Азирети Али бин Абу Таалиб(РА)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифа-э-Раашиди Азирети Али бин Абу Таалиб (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

мечитте окулган жума кутбасы

Азирети Али жана Азирети Фатима (разияллааху анхумаа) кыйынчылыктары жана жакырчылыгына карабастан, аскетизм жана шүгүрчүлүктүн үлгүсүн көрсөтүшчү

Пакистандагы Ахмадийлер кабылган оор каршылыктарга байланыштуу өзгөчө дубага чакырык

Төрт маркумКанададагы урматтуу командