Вакф-э-Нау бөлүмүнүн көзөмөл астында илимий жарыштары

Вакф-э-Нау[1] бөлүмүнүн көзөмөл астында (онлайн) илимий жарыштардын уюштурулушу
Алла Тааланын берешендиги менен Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Вакф–э–Нау бөлүмү Францияда корона илдетинин экинчи толкунунан улам карантин киргизилген мезгилде өзүнүн илимий жана тарбиялык программасын Скайп аркылуу улантып турууга мүмкүнчүлүк табууда. Ушуга байланыштуу 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрүндө Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Вакф–э–Нау кыймылына кирген эркек балдар жана кыздар үчүн илимий жарыштар уюштурулду. Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси урматтуу Насийр Ахмад Шахид мырзанын жетекчилигинин астында Вакф–э–Нау бөлүмү бир нече илимий жарыштарды өткөрүүнү пландашты. Вакф–э–Нау бөлүмүндөгү жергиликтүү секретарларынын жолугушуусу Скайп аркылуу чакырылып, жарыштар толугу менен онлайн режиминде болот деген чечим кабыл алынды. Балдар белгиленген убакытта жаш курагына жараша бөлүнгөн топко Скайп аркылуу кошулуп, калыстар балдардын квалификациясын карап чыгышат. Вакф–э–Нау кыймылына кирген балдар жана кыздар үчүн бардык иш-чаралар өз-алдынча жүргүзүлөт. (Эркек балдар жана кыздарга жумалык сабактардын чакан топтор түрүндө Скайп аркылуу үзгүлтүксүз өткөрүлүп жаткандыгын дагы эске сала кетели. Фал–Хамдулиллаахи ъалаа заалики)
Ошондой эле (жогорудагы чогулушта) кабыл алынган чечимге ылайык 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы балдардын арасында Тилаават[2], Назм[3] жана Курандын (белгиленген бөлүгүн) жаттоо боюнча жарыштар өткөрүлөт. Эркек балдар жана кыздар жаш курагына жараша программага киргизилген Курандын бөлүгүн жана диний ырларды жаттап чыгышат. Ал эми 15 жаштан өйдө жаштагы эркек балдар жана кыздардын арасында урду жана француз тилдеринде тилди байытуу жарышы гана өткөрүлөт. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сунушталган темаларга «Мекенди сүйүү – ыймандан» деген тема атайын киргизилген.
Илимий жарыштарга катышууга чакыруулар жана иш-планы балдарга жеткирелген. Мындан тышкары, жергиликтүү секретарлар жана жергиликтүү жамааттардын президенттери аркылуу дагы үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн. Алхамдулиллах. Жыйынтыктарды түзүү үчүн онлайн формасын Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Усама мырза даярдап берген жана ал судьянын милдетин да аткарган. Ошондой эле, миссионерлерибиз – урматтуу Мансур Ахмад Мубашшар, урматтуу Билал Акбар мырза, Лиондогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти урматтуу Атаул-Алийм мырза жана Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси Вакф–э–Нау кыймылына кирген балдардын илимий жөндөмдүүлүктөрүн карап чыгуу милдетин аткарышты. Лажна Имаэллах[4]тын Вакф–э–Нау бөлүмү боюнча жардамчылары өтө кылдаттык, берилгендик, чын ыкластуулук жана жоопкерчилик менен бардык планды ишке ашырышты. Бардык ата-энелер өзгөчө дилгирлик менен кызматташып, ыраазычылык билдиришти. Фа–жазахумуллааху Ахсанал–жазаа.
Жарыштарга Вакф–э–Нау кыймылына кирген 32 эркек балдар жана 29 кыздар катышышты, ошондой эле уюштуруучулардын жалпы саны 24 эркек жана аялдарды түздү.
Мен көмөк көрсөткөн бардык эркектер, аялдар жана ардактуу миссионерлерге терең ыраазычылыгымди билдирем. Алла Таала алардын баарына эң жакшы сооп тартууласын деп дуба кылам. Алла Таала колдоп, бул балдар Жамаатыбыздын баалуу мүлкү жана Ахмадия Халифатынын мыкты кызматчылары болуп чыгышсын деп дуба сурам. Аамийн.
(Репортажды даярдаган: Чаудхрий Максудур-Рахман, Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Вакф-э-Нау бөлүмүнүн башкы секретары)
*************
[1] Балдарды төрөлө элек кезинде Ислам динине кызмат кылууга арноо чакыруусу.
[2] Куранды көркөм окуу.
[3] Диний ырларды көркөм ырдоо.
[4] Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдарынын уюму.