Уолсоллдо Жаӊы Ахмадия Мечити ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Уолсоллдо Жаӊы Ахмадия Мечити ачылды

мечит

Уолсоллдо Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан Жаӊы Ахмадия Мечити ачылды

«Бизди динибиз адамдарды эч качан күч колдонуу же коркутуп-үркүтүү менен эмес, тескерисинче мээримдүүлүк жана сүйлөшүүлөр аркылуу бириктирүүгө умтулат», – Азирети Мырза Масрур Ахмад

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2018-жылдын 12-майында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Англиянын Уэст-Мидлендс аймагына караштуу Уолсолл шаарында «Байтул-Мукийт» (Эӊ Күчтүү Алланын Үйү) мечитин ачты.

мечит

Улуу Урматтуу Халифа келип, эстелик тактасын ачуу менен расмий түрдө мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, кол көтөрүп дуба сурады. Андан кийин жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга кайрылуу жасоодон мурун аталган мечитте пешин жана дигер намаздарына имамчылык кылды.

Кийинчерээк аталган мечиттин ачылуусун белгилөө максатында өзгөчө бир жыйын өткөрүлүп, ал жыйынга бир топ сыйлуу меймандар жана коноктор катышышты.

Аталган кеченин негизги бөлүгү Азирети Мырза Масрур Ахмад жасаган тарыхый кайрылуусу болуп, анда ал киши чечкиндүү түрдө Ислам дини ар түрдүү терроризм жана экстремизмди четке кагат деп айтты.

мечит

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатына мечит салууга уруксат бергендиги үчүн жергиликтүү элдин

«ачык жүрөк жана жарык көз караш ээси»

экендигине баа берди. Бул диний эркиндикке каршы, кээ бир башка өлкөлөрдө Ахмадий мусулмандар куугунтукка кабылып жатат, алар ачык жана эркиндик менен өз динине да амал кыла алышпайт.

Ал Азирети жаңы мечиттин ачылышы жөнүндө жергиликтүү элдин оюнда болушу мүмкүн болгон кабатырларды кетирүү менен өз кайрылуусун баштады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силердин араӊардан кээ бир адамдар, мейли кошуналарыбыздан болсун же башка коноктордун арасынан болсун, бул мечит тууралуу бир аз коркуу жана кабатырлануу сезимине ээ болушу мүмкүн. Силер бул коомчулукта бөлүнүү үрөнүн себүүгө же ар кайсы топтордун ортосунда кагылышууларды күчөтүүгө колдонулат деп ойлошуӊар мүмкүн».

мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Албетте, мен абдан баалайм жана ушундай кабатырланууӊарды түшүнөм, анткени биз бардык адамдар ушул трагедиялуу фактыга күбө болгонбуз, акыркы мезгилде кээ бир атынан эле мусулман деп аталгандар бул жерде – Улуу Британияда да жана чет өлкөлөрдө да мыкаачылык террордук амалдарды жүргүзүп жатышат.  Мындай жаман актылар мусулман эместердин арасында коркуу климатын жараткан, ошол эле учурда, Ислам динин жаманатты кылууга да кызмат кылып жатат».

Ал Азирети кээ бир мусулман жаштардын экстремисттик топторго кошулуу үчүн Уолсоллдон чет өлкөгө кетишкендиги жөнүндө да айтылат деди.

Экстремисттик топторго кошулуу максатында чет өлкөлөргө кетишкен мусулмандарга ишаарат кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Балким, алар биз Ислам динин коргоо максатында согушканы кетип баратабыз деп ойлогон болушу керек, бирок чындыгында алар жасап жаткан мыкаачылыктары жана жаман актылары Ислам дининин нукура окууларын бүтүндөй жаманатты кылууда жана алар өкүлүбүз деп атаган дининен бүтүндөй бейкабар экенин далилдеп жатат».

