АЗИРЕТИ ЫЙСАНЫН ӨЛҮМҮ (Хадистер жана сахаабалардын сөздөрүнүн негизинде)
Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Курани Карим бир нече аяттарда өлгөн деп жарыялаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын сахаабаларынын ишеними да ушул эле болгон. Келгиле, алгач кээ бир хадистерге, андан соң сахаабалар (разяллааху анхум)дун сөздөрүнө токтололу.
ЫЙСА ПАЙГАМБАРДЫН ЖАШЫ
Мариям уулу Иса (алайхиссалаам) 120 жыл жашаган. (Алауддин Али Ал-Муттакий: Канз ал-Уммал, 6-том, 120-бет, Даирах ал-Маъариф ан-Низамия, Хайдарабад, (Индия) 1312-хижра ж.)
ЫЙСА ПАЙГАМБАР ӨЛГӨН
Эгер Азирети Муса (алайхиссалаам) менен Азирети Ыйса (алайхиссалаам) тирүү болгондо, алар мени ээрчүүгө аргасыз болмок. (Аллама Абдул Ваххааб Шеърааний: Ал-Яваакийт вал-Жаваахир, 22-бет, «Азхария» басмасы, Египет, Үчүнчү Басма, 1321-хижра ж.)
Дагы башка рабаятта эгер Азирети Ыйса тирүү болгондо, анын мени ээрчигенден башка аргасы калмак эмес. (Азирети Имам Мулла Али ал-Каарий: «Шарах Фикх Акбар Мисирий», 112-бет, 1375-хижра жылы басылган)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Нажран жергесиндеги христиандарга Таухид[1] кабарын жеткирип жатып: «Раббибиздин тирүү экенин жана эч качан өлбөгөнүн билбейсиңерби, ал эми Азирети Ыйса (алайхиссалаам) өлгөн», – деп айткан. (Азирети Абу ал-Хасан Ал-Ваахидий: «Асбааб ан-Нузуул», 53-бет, 1959-жылы биринчи басылышы, «Мустафа ал-Баабий» басмасы, Египет)
ПАЛЕСТИНАДАН КЫЛЫНГАН ХИЖРАТ
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Алла Таала Азирети Иса (алайхиссалаам)га: «Эй, Иса! Бирөө сени таанып, сага зыян келтирбеши үчүн бир жерден экинчи жерге көчүп жүрө бер», – деп вахий кылды». (Канз ал-Уммал, 2-том, 34-бет)
Азирети Иса (алайхиссалаам) дайыма жерлерди кыдырып жүрчү жана кеч кирген жеринде токтоп, токой жашылчаларын жеп, таза суу иччү». («Канз ал-Уммал», 2-том, 71-бет)
МУХАММАД ҮММӨТҮНҮН ИМАМЫ
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаммад үммөтүнөн чыга турган Убада кылынган Масийх жөнүндө сүйүнчүлөп, ошону менен бирге [اِمَامُکُمْ مِنْکُم]«Имаамукум минкум» (силердин Имамыӊар өзүңөрдөн болот) деп да айткан. (Сахих Бухарий, Пайгамбарлар китеби, Иса пайгамбардын түшүүсү бөлүмү)
Муну Сахих Муслим китебинин рабаяты дагы чечмелейт. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): [اَمَّکُمْ مِنْکُم] «Аммакум минкум» (силерди жетектей турган инсан силерден болот)», – деп айткан. («Сахих Муслим», Ыйман китеби, Исанын түшүүсү жөнүндө бөлүмү)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Азирети Муса: «Эй, Раббим, мени Мухаммад үммөтүнүн пайгамбары кылгын!» – деп дуба сураган. «Ал үммөттүн пайгамбары анын өзүнөн болот», – деп айтылган. Ал: «Мени Мухаммаддын үммөтүнөн кылгын!» – деп сураган. «Сен биринчи болгонсуң, алар кийинчерээк болушат, ал эми силер менен аларды Даар ал-Жалаалда, башкача айтканда, бейиште чогултуп коём», – деп жооп кайтарылган. (Ашраф Али Тханавий: «Нашр ат-Таййиб», 1397-хижра жылы, «Адаб» үйү, Пакистан Чаук, Карачи)
Бир башка рабаятта Азирети Иса (алайхиссалаам): «Мени Мухаммад Үммөтүнүн Имам Махдийи кылгын!» – деп дуба кылган. Ошондо Алла Таала: «Анын бар болушу Ахмад (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу, (б.а. анын үммөтүнөн) болот», – деп жооп берди». (Садруддин Садр: «Китаб ал-Махдий», 12-бет, 1966-жылы Тегеранда басылган)
ӨЗҮНЧӨ КЕЛБЕТТЕР
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Назареттик Масийх менен Убада кылынган Масийхтин ар түрдүү келбеттрин да баяндаган. Азирети Ыйса (алайхиссалаам) түсү кызыл, чачы тармал жана көкүрөгү кең болгон. Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам) түсү буудай жана чачы түз болгон. (Сахих Бухарий, Пайгамбарлар китеби, Китепте Мариямды эскер бөлүмү)
АКЫРКЫ СӨЗ
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сахаабаларга кайрылып: «Эй, адамдар! Пайгамбарыңардын өлүмүнөн коркуп жатканыӊар деген кеп мага жетип келди. Мен түбөлүктүү жашашым үчүн менден мурун жиберилген, табигый эмес өмүр көргөн бир пайгамбар болгонбу? Эсиңерде болсун, мен Раббиме жолугармын», – деп айткан». (Ахмад бин Аби Бакр Хатиб Кисталаний: «Ал-Маваахид ад-Дуня», 2-том, 368-бет), «Шаркия» 1908-ж.)
