Эң мыкты инсандар: Азирети Абу Талхах (разияллааху анху)
Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Абу Талхах (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны
2020-жылдын 31–январында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну
Урматтуу Бау Мухаммад Латиф Амратсарий мырзынын каза болгондугу, маркумду жакшы сөздөр менен эскерүү жана гайып жаназасын окуу
2020-жылдын 31-январь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Мунаввар Насир мырзага насип этилди.
Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:
Бүгүн мен сөз кылмакчы болгон сахаабанын аты Азирети Абу Талха (разияллааху анху). Анын түпкү аты Зайд болгон жана ал Хазраж уруусунун белгилүү адамдарынын бири болчу. Ал (разияллааху анху) Байъат-э-Акабаа Саанияда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колунда Байъат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана Бадр согушу менен бирге бардык согуштарга катышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)ну Азирети Абу Убайда бин Ал-Жаррах (разияллааху анху)га диний бир тууган кылган. Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун ыраңы буудай жана бою орточо болгон. Ал (разияллааху анху) белгилүү сахаабия Азирети Умми Сулайм (разияллааху анхаа)га үйлөнгөн. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) али мусулман болбой туруп, Азирети Умми Сулайм (разияллааху анхаа)га никеленүү тилегин жөнөткөн. Азирети Умми Сулайм (разияллааху анхаа) анын мусулман болуу шарты менен ушул тилегин кабыл кылган жана Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун мусулман болушун эле өзүнүн Махр акысы деп айткан. Бул жагынан алганда, Азирети Анас (разияллааху анху) Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун Рабийби болчу.
Азирети Абу Талха (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: Бадр согушу күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругу менен каапырлардын 24 адамын Бадрда жайгашкан бир таза эмес кудукка ыргытып жибергенбиз. Үчүнчү күнү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Бадрдан жөнөйүн деп турганда, ал кудуктун жээгине барып, ал каапырларды алардын аталарынын аттарынан чакырып, Алла Тааланын убадаларынын аткарылгандыгы тууралуу сурай баштаган. Азирети Умар Азирети (разияллааху анху) Сиз ушул маййиттер менен эмнени сүйлөшүп жатасыз деп сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын атын ортого салып, булар ал кеп-сөздөрдү силерден да жакшыраак угуп жатышат деп айтам деген.
Ухуд согушунда жеңилүү сыяктуу кырдаал пайда болгондо, адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан ажырап кетишкен, бирок Азирети Абу Талха (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында калкан болуп турган. Ал (разияллааху анху) мыкты найзачы болгон. Ухуд согушу күнү ал эки-үч жааны сындырган. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) найза атканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын артында туруп, найза кайда түшкөнүн көрүү үчүн үстүнөн карамакчы болгондо, Азирети Абу Талха (разияллааху анху) менин ата-энем сизге курман болушсун, сиз башыңызды көтөрүп, карабаңыз, антпесе кандайдыр бир найза сизге тийбесин, менин көкүрөгүм сиздин көкүрөгүңүздү тосуп турган деп айтчу.
Азирети Анас (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Талха (разияллааху анху)га мен Хайбарга сапар кылайын, мага кызмат кылуу максатында өз уулдарыңыздан бирөөнү издеңиз деп айткан. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Азирети Анас (разияллааху анху)ну алып барган. Ошентип, Азирети Анас (разияллааху анху)га Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү насип эткен.
Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хайбардан кайтып келе жатканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайы Азирети Сафиййа (разияллааху анхаа) да ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болчу. Жолдо төө үркүп кетип, эл экөөсү жыгылып түшүшкөн. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) учуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жеткен жана кабатырланып, эй, Алланын Элчичи! Жаракат алган жоксузбу деп сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Абу Талха! А дегенде, аялзатына карагын деп айткан. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхтссаалам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад Абу Талха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ашык болгон инсан болчу, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанын сактоо маселеси болгондо, ал (разияллааху анху)га башка бирөө көрүнмөк беле?
Хайбарга чабуул жасаган соң Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) унаа минип алып, Хайбар көчөсүндө өз атын чаптырган. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) башка унааны минген болчу жана Азирети Анас (разияллааху анху) дагы алар менен бирге болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айылга киргенде, Аллааху Акбар, (Алла баарынан улук), Хайбар ойрон болду деп айткан. Биз кайсы бир коомдун короосуна жайгашканыбызда, анда алдын ала Алла Тааланын азаыбнан кулактандырылган адамдардын таңы жаман болот.
Хайбардагы туткундар бир жерге чогултулганда, Дехя Калбий Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, бир кыз-кул берүүсүн суранган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) уруксат бергенден кийин Дехя (разияллааху анху) Бану Курайза жана Бану Назийр урууларынын төрагасы Хуййи бин Ахтабдын кызы Сафияны алып алган. Кийинчерээк бир киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Хуййинин кызы сизге гана ылайык деп айткан. Ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Дехя (разияллааху анху)га сиз ушул туткундардан башка бирөөнү ала бериңиз деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Сафия (разияллааху анхаа)ны азат кылып, ага үйлөнгөн.
Азирети Анас (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хунайн согушу күнү бүгүн ким кайсы каапырды өлтүрсө, ошол каапырдын мал-мүлкү ошол өлтүргөн адамга эле тиет деп айткан. Ал күнү Азирети Абу Талха (разияллааху анху) жыйырма каапырды өлтүргөн.
Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Азирети Умми Сулайм (разияллааху анхаа)нын колунда ханжарды көрүп, анын себебин сураганда, Умми Сулайм (разияллааху анхаа) Алла Тааланын атын ортого салып айтам, бүгүн эгер каапырлардын бирөөсү мага жакын келсе, анын курсагын жарып салуу ниетиндемин деп айткан. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) бул жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтып берген.
Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун үнү аябай көтөрңкү болчу. Азирети Анас (разияллааху анху)нун айтымында, кошуундун ичинде Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун үнү бүткүл жамааттан да бийигирээк болчу. Ал (разияллааху анху) 34-хижра жылы Мединада көз жумган. Азирети Усман (разияллааху анху) анын жаназа намазын окуткан. Ал убакытта ал киши жетимиш жаш курагында болчу.
Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда жихад себептүү нафл орозосун кармабайт эле. Бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондон кийин орозо айты жана курман айтынан башка күндөрүндө ал (разияллааху анху) ар дайым орозо кармачу. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үндөөсү менен бир конокту өз үйүнө алып барган. Ал убакытта конокко сунунштоо үчүн анын үйүндө эч нерсе жок болчу. Ал (разияллааху анху) өзүнүн жубайына тамак-ашын даярдоосун айтып, өз балдарын тамактандырбай уктатып салган. Анан конокко тамак тартып, чыракты түзөтүү шылтоосу менен өчүрүп жиберген. Экөө тең конокко аны менен өздөрү да чогуу тамак ичип жатышканын сездиришкен. Эртең менен таң атканда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) көрсөткөн меймандостугун аябай жактырып, Алла Таала экөөңөр кылган ушул иш-аракетиңерге аябай ыраазы болду деп айткан. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) чачын алдырганда, Азирети Абу Талха (разияллааху анху) анын чачтарынан бир аз чачын алган биринчи адам болгон.
Бир жолу Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үнүнүн алсызданып калганын сезип, Азирети Анас (разияллааху анху)нун колунан бир аз нандарды жөнөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында кээ бир адамдар отурган болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол бардык адамдарды өзүн ээрчитип, Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун үйүн көздөй жөнөп кеткен. Азирети Анас (разияллааху анху) алардан эртерээк үйгө жетип, аларга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бардык адамдар менен чогуу келе жатканынан кабар берген. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Умми Сулайм (разияллааху анхаа)га Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарды алып келген экен, бирок бизде алар үчүн жетиштүү тамак жок экен деп айткан. Умми Сулайм (разияллааху анхаа) Алла жана Анын Пайгамбары жакшы билет деп жооп берген.
Ал учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тамак-ашка береке кошулуу үчүн дуба кылган. Ошентип, ал аз эле тамакты жетимиш-сексен адам тойгончо жешкен. Мединада Азирети Абу Талха (разияллааху анху) бардык Ансарийлердин арасында эң көп курма бактарына ээ болчу. Ал бактардын арасында Бейраухаа аттуу бак ага аябай жагымдуу болчу. «Лан танаалул-бирра…» деген куттуу аят түшкөндө, ал (разияллааху анху) ощол багын садага катары берип салган, аны кийинчерээк ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык өзүнүн жакын бир туугандарына бөлүштүрүп берген.
Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир кызынын каза тапканында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна ылайык анын мүрзөсүнө түшүрүү бактысы жана сыймыгына ээ болгон.
Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун уулу ооруган эле. Ал (разияллааху анху) бир жакка кеткенде, анын жоктугунда баласы чарчап калган. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) кайтып келип, баласынын ахвалын сураганда, Умми Сулайм (разияллааху анхаа) ага мурункудан тынчыраак деп аны тынчтып, уктатып салган. Эртең менен Азирети Абу Талха (разияллааху анху)га балабыз чарчап калган, аны узатуу керек деп айткан. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) бул жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтып бергенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага дагы балалуу болуу батасын берген. Андан кийин аларда көп бала төрөлгөн. Хузур-э-Анвар бул жөнүндө Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) баяндаган кеңири маалыматтарды ортого салды.
Азирети Анас (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: мен Азирети Абу Талха (разияллааху анху), Азирети Абу Убайда бин Ал-Жаррах жана Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху)га арак ичирип жаткан элем, ошондо бирөө аракка тыюу салынды деп жар салган. Азирети Абу Талха (разияллааху анху) ал кабарды угаары менен ал идиштерди сындырып салгын деп айткан. Ошентип, Анас (разияллааху анху) бардык идиштерди сындырып жиберген.
Кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабасы Азирети Миян Нур Мухаммад Сахиб (разияллааху анху)нун уулу Бау Мухаммад Латиф Сахиб Амратсарийди жакшы сөздөр менен эскерип, анын гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады. Ал киши 26-январь күнү 90 жаш курагында Рабвах шаарында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Инаа Илайхи Раажиъуун. Маркум Мусий болгон жана Жамаатыбыздагы белгилүү миссионер урматтуу Мавлана Мухаммад Сыддык Сахиб Амратсарийдин бир тууган иниси болчу. Ал 1952-жылдын октябрь айында өзүнүн жашоосун динге арнап, өзүн Жамааттын кызматтарына сунуштаган. 1961-жылы аны катчы катары Хузур-э-Анвардын жеке катчысынын кеңсесинде кызматка дайындашкан. Ал кызмат кылган мөөнөтүнүн бардыгы 62 жыл болуп, анын ичинен 53 жылга жакын Жеке катчысынын кеңсесинде ар кандай кызматтарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Өз ишинде адис болчу. Абдан мыкты жана берилип, иштечү. Шуураа иштерин уюштурууда дагы өзгөчө кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Маркумдун артында беш кызы жана бир уулу калган. Анын каза болушунан бир нече күн мурун анын бир кызы да каза болуп калган эле.
Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумду кечирип, ага ырайым кылып, анын даражаларын көтөрсүн, ошондой эле анын балдарын жана тукумдарын да ал кылган жакшылыктарына туруктуу кылсын деп дуба кылды.