Балдарды тарбиялоонун эң мыкты ыкмалары
Балдарды тарбиялоонун ыкмалары: чындыкты сүйлөө, жалганчылыктан жийиркенүү жана курулай иштерден оолак болуу
Алла Таала мындай деп айтат:وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ عَنِ اللَّغۡوِ مُعۡرِضُوۡنَБаардык курулай нерселерден оолак боло тургандар. (23:4)یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ قُوۡلُوۡا قَوۡلًا سَدِیۡدًاЭй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана туура-түз сүйлөгүлө! (33:71)
Азирети Абдулла бин Амар бин Аас (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет:
«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мүнөзүндө төмөндөгү төрт белги бар адам чыныгы эки жүздүү адам: аманатка кыянатчылык кылган, сүйлөгөндө жалган сүйлөгөн, сөз бергенде, аны аткарбаган жана урушуп кеткенде, сөгүнгөн. Ушул бегилердин бирөөсү өзүндө болгон адам дагы эки жүздүү болот, качан андан кутулмайынча», – деп айткан. (Сахих Бухарий)
Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) мындай деп айткан:
«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Албетте, чынчылдык жакшылыкка багыттайт жана сөзсүз жакшылык бейишке алып барат жана адам чындыкты сүйлөй берип, а түгүл Алла Тааланын алдында «Сыддык» (чынчыл) деп жазылып калат. Албетте, жалганчылык күнөөлөргө багыттайт жана күнөөлөр тозокко алып барат. Албетте, адам жалган сүйлөй берип, а түгүл Алла Тааланын алдында «Каззааб» (жалганчы) деп жазылып калат», – деп айткан». (Сахих Бухарий)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Курани Карим жалган сүйлөөнү да ыпластык жана күнөө деп айтат. Мисалы, Алла Таала мындай деди:فَاجۡتَنِبُوا الرِّجۡسَ مِنَ الۡاَوۡثَانِ وَ اجۡتَنِبُوۡا قَوۡلَ الزُّوۡرِКарагыла, ушул жерде жалган сүйлөө бут-идолдун каршысында коюлган. Чындыгында, жалган сүйлөө дагы бут-идол деп саналат. Антпесе, адам эмнеге чындыкты таштап, башка жакка барат. Бут-идолдун астында эч кандай акыйкат болбогондой, жалган сүйлөөнүн астында дагы көз боёчулуктан башка эч нерсе болбойт. Жалган сүйлөөчүлөргө ишенич абдан аз болот, алар чындыкты сүйлөшсө дагы, буга дагы бир аз жалганчылык аралашкан жокпу деп ойлойсуң. Эгер жалган сүйлөөчүлөр өзүнүн жалганчылыгын азайтууну каалашса дагы, ал иш кыска мөөнөттө аткарылбайт, ал эми бир топ убакытка чейинки машыгуулардан кийин гана чындыкты сүйлөөгө алар адаттанышат». («Малфузаат», 2-том, 266-бет)
Анан ал (алайхиссалам) мындай деп кошумчалайт:
«Напсисинин кандайдыр бир талабы түрткү бермейинче адамзат жалган сүйлөөнү каалабайт, ошондой эле жалганчылыкка баруудан жийиркенет жана жүрөгү аны жактырбайт. Ошондуктан, кимдир бирөөнүн жалган сүйлөгөнү ачык-айкын далилденип калса, ага капа болот жана аны пас-төмөн адам деп билет. Бирок ушул эле табигый ахвал адеп-ахлак деп аталбайт, жок жаш балдар жана кем акылдар да ага амал кылуусу мүмкүн. Ошондуктан, адамзат чындыгында аны чын сүйлөөдөн тосо турган бардык напсилик каалоолорунан кутулмайынча нукура чынчыл деп аталбайт. Себеби, эгер адамзат өзүнө эч зыян келтирбей турган маселелеринде эле чындыкты сүйлөсө жана өзүнүн абийирине же мал-мүлкүнө же жанына зыян келген кезде жалган сүйлөсө же чындыкты сүйлөбөй койсо, анда кайсы жактан ал кем акылдар менен жаш балдардан өйдө турат? Кем акылдар жана жашы жетиле элек балдар дагы ошондой чындыкты сүйлөбөйбү? Дүйнөдө эч бир түрткүсүз, жөндөн-жөн жалган сүйлөй турган адам болбосо керек. Демек, кандайдыр бир зыян келген учурда сүйлөнбөй калтырылган чындык нукура адеп-ахлакка такыр кирбейт. Чындыкты сүйлөөнүн эң ыңгайлуу кырдаалы – бул адамдын жанына же мал-мүлкүнө же абройуна жарака кете турган кез». (Ислам окууларынын философиясы, Руханий Хазайин, 10-том, 360-бет)
