Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Бельгиядагы террористтик чабуулдарды сынга алды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Бельгиядагы террористтик чабуулдарды сынга алды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси БЕЛЬГИЯДАГЫ ТЕРРОРИСТТИК ЧАБУУЛДАРДЫ сынга алды жана жабыркагандар үчүн дуба кылды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) мурдакы күнү Брюсселде болгон террористтик чабуулдарды катуу сындады.

Лондондон сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын атынан Брюсселде орун алган мыкаачылык террористтик чабуулдардан кийин бельгиялыктарга терең боорукерлик менен кайгыруумду билдирем. Мына ошондой жийиркенчтүү жана бүтүндөй жапайчылык чабуулдар мүмкүн болушунча катуу сындалуусу керек».

Кандай гана жагдай болбосун, Ислам дини эч бир көрүнүштөгү терроризмге же бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө уруксат бербейт. Курани Карим мындай деп айтат: а түгүл бир эле бейкүнөө адамды өлтүрүү бүткүл адамзатты өлтүрүү менен тете. Ошондуктан, Ислам дининин атынан ушул сыяктуу мыкаачылыктарды жасагандарды эч кандай актоого болбойт. Алар Ислам динин жаманатты кылып, дүйнөнүн тынчтыгын талкалап жатышат.   

Чын жүрөктөн чыккан дубаларыбыз ушул чабуулдардан жабыркагандар жана бардык таасирленгендер менен бирге. Ушул мыкаачылык амалды жасагандар дароо жоопкерчиликке тартылсын».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via