Жамаат намаздары үчүн жыйырма жети эсе көп сооп
Жамаат менен намаз окуу – бул Исламдын негизги буйругу. Бул тууралуу Ыйык Куранда аябай басым жасалган жана хадистерде дагы көптөгөн рабаяттар бар, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын белгилүү хадисинде мындай деп айтылган:
عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ، أَنَّ رَسُوْلَ اللَّهِ صَلَّى اللّٰه عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ ’’صَلاَةُ الْجَمَاعَةِ تَفْضُلُ صَلاَةَ الْفَذِّ بِسَبْعٍ وَعِشْرِينَ دَرَجَةً‘‘
(Сахих Аль–Бухарий, Китаабул-Азан, Баабу Фазли Салаатил–Жамааъти, 645-хадис)
Котормосу: Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху)дан Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Жамаат менен намаз окуу жалгыз окулган намаздан жыйырма жети пайыз жогору», – деп айткандыгы риваят кылынат.
Азирети Аллама Ибн Хажар Аскаланий (рахимахуллах) өзүнүн «Фатх аль-Барий Шарх Сахих Бухарий» китебинде бул хадисти чечмелеп, жамаат намаздарында сооп көбүрөөк болуунун төмөнкүдөй 27 себебин жазган:
- Азанчынын чакырыгын угуу менен ниет кылуу.
- Эӊ алгачкы убакытта баруу.
- Шашылбай ыңгайлуу басып баруу.
- Дуба окуп жатып, мечитке кирүү.
- Мечитке киргенден кийин эки рекет нафл намазын окуу.
- Жамаат намазын күтүү.
- Аллахтын периштелеринин ал үчүн ырайым сурап дуба кылуусу.
- Анын ага күбө болуусу.
- «Кад кааматис-Салаат» чакыруусун аткарууга мүмкүнчүлүк алуу.
- Шайтандан сактануу.
- Имамдын такбийрин күтүү.
- Саптардын түзүлүшүнө катышуу.
- Имамга моюн сунуу жана анын зарылчылыгын билүү.
- Адатта имамдын айынан каталардан сак болуу.
- Имам унутканда, «Субхаан-Аллах» деп кулактандыруу.
- Жалынып-жалбаруу маанайына катышуу.
- Жамаатка катышкандыгы үчүн өзүнүн кийим-кечеги жана сырткы көрүнүшүн жакшы кармоого умтулуу.
- Периштелерге жакындоо.
- Периштелердин окулушунан пайда алуу.
- Исламдын ураанын сыртынан орнотуу мүмкүнчүлүгү.
- Шайтандык азгырууларга каршы күрөшүү жана башкаларды үндөөгө себепчи болуу.
- Эки жүздүүлүктөн сактануу.
- Башкалардын ушактоосунан сактануу.
- Жамааттын жана периштелердин «оомийинине» шерик болуу.
- Жамааттын жалпы дубасынан жана батасынан пайда алуу.
- Жамаат системасын орнотууга жардамчы болуу.
- Бири-бири менен сүйүү жана гармония түзүү, ошондой эле жамаат мүчөлөрүнүн ал-ахвалын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
(Азирети Саййид Зайн–ул–Аабидин Валиюллах Шах Сахиб которуп-чечмелеген «Сахих Аль–Бухарий», II том, 46-47-беттен көчүрүлүп алынган, «Назаарат Ишаат Садр Анжуман Ахмадия» Пакистан, Рабвах)
(Жөнөткөн: Мухаймин Ахмад – Канада)