Анан ал (алайхиссалам) дагы бир жерде мындай деп айтат:
«Бир жолу Амритсарга бир макала жөнөткөндүгүм эсимде бар. Аны менен бирге бир кат дагы бар болчу. Ал Рулья Раам мырзанын «Вакийл-э-Хинд» аттуу газетасы жөнүндө болчу. Мен жөнөткөн ошол катты почта кызматынын мыйзамына каршы деп, мага каршы иш козголгон. Адвокаттар дагы ушул каттан баш тартып коюдан бөлөк кутулуунун бир дагы жолу жок экенин айтышкан. Тактап айтканда, жалган сүйлөөдөн бөлөк кутулуп болбойт. Бирок мен муну такыр эле жактырган жокмун жана эгер чындыкты сүйлөө менен мага жаза берилсе, бериле берсин, мен жалган сүйлөбөйм деп айтканмын. Акыр, ал иш сотто каралган. Почта кызматынын офицери доочу катары катышкан. Ал (кат) жөнүндө менден суралган кезде, мен ачык-айкын бул мен салган катым болот, бирок мен аны аталган макаланын эле бөлүгү деп ичине салган элем деп айткам. Сот муну түшүнүп жана Алла Таала ага акыл-парасат берген. Почта кызматынын офицери күчтүү басым жасаган, бирок ал ага такыр көңүл бурбай, мени актап салган. Мен жалган сүйлөмөйүнчө иш жүрбөйт деп кантип айта алам? Мына ушул сыяктуу кептер болгону курулай сөздөр гана. Чындыгында, чындыксыз иш жүрбөйт деш керек. Мен бүгүнкү күнгө чейин ушул окуяны эстегенимде, Алла Таалага жан баскандыгым үчүн кандайдыр бир рахатты сезем. Ал (Алла) бизге көңүл бурган жана ушундай колдоо көрсөткөн, ал кандайдыр бир жышаан болуп калды. Ким Аллага тобокел кылса, Ал (Алла) ал үчүн Жетиштүү (65:4)». (Малфузаат, 4-том, 636-бет)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Биринчи Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Адамзат жалган сүйлөөдөн өтө эле сак болушу керек. Карагыла, эки жүздүүлүк сыяктуу күнөө жана илдеттин себеби дагы ушул жалган сүйлөө гана. Ал ушунчалык катуу эки жүздүүлүк, ал тууралуу мындай деп айтылат: «Фа-хум лаа яржиъуун» (алар кайтышпайт). Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эки жүздүүлүктүн белгилерин айтып берген жерде, эки жүздүүгө аманат берсеңер, ал кыянатчылык кылат, урушканда, оройлук кылат, сөз бергенде, аны аткарбайт жана сүйлөгөндө, жалган сүйлөйт деп айткан. Ыйык Куранда жалган сүйлөгөндөргө наалат жиберилген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан момун баланча күнөөлөрдү жасашы мүмкүнбү деп суралганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба!» – деп жооп берген. Ал эми жалган сүйлөө туурасында суралганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жок!» – деп жооп берген. Кыскасы, жалган сүйлөө өтө эле жаман илдет болуп саналат, момун-мусулман андан ар дайым сак болушу керек». (Хакайикул-Фуркаан, 1-том, 91-92-бет)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Жалган сүйлөгөндөрдүн балдары дагы жалганчылар болушат. Баланын көзүнчө жалган сүйлөнүлүп жаткан болсо, эч нерсе эмес, ал жаш бала деп эч качан ойлобогула… Баланы алдоо өтө кыйын… Бала жалган сүйлөбөсүн деп аны катуу көзөмөлдөө керек. Аны эр жүрөк кылууга аракеттенүү керек жана ага эгер кетирген катаңды туура моюнга алсаң, анда сага эч кандай жаза берилбейт деп жакшылап түшүндүрүп коюу керек. Бала чындыкты сүйлөөгө адаттанып калганда, анын мүнөзү ушунчалык бекемделип калат, ал дүйнөдө эч качан кордолбойт… Балдар улуулар менен мамиледе болушканда дагы жалган сүйлөөдөн оолак болушсун жана Алла Таала менен болгон алака-байланышында намаз окууга адаттанып калышсын деп аракет кылгыла. Эгер ушул эки маселеде көзөмөлдүк кылынса, анда жакшы өнүгүү болуп калат». (Хутбаат-э-Махмуд, 13-том, 645-бет)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Үчүнчү Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп айтат:
