Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Франкфурт, Германияда жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Франкфурт, Германияда жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад учурдагы иш сапарынын кут-берекелерин жана Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылтуу мүмкүнчүлүгүн чагылдырды

2016-жылдын 9-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитинде өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.

Өзүнүн кутбасында ал киши жакында болуп өткөн Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасында (Жылдык Жыйын) күбө болгон Алла Тааланын кут-берекелерин чагылдырды.

2016-09-09-de-fs-002

Ал киши мындай деди: үч күндүк аземди уюштуруу зор-күчтүү деңгээлдеги уюштуруучулук жана аракеттерди талап кылат. Бүткүл Германиядан миңдеген Ахмадий эркектер, аялдар жана балдар ыктыярдуу түрдө өздөрүнүн кызматтарын сунушташты.

Ал киши мындай деди: ушул максат үчүн өздөрүнүн убакыттарын бөлгөн ыктыярдуу түрдө кызмат көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирүү Жалсага катышкандар жана МТА Интернейшнал аркылуу аны көргөндөрдүн милдети болуп саналат.

«Жалса Салананы уюштурууга аракет кылып, ага өз убагын бөлгөн бардык Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар биздин ыраазычылыгыбызга жана чын жүрөктөгү ыраазычылыкка татыктуу. Алар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын конокторуна көрсөткөн кызматтары үчүн мен жеке өзүм алардын баарына ыраазычылык билдирем. Алла Таала алардын баарына сыйлыгын берсин».

2016-09-09-de-fs-003

Ал киши мындай деди: Жалса Салана Ахмадий мусулмандар үчүн руханий жашартуунун куралы болгондугу менен бирге Ахмадий эмес бир топ адамдарга таасир этип турат.

Жыйырма чакты адамдар аталган аземде Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин көрүп, Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушту.

Андан кийин ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөсү болбогон кээ бир коноктор алган оң таасиринен турган айрым окуяларды айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жалса Салананын руханий айлана-чөйрөсү адамдарды Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери менен кулактандыруунун билинбеген жол-жобосу. Ошондуктан, ар убакта эң мыкты иштерди кылуу жана эң жогорку даражадагы адеп-ахлактарды даңазалоо ар бир Ахмадий мусулман үчүн зарыл. Башкаларды ыраазы кылуу же аларга таасир этүү максат-мүдөөбүз эмес, анын ордуна өз сөздөрүбүз жана амалдарыбыз менен Ислам дининин чыныгы жана куттуу таалимдерин сунуштоо максат-мүдөөбүз болуп саналат».

Ал киши аталган аземге катышып, Жалса Саланадагы аялдар бөлүмүндө бир күндү өткөрүүнү чечишкен мусулман эмес аялдар тобунан сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ал аялдар аялдардын арасында болуп, өтө ыракаттанууну, ошондой эле эркиндик менен азаттык түшүнүгүн сезишкенин ачык-айкын билдиришти».

Ал киши Германияга жасаган иш сапарынын аралыгында жүз берген башка ырасмий алектенүүлөр, алардын катарында эки мечиттин ачылуусу жана дагы эки мечитке алгачкы таш коюу церемониялары жөнүндө да сөз кылды.

Ал киши мындай деди: Изерлон деген шаарда ачылган мечиттын ачылуу аземинде «эмнеге мусулман эркектер жана аялдар кол алышып башкалар менен көрүшпөйт» деген суроого жооп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Ал киши ушул диний таалимдин даанышмандуулугун жана колдонулгандыгынын себептерин түшүндүрдү жана башка адамдар ушул ишенимдерди сыйлоо керектигин айтты.

Ал киши мындай деп кошумчалады: мусулмандар өздөрүнүн таалимдерин кылдаттык жана этияттык менен сунуштоолору керек, катаалдык менен эмес.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дин жүрөк мамилеси болгондуктан биз ишенимдерибизди кабыл алууга эч кимди мажбур кыла албайбыз. Ошол эле учурда башкалар биз жөнүндө кантип ойлошоор деп ишенимдерибизден уялбашыбыз керек. Ислам дининин таалимдери өтө эле тең салмактуу жана даанышмандыкка жык толо, ошон үчүн бир дагы Ахмадий мусулман басынуу же комплексин сезимине ээ болбошу керек. Биз ар дайым өтө бийик адеп-ахлактарды көрсөтүүбүз керек жана ишенимдерибиз боюнча кайраттуу болушубуз керек».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via