САХААБАЛАРДЫН БИРИНЧИ ИЖМААСЫ
Мына ушундан улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көзү өткөндөн кийин сахаабалардын биринчи Ижмаасы Азирети Иса (алайхиссалаам)дын өлүмү жөнүндө болгон. Көптөгөн сахаабалар катуу сүйүү жана кайгыруудан улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) өлгөн деп таануудан баш тартышкан. Ошондо Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) келип, «Али Имран» сүрөөсүнүн 145-аятын окуган:وَمَا مُحَمَّدٌ اِلَّا رَسُوۡلٌ ۚ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہِ الرُّسُلُБашкача айтканда, Мухаммад болгону Алланын Элчиси, ага чейинки бардык элчилер каза болушкан. (3:145)
Бул аятты угуп, сахаабалар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) көз жумган деп кабыл алышкан. Эгер сахаабалардын бирөөсү да Азирети Иса (алайхиссалаам)ды тирүү деп эсептесе, анда ал: «Эгер Азирети Иса пайгамбар болгондон кийин азыркы күнгө чейин тирүү болсо, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) кантип өлсүн!» – деп айта алмак». (Сахих Бухарий, Ал-Магаазий китеби, Пайгамбардын оорусу боюнча бөлүм)
САХААБАЛАРДЫН ИЖМААСЫНЫН БАХРАЙИН ЖЕРГЕСИНДЕ БИР КӨРҮНҮШҮ
Ахли Хадис агымынын негиздөөчүсү Мухаммад ибн Абдул Ваххааб мындай деп жазат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көзү өткөндөн кийин, Бахрейндеги көптөгөн адамдар: «Эгерде Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) элчи болгондо, ал эч качан өлмөк эмес», – деп муртад[2] болуп кетишти. Ошондо Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы Азирети Жаруд бин Муалла (разияллааху анху) аларга кайрылып мындай деди: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын кулу жана элчиси болгон. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кудум эле Азирети Муса (алайхиссалам) менен Азирети Ыйса (алайхиссалам) жашашканындай эле жашады жана кудум эле Азирети Муса (алайхиссалам) менен Азирети Ыйса (алайхиссалам) өлгөндөй эле өлдү». Муну уккан элдин баары Исламга кайтышты. (Мухаммад бин Абдул Вахаб: «Мухтасир Сийратур-Расул», 187-бет, «Дар аль-Арабия» Бейрут (Ливан)
САХААБАЛАРДЫН ИЖМААЪСЫНЫН КУФАДА ДАҢГАЗАЛАНУУСУ
Азирети Али (разияллааху анху) каза тапканда, Азирети Имам Хасан (разияллааху анху) хутба окуп мындай айткан: «Азирети Али (разияллааху анху) Азирети Ыйса бин Мариям (алайхиссалам)дын руху (жаны) көтөрүлгөн түнү каза болгон». Башкача айтканда, Рамазан айынын 27-түнү». («Табакат Ибн Саъд», 3-том, 39-бет «Дар-аль-Бейрут лит-Табаъ ван-Нашр)
АЗИРЕТИ ИБН АББАСТЫН ИШЕНИМИ
Азирети Ибн Аббас (разияллааху анху) «инний мутаваффийка…» аятын которуп жатып: «Мумийтука», башкача айтканда, Мен сени өлтүрүүчүмүн», – деп айткан. («Бухарий», Китабут-Тафсир, «Ал-Маида» сүрөөсү, Баабу маа жаъалаллааху мин бахийрах…)
АЗИРЕТИ ЫЙСА (АЛАЙХИССАЛАМ)ДЫН ТИРҮҮ ЭКЕНДИГИ ДЕГЕН ИШЕНИМ
Азирети Ыйса (алайхиссалам)дын тирүү болгондугу деген ишенимди Куран жана Хадис такыр колдобойт. Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү: «Бир дагы хадисте Азирети Ыйса (алайхиссалам)дын материалдык денеси менен асманга көтөрүлүшү айтылбаган», – деп беттешүүгө чакырган. Демек, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га таандык болгон ар бир адам Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын сахаабалары (ризвануллаахи ажмаъийн) карманган ишенимге эле ээ болушу керек, анткени ошондо эле ийгилик жана кутулуу бар.
[1] Алланын Жалгыздыгы.
[2] Ислам дининен кайткан адам «муртад» деп аталат.