Германиядагы Жамия Ахмадияда тарыхый диплом тапшыруу аземи болуп өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы Жамия Ахмадияда тарыхый диплом тапшыруу аземи болуп өттү

17 бүтүрүүчү Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлери катары катталышты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: Германиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Университети) экинчи диплом тапшыруу аземи 2017-жылдын 22-апрелинде Германиядагы Жамия Ахмадиянын имаратында болуп өттү.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) аталган аземге төрагалык кылып, тарыхый кайрылуусун жасады.

Аземде Азирети Мырза Масрур Ахмад 16 бүтүрүүчүгө алардын «Шахид» деген күбөлүктөрүн тапшырды жана ушинтип алар Ахмадия Мусулман Жамаатынын официалдуу миссионерлери жана имам-хатибдери болуп калышты. Андан тышкары, бүтүрүүчүлөрдүн бири «Мубашшир» деген күбөлүк менен сыйланды. Германиядан тышкары, Болгария, Франция жана Швецариядагы бүтүрүүчүлөр да бар болчу.

Дипломдорду тапшырган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад ыйманды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасап, жаӊыдан диплом алышкан миссионерлерге түшкөн алардын өтө чоң милдеттерин эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад бүтүрүүчүлөргө кайрылып, мындай деп айтты:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адам баласы өмүр бою илим алышы керек деп айткандай, силер жеке адам катары өз билим деӊгээлиӊерди өнүктүрүүгө тынбай аракет кылууӊар керек. Ошол эле учурда силер Жамаат мүчөлөрүнүн руханий жана адеп-ахлактар деӊгээлин көтөрүүгө да аракет кылууӊар керек, ошондой эле туш тарапка Ислам дининин чыныгы жана тынчтык кабарын үгүттөп турууӊар керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Өз милдеттериӊерди аткаруу үчүн Алла Таала менен күчтүү жана түбөлүк алака-байланышыӊарды өнүктүрүү силер үчүн өтө эле зарыл. Эгерде Алла Таала менен мына ошондой жеке алака-байланышыӊар болбосо, анда дин иштерин дүйнө иштеринен жогору коюу деген убадаӊарды аткара албайсыӊар, ошондой эле башкаларды Алла Таалага жакындатуу деген милдетиӊерди да аткара албай каласыӊар».

Үзгүлтүксүз билим алуунун маанилүүлүгү жөнүндө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Өз ибадатыӊарга көӊүл буруудан тышкары, силер Ыйык Курандын тереӊ маанилерине көӊүл буруп, анын тафсирин (чечмелерин) окууӊар керек. Силер күндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын китептерин окуп турушуӊар керек, себеби алар Курани Каримдин эӊ мыкты тафсири болуп эсептелинет. Эгерде силер Курани Каримдин чыныгы билимин өздөштүрүп алсаӊар, анда силер Ислам динине каршы көтөрүлө турган суроолор жана сын-пикирлерге жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп каласыӊар».  

Ал Азирети эмне гана болбосун, Ахмадий мусулман миссионерлери Ислам дини жөнүндө эч качан канааттандыраарлык комплекске кирип же уялууга дуушар болбой, өз ишенимине бекем болуулары керек деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Миссионерлер катары силер эч качан Ислам дининин негизги шарттарынан жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын окууларынан четтебешиӊер керек. Мейли медианын баракчалары силерге каршы жазылса да же бүтүн газета силерге каршы басылса да. Кандай гана жагдайлар болбосун, силер өз ишенимдериӊерге бекем болушуӊар керек. Ар дайым эсиӊерде болсун, Ислам дининин чыныгы кабарынын таралышы – бул кандайдыр бир Алла Тааланын тагдыры, анткени бул Алла Тааланын убадасы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эсиӊерде болсун, Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га «Мен сенин дааватыӊды жердин четтерине чейин жеткирем» деп алдын ала кабарлаган. Демек, Алла Тааланын мына ошондой убадасы турганда, биз такыр эле коркпошубуз керек. Ошентип, өз ишенимдериӊерди жашырууӊар же басынууӊар – бул кандайдыр бир акылмандыктын белгиси эмес, тескерисинче аны коркоктук деп гана айтууга болот».  

Ал Азирети Ахмадий мусулман миссионерлери айтканы башка, ал эми кылган иши такыр башка болгон аты менен эле улама деп аталуучу молдолорго окшош болбош керектигин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силердин Алла Таалага болгон сыйынууӊар эӊ жогорку деӊгээлде ээ болгон сыяктуу силердин адеп-ахлактарыӊар да эӊ бийик даражаларга ээ болушу керек. Мейли жеке турмушуӊар болсун, адамдар менен карым-катышыӊар болсун, кийим-кечеӊер болсун, силер ар жактан үлгү болушуӊар керек. Адамдар силерди Ахмадия Мусулман Жамаатынын чыныгы өкүлдөрү катары кабыл алгыдай болушу керек». 

Өз кайрылуусунун аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад такыбалуулук жана ар кандай жагдайда Алла Тааладан гана жардам суроонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Качан жана кайда гана болбосун, адамдарга кайрылуунун ордуна, силер жардам үчүн Алла Тааланын алдына гана жыгылууӊар керек. Жашооӊордун ар бир бөлүгүндө Алла Тааладан гана жардам жана көмөк сурагыла жана ар дайым Ага жалынып-жалбарып, силерди туура жолго багыттоосун сурангыла».  

Аталган азем Ал Азирети алып барган дубасы менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via