Канаданын премьер министри ыраазычылыгын билдирди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Канаданын премьер министри ыраазычылыгын билдирди

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун канада премьер министр

Канаданын премьер министри «Humanity First» жасаган зор кызматтарына ыраазычылыгын билдирди

Канаданын премьер министри Джастин Трюдо өзүнүн видео аркылуу билдирген кайрылуусунда Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатына кайрылып, жугуштуу оору таралган күндөрүндө чын жүрөктөн кызмат кылгандыгы үчүн «Humanity First» (Адамгерчилик – Биринчи орунда) уюмуна зор баа берди. Ал киши Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан уюштурулган «виртуалдык ифтар (ооз ачуу) тамагына» байланыштуу өзүнүн каалоо-тилек сөздөрүн айтты. «Виртуалдык ифтар (ооз ачуу) тамагы» – бул бүгүнкү күндөгү жугуштуу оору күндөрүндө мечиттерде өткөрүлө турган чогулуштарга тыюу салынган жагдайда байланыш каражаттары аркылуу өткөрүлө турган бир ооз ачуу тамагы болуп, ага катышкандар менен куттуу Рамазандын атынан сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, алар сураган маалыматтар аларга берилди. Ал теле берүүгө көптөгөн мусулман эмес коомчулуктардын адамдары дагы активдүү катышышты.

«Humanity First» (Адамгерчилик – Биринчи орунда) аттуу уюмдун твиттер аккаунтунан берилген ошол видео тилек сөзүнүн башында Канаданын премьер министри Джастин Трюдо мырза «Ассаламу Алайкум», – деп бардык адамдарды Канаданын эң чоң «Виртуалдык ифтар (ооз ачуу) тамагына» «кош келиңиздер» деп айтты. Ал киши былтыр мен ооз ачуу үчүн силер менен бирге Милтондо болчумун жана быйыл дагы силер менен бирге болуу арзуусунда элем, бирок тилекке каршы азырынча бири-бирибизден алыстык аралыкта болушубуз зарыл деди. Ал киши Рамазандын биринчи күнү иш жүзүндө силер менен болуума кубанычтамын деди. Азыркы учурда жергиликтүү мечиттерге бара албай, сүйүктүүлөрүңөр менен бирге болуп, ооз ача албаганыңар силер үчүн канчалык оор экенин сезүүдөмүн. Бирок азырынча бири-бирибизди ушул илдеттен сактоо үчүн бири-бирибизден алыс болуубуз керек деди.

Премьер министри мен Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктайм, алар адамдар өздөрүн жалгыз сезишпесин үчүн ушул Рамазанда «Виртуалдык ифтар (ооз ачуу) тамагын» уюштурушту деди. Силер ушул жугуштуу оору аралыгында чын жүрөктөн башкаларга кандай кызмат кылынарын бизге көрсөттүңөр жана «Humanity First» (Адамгерчилик – Биринчи орунда) сыяктуу уюм Канада жана башка өлкөлөргө аябай көп кызмат кылган деди.

Премьер министри ал каалоо-тилек сөздөрүн ошол эле учурда француз тилинде дагы кайталап жана аягында бардыгын Рамазан менен куттуктады.

Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамаатынын максат-мүдөөсү жана тилеги эсептелинген, тагыраак айтканда адамдарга кызмат кылуу иштерин кудум ушунчалык чын жүрөктөн бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу максатсында кыла берүү мүмкүнчүлүгүн тартуулай берсин деп дуба кылабыз. Аамийн

(Репортажды даярдаган: Ража Ата-ул-Маннан- Англиядагы «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасынын кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via