АХМАДИЙ ДОКТОР МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛДҮ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

ПРЕСС-РЕЛИЗ: АХМАДИЙ ДОКТОР, ГАСТРОЭНТЕРОЛОГ ШЕЙХ МУХАММАД МАХМУД САРГОДХА ШААРЫНДАГЫ «ФАТИМА» ООРУКАНАСЫНДА МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛДҮ

доктор, дарыгер

♦ Дарыгер мурдараак экстремисттик элементтер тарабынын кысымынан улам иштеген жерин алмаштырууга аргасыз болгон.

♦ Ахмадийлерге каршы жек көрүү сөздөрүн жазып жаткан жана тараткан элементтерди дароо камакка алуу зарыл. (Ахмадия Жамаатынын басма сөз катчысы)

Ченаб Нагар, 16-май 2025-жыл – Белгилүү Ахмадий доктор, гастроэнтеролог жана гепатолог Шейх Мухаммад Махмуд Саргодха шаарындагы «Саажид Шахид» полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан «Фатима» ооруканасында атып өлтүрүлдү. Алгачкы маалыматтарга таянсак, ал бейтаптарды көрүү үчүн саат 14:30 чамасында оорукананын имаратына келген. Клиникасына карай галерея аркылуу бара жаткан учурда, алдын ала күтүп турган белгисиз киши арт жагынан тапанча менен атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Дарыгерге эки ок тийип, ал оор жаракат менен Саргодханын Жарандык ооруканасына жеткирилген, бирок тилекке каршы, алган жараатынан улам каза болгон. Доктор Шейх Мухаммад Махмуд – боорукер, коомго пайдалуу, эч кимге зыяны жок адам болгон. Ал 58 жашта эле. Артында апасы, жубайы, эки кызы жана эки уулу калды.

Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз катчысы Аамир Махмуд бул мыкаачылык менен жасалган өлтүрүүнү катуу айыптап, өзүнүн терең кайгыруу билдирүүсүн жарыялады. Ал доктордун Ахмадий экенин жана дал ушул ишениминен улам көптөн бери коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келгенин белгиледи. Натыйжада, ал медициналык практикалык ишин бир нече ирет көчүрүүгө аргасыз болгон.

Басма сөз катчы бул акыркы бир айда бутага алынып, өлтүрүлгөн үчүнчү Ахмадий экенин айтты. Ишенимге байланыштуу бул түрдөгү көзөмөлсүз чабуулдардын көбөйүшү – системалуу жана коркунучтуу тенденциядан кабар берет. Бул өз кезегинде Ахмадий коомчулугунда олуттуу кооптонууга алып келүүдө. Ошондуктан, укук коргоо органдары бул маселеге дароо көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрүшү керек.

Басма сөз катчынын айтымында, Саргодха шаарында да башка аймактардагыдай эле, бир топ убакыттан бери диний-экстремисттик элементтер Ахмадийлерге каршы активдүү аракеттерди жүргүзүп келишет. Ахмадийлердин жума жана башка диний ибадаттарын өткөрүүсүнө тоскоол болуу максатында аларга негизсиз (кылмыш) иштерин козгоо жана жек көрүүгө үндөгөн кайрылууларды жасоо өңдүү аракеттер уланып келүүдө.

Ахмадийлерге каршы жек көрүү жана дискриминация фактыларынын көбөйүшү катуу айыпталууга татыктуу. Жогорку бийлик органдары бул коркунучтуу көрүнүштөргө өзгөчө көңүл буруп, күнөөлүү адамдарды мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартуусу зарыл.

Чектеш темалардын мазмуну
 
Share via
Share via