өз дининде ушул мыйзамсыз ыкманы кабыл алган, ошондой эле ушул орунсуз аралашууга колунда эч кандай далили жок элдер Кудайдын күнөөкөрү гана болбостон, тескерисинче алар адамзаттын ортосунда эки жүздүүлүктүн жана кастыктын үрөнүн себүү күнөөсүн да жасап жатышат». (Пайгам-э-Сулх, Руханий Хазайин, 23-том, 460-бет, 2008-жылы басылып чыккан нуска)
Анан мындай деп кошумчалайт:
«Ыйык Куранда Аллах бизге ушунчалык көп адеп жана ахлак сабактарын берген, ал мындай деп айткан:وَ لَا تَسُبُّوا الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَیَسُبُّوا اللّٰہَ عَدۡوًۢا بِغَیۡرِ عِلۡمٍБашкача айтканда, силер мушриктердин буттарын да сөкпөгүлө, антпесе алар силердин Кудайыӊарды сөгүшөт, себеби алар бул Кудайды билишпейт (6:109). Эми карагыла, буркандар Аллахтын таалими боюнча эч нерсе болбосо дагы, Аллах Таала дагы деле мусулмандарга буттарга каршы орой сөз сүйлөөдөн да тилдериӊерди тыйып, жумшак гана түшүндүрүп бергиле деген адеп-ахлакты үйрөтүп жатат». (Пайгам-э-Сулх, Руханий Хазайин, 23-том, 460-461-бет, 2008-жылы басылып чыккан нуска)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) дагы мындай дейт:
«Алардын арасында эӊ биринчи адеп-ахлак – бул кечиримдүүлүк. Башкача айтканда, кимдир бирөөнүн күнөөсүн кечирип жиберүү. Мында төмөнкүдөй жакшылык кылуу бар: күнөө кылган киши кандайдыр бир зыян жеткирет, ага да зыян жеткирүү, жаза бердирүү, түрмөгө салдыруу, штраф салдыруу же өзү аны жазалоого туура келип калат. Демек, эгер кечирип коюу ылайыктуу көрүнсө, аны кечирип жиберүү – бул ага карата жакшылык кылуу дегендик. Бул тууралуу Курани Каримдин таалими төмөнкүчө:وَ الۡکٰظِمِیۡنَ الۡغَیۡظَ وَ الۡعَافِیۡنَ عَنِ النَّاسِوَ جَزٰٓؤُا سَیِّئَۃٍ سَیِّئَۃٌ مِّثۡلُہَا ۚ فَمَنۡ عَفَا وَ اَصۡلَحَ فَاَجۡرُہٗ عَلَی اللّٰہِБашкача айтканда, ачуусун ичине жута турган маалында ачуусун ичине жута турган жана кечирүү маалында күнөөнү кечире тургандар жакшы пенделер (3:135). Жаманчылыктын жазасы кылынган жаманчылыкка тете. Кимде-ким күнөөнү кечирсе, натыйжасы кандайдыр бир жаманчылык эмес, оңолуу болгон маалында күнөөнү кечирсе, башкача айтканда, кечирүүгө ылайыктуу жагдай болсо, ылайыксыз жагдай болбосо, анда ал өз сыйлыгын алат (42:41)». («Ислам усулдары философиясы», «Руханий Хазаайин», 10-том, 351-бет)