мечит

Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда мусулмандар кылган согуштары «агрессивдүүлүк же жерлерди басып алуу» үчүн кылынбагандыгын, тескерисинче, «дин тутуу эркиндиги» деген эл аралык принципти коргош үчүн акыркы чара катары кылынган коргонуу согуштары экенин түшүндүрдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Карим ачык-айкын бардык ишенимдерди жана бардык диндердеги адамдарды коргоо, ошондой эле бардык сыйынуу жерлеринин ыйыктыгын сактап калуу мусулмандардын милдети экенин айткан. Ал ишеним эркиндигин Исламдын ажырагыс жана маанилүү принциби деп бекитет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгерде араӊардан кимдир бирөө ушул мечит ырайымсыз жана таш боор адамдар менен толгон экстремизм борбору болот деп кооптонуп жаткан болсо, анда мен башында эле силерди ынандырып кетейин. Биздин динибиз адамдарды эч качан күч колдонуу же коркутуп-үркүтүү менен эмес, тескерисинче мээримдүүлүк жана сүйлөшүүлөр (диалог) аркылуу бириктирүүгө умтулат. Ислам дини толугу менен экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн четке кагат. Бул маселеде эч кандай так эместик же шек-күмөн жок».

Ал Азирети Курани Карим Алла Тааланы бардык Жаратылышка ырыскы берүүчү «Бардык ааламдардын Эгеси» экенин айтканын түшүндүрдү. Ошондуктан, чыныгы мусулмандар мусулман эместерге карата эч кандай мыкаачылык же адилетсиздик кылуусу мүмкүн эмес.

Ал Азирети мечиттердин бардык тынч адамдар үчүн ачык экенин, ошондой эле ынтымак жана биримдик белгиси катары иш экенин да айтты.

мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мечиттердин адамзат үчүн ачык экендиги Ислам дининин негизги принциби болуп саналат жана Алла Таала адамдарды мечитке кирүүдөн тосуу чоӊ ырайымсыздык жана адилетсиздик экенин айткан».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Мен чыныгы мечиттер Кудайга сыйынуу үчүн бардык адамдар үчүн ачык, ошондуктан Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган ар бир мечиттин эшиктери, дүйнөдөгү кайсы гана жерде болбосун, бардык диндердеги жана ишенимдердеги адамдар үчүн ачык экенин дагы бир ирет баса белгилеп айтам».

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүн сунуштап, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өмүр бою адамзатты бириктирүү жана түрдүү жамааттар жана ишенимдеги адамдардын ортосунда көпүрө курууга умтулган. Ал ишенимдер аралыгында диалогду каалаган жана ар дайым башка адамдардын сезимдерин эч качан унуткан эмес».

Ал Азирети мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз мечиттинде табынуу үчүн Нажран шаарынан келген христиан өкүлдөрүнө өздөрүнүн каада-салттары жана ишенимдерине жараша уруксат бергенде,

«бардык мусулмандар үчүн баш ийүү үчүн диний сабырдуулуктун түбөлүк үлгүсүн»

калтырган.

Кийинчерээк Ал Азирети Ахмадий мусулмандардын интеграция табуусу жана өздөрү жашаган коомдоруна салым кошкондугу жөнүндө айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхы төмөнкүдөй акыйкатты тастыктайт: жакында жергиликтүү адамдар, биз кайсы гана жерде мечит салбасак, Ахмадий мусулмандар сыйынуу үчүн чогулушкан жерде, тынчтыкты жайылтуу үчүн, ошондой эле өздөрүнүн кошуна жамааттарына жана бардык коомчулугуна кызмат кылуу үчүн да чогулуп жатышканын өздөрү көрүп алышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад андан ары мындай дейт:

«Биз ушул жерде бул мечитти куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуубуз бул шаардын жана анын элинин улуу колдоосу деп ойлойбуз… Биз бул колдоону унутпайбыз, бул жакта жашаган адамдарга кам көрүү, бул элге ишенимдүү болуу, силерге кызмат кылууга ар дайым даяр болуу жана керектүү жерде жардамыбыз жана көмөгүбүздү сунуш кылуу биздин диний милдетибиз деп ойлойбуз».