«Эгер кимдир бирөөгө жалган деген жалаа жабылса, ошондо башка зыяндардан тышкары, анын көңүлү дагы калат. Эч кимди жалган сүйлөдү деген айыпты койбош керек, мейли ал динсиз болсун, христиан болсун, яхудий болсун, хинди болсун, перс болсун, ким гана болбосун, дин безер же жалганчы дин ээси болсун, кыскасы, ким гана болбосун, силер аны жалганчы деп айтпагыла, жалаа жаппагыла, доомат кылбагыла, мунун бардыгы башка жамандыктардан тышкары, анын сезимдерине тиет. Ким гана болбосун, ар бир адамдын сезимдерин сыйлашыбыз керек. А түгүл анын мал-мүлктөрүн урматтышыбыз керек, анын кадыр-баркын көтөрүшүбүз керек, анын өмүрүн коргошубуз керек. Адам болгондон кийин ошондой кылуу зарыл. Мусулмандын жашоосун коргоо башка мусулмандын милдети, ал эми мусулман эместердин жашоосун коргоо милдет эмес деп айтылан эмес. Жок, биз ар бир жандын ыйыктыгын орнотуп, аны коргоо жоопкерчилигин мусулман үммөтүнө жүктөп койгонбуз деп айтат. Бул жагынан, араб эместердин арабдардан артыкчылыгы жок жана арабдардын араб эместерден үстөмдүгү жок, мусулман эместердин мусулмандардан артыкчылыгы жок жана мусулмандардын мусулман эместерден артыкчылыгы жок. Бардыгын сезимдер жагынан бирдей даражага тургузуп койгон жана бул кичине нерсе эмес. Бул жагынан алганда, чоң көрсөтмөлөр берилген экен, бирок биз гана кээде көңүл бурбай коёбуз жана бир тууганыбыздын намысына тие турган тамаша сөздөрдү сүйлөп коёбуз. Мындай кылууга болбойт. Бул Алла Тааланын каарына себепчи болот. Демек, адамга анын сезимдерин аябай кам көрүп, канчалык чоң жакшылык кылынган экен». (Хутбаат-э-Насир, 3-том, 74-бет)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Төртүнчү Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп айтат:
«Бул чынчылдык гана адамдын жашоосуна жардам берет. Чындык менен гана дүйнөлүк ийгилик насип этилет жана чындык менен гана диний ийгилик насип этилет, чындык менен гана материалдык өсүп-өнүгүүлөр насип этилет жана чындык менен гана руханий өсүп-өнүгүүлөр насип этилет. Калп бул жерде дагы туруктуулук көрө албайт, ал жерде дагы ийгилик көрө албайт. Ошондуктан, эй, балдар! Дүйнө жүзүндөгү ийгиликтүүңөрдүн сыры дагы чынчыл болууңарда жана диний өсүп-өнүгүүңөрдүн сыры дагы силердин чыныгы Ахмадий болууңарда. Чындыкты бекем кармагыла жана калпты угууга дагы макул болбогула. Эгер балдардын бирөөсү тамаша катары жалган сүйлөсө да, анын калпына такыр күлбөгүлө. Жок, ага таң калып карап, ага эмнени сүйлөп жатасың? Бул тамаша эмес деп айткыла. Эгер тамашалагыңыз келсе, чыныгы тамаша сөздөрүн сүйлөгүлө. Бири-бириңерге анекдот айтып бергиле жана чечендик өнөрүн үйрөтө турган сыяктуу кеп-сөздөрдү айтып бергиле. Калптын көңүл ачуучулук менен кандай байланышы бар? Бул ыпластык. Кайда гана калпты көрбөсөңөр, аны басаңдатып, ага жол бербегиле. А түгүл, эгер ата-энеңер ушундай адатка ээ болушса, аларга дагы адептүүлүк менен: «Эй, ата жана апа! Силер бизге чындыкты үйрөтүшүңөр керек болчу. Эмне кылып жатасыңар же эмнени айтып жатасыңар? Ахмадий мусулман болуп туруп, жалган сүйлөйсүңөрбү? Бул силерге жарашпайт» – деп айткыла. Ошентип, эгерде бардык балдар чындыкты айтууну адат кылып алышса, анда алар Алла Тааладан канчалык көп нээматтар жана берекелер насип этилишине күбө болушат. Кудайды чынчылдар гана табышат. Эгер чынчыл болсоңор, анда ушул жаш кезиңерден эле Кудайды таба аласыңар, эгер силер ушул жашта калп айтууга көнүп калсаңар, анда сиз чоңойгонуңарда өзүңөр дагы Кудайдын ырайымына ээ боло албайсыңар жана дүйнөнү дагы Аллага чакыра албайсыңар. Ошондуктан, мен бардык балдарга ар дайым чындыкты сүйлөгүлө жана чындыкты бекем туткула деп баса белгилеп айтам». (Машъал-э-Рах, 3-том, 200-бет)
Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:
«Андан тышкары, жалган сүйлөө деген жаманчылык бар, адам кичинекей кыйынчылыкка туш болуп жатса дагы, андан сактануу үчүн жалганга таянып алат. Таң калыштуусу, калп айтуу жаманчылык деп эсептелбейт. Чындыгында, калп айтуу – бул бардык жамандыктардын тамыры. Ушул себептен, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жамандыктан арылууну сураган адамга, эгер бардык жамандыктардан арыла албасаңыз, анда бир жамандыкты таштап салыңыз, ал – жалган сүйлөө, ар дайым чындыкты гана сүйлөйм деп убада бериңиз деп айткан. Азыр кээ бир адамдар сотто жалган күбөлүк берүүнү гана жалган деп эсептешет. Эгер уурдап жатып, кармалып калса, ошондо калп айтуу менен өз жанын сактап калууга аракет кылат. Эгер кимдир бирөө адеп-ахлаксыз иш кылган болсо, анда калп сүйлөп коёт. Же кимдир бирөөгө каршы жалган күбөлүк берип, бирөөнү жөндөн жөн кыйынчылыкка учуратып жиберет. Албетте, мунун бардыгы жалган, бирок анча чоң эмес, майда барат калптарды айтуу дагы жалган болот.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге бир мисал келтирди. Андан калптын аныктамасы эмне экендиги ачык-айкын болот. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Ким кичинекей балага: «Кел, мен сага бир нерсе берем», – деп айтса, бирок ага эч нерсе бербесе, анда бул жалган деп эсептелет», – деп айткан». Бул калптын аныктамасы. Эми, ар бирибиз өзүбүзгө көз салсак, күнүнө канча жолу майда-чүйдө нерселерди калп айтканыбызды билебиз. Канчалаган калптарды тамашалап гана айтып коёбуз. Демек, эгер биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөлөрүнө ылайык, буга терең көңүл бурсак, ошондо гана биз өзүбүздөн жана балдарыбыздан жалган деген каргышты жоготушубуз мүмкүн». (Хутбат-э-Масрур, 3-том, 287-бет)
Андан кийин Азирети Амирул-Му’минийн (ага Алла Таала Жардамчы болсун) мындай деп айтат.
«Балдар үчүн бул коомчулуктагы мектептерде чындыкты сүйлөө өтө маанилүү жана мектептерде чындыкты айтуу керек деп айтылат жана үйрөтүлөт. Ошентип, бала үйгө келгенде, чындыкты айтуу адаты жок ата-энелер кээде балдарга дагы атайылап же билбестен калп айтууну үйрөтүп коюшат. Мисалы, үйдө эс алып жаткан болушат, ошондо Жамаат кызматчыларынын бирөөсү, финансылык катчы же президент же эркек киши же Лажна[1] мүчөсү болгон бир аял бир жумуш менен келсе, баласына: «Барып, ал киши үйдө жок деп кой», – дешет. Бул бир гана мисал. Ушул сыяктуу көптөгөн кичинекей мисалдар бар. Алардын саны аз болсо дагы, биз чындыкка негизделбеген кичинекей санына да чыдай албайбыз. Анткени бул кичинекей сан дагы балдарды үйүнөн туура эмес нерсени үйрөнүп жаткан болушат. Бир жагынан, алардын өзүлөрү динден алыстап бара жатышат, себеби алар мектепте бизге чындыкты сүйлөөгө үйрөтүлүп жатат жана ата-энебиз дин – бул чыныгы нерсе, намаз окуубуз керек, жакшы иштерди жасашыбыз керек дешет, бирок алар иш жүзүндө – бирөө менен жолугушуудан качып, бир кичинекей нерсе үчүн жалган сүйлөп жатышат деп ойлошот. Эмне үчүн мен азыркы учурда сиз менен жолугуша албайм деп ачык сөздөр менен айта алышпайт? – деп ойлошот. Андан тышкары, ошондой бала өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү балдарды дагы бузуп жаткан болот. Менин энем кичинекей нерсе жөнүндө калп айткан же атам калп айткан, бул кандай окуу? – деп ойлойт. Ошентип, бала өз ата-энелеринин мына ошондой иш-аракеттерин көргөндө, ал (динден) алыстап кетет. Ошондуктан, келечек тукумуңарды сактап калуу үчүн буларды кичине нерсе деп ойлобогула». (Машъал-эРах, 1-том, 77-78-бет)
[1] Он беш жаштан өйдө жаштагы Ахмадий мусулмандар аялдардын уюму «Лажна Имааиллах» деп аталат.