Андан кийин Ал Азирети мындай деди: Ислам динине ишенгендиги үчүн Ахмадий мусулмандар дүйнө жүзүндө гуманитардык проекттер менен алектенип жатышат. Ал киши Ахмадия Мусулман Жамааты Африкада мектептер жана бейтапканаларды ачкандыгын, ошондой эле тээ алыскы жана өтө артта калган айылдарда электр энергиясы жана суу менен камсыз кылып жаткандыгын айтып берди. Ал киши Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн жасап жаткан иш-аракеттери үчүн эч кандай сыйлык же мактоону күтүшпөйт деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Башкаларга жардам берүү жана адамзаттын денелик жана психикалык азап-тозокторун алып салуу биздин максатыбыз жана ишенимибиздин ажырагыс бөлүгү болуп саналат… Биз аларга жакшылык кылып жатабыз деп ойлобойбуз, тескерисинче, башкаларга кызмат кылуу деген милдеттерибизди аткаруу үчүн алар бизге жардам берип жатышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Бул чыныгы Ислам дини. Ал мээримдүүлүк жана кечиримдүүлүктүн дини, ал сүйүү-махабат адамкерчилик күчү менен бизди бөлүп жаткан адилетсиздик дубалдарын кулатат».

Өзүнүн кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба сураган:

«Мен чын жүрөктөн бул мечит бүт коомчулук үчүн жарык мунарасы болуп далилденcин, ошондой эле ынтымак, биримдик жана тынчтыктын символу катары кызмат кылсын деп дуба кылам».

Буга чейин ар кандай конок баяндамачылар мечиттин ачылышы менен Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктап сахнага чыгышты.

Уэст-Мидлендст үчүн Войс Лорд-Лейтенант, Доктор Беверли, ОБЕ OD мындай деди:

«Бүгүнкү күн эл катары үзгүлтүксүз толуктуулугубузду көрсөтүп жатат. Ахмадия Мусулман Жамааты «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге» деген урааныӊар ар бир амалыӊарда байкалып турат».

мечит

Бирмингемге караштуу Селли Оак аймагынын депутаты Стив МакКейб мындай деди:

«Мен мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тынчтыкты өнүктүрүү жана колунда жокторго көмөк көрсөтүү боюнча жасап жаткан үлгүлүү ишиӊерге баа бермекчимин… Силер Пакистанда куугунтукка жана коркутуу-үркүтүүлөргө кабылгансыӊар, мындай кырдаалда артка чегинүү ою пайда болот, бирок Ахмадия Мусулман Жамааты адамдарды чакырып жаткан «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге» деген ураанды иш жүзүндө аткарып келе жатат».

Түштүк-Батыш Вулвергемптонтун депутаты Элеонор Смит мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар жакшылык жана кайрымдуулук жөнүндө сүйлөшөт, мен силердин Уолсолл шаарында бул кереметтүү жаңы мечитти ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуӊарга абдан ыраазымын. Менин жеке көз-карашым боюнча Кудайга ишенүү адамдар үчүн да, коомчулук үчүн да жакшы».

Уэст-Мидлендст үчүн болгон депутат Билл Этеридж мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты Уэст-Мидлендст эли үчүн кредит болуп саналат. Мен жергиликтүү Ахмадий мусулмандардан жакшыраак адамдар жок деп ойлойм… Мен көп убакыт бою бул күндү эстеп турам жана түбөлүккө Ахмадий мусулмандарды урматтайм».

дуба

Расмий сессия Ал Азирети алып барган дуба менен аяктады.

Буга чейин, жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга карата жасаган кайрылуусунда, Азирети Мырза Масрур Ахмад жергиликтүү Ахмадий мусулмандар «Ислам дининин чыныгы элчилери» болуп, алар коомчулукта бар Ислам дини жөнүндө туура эмес түшүнүктөрдү алып салышат деген ишенимин билдирди.

мечит

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Чектеш темалардын мазмуну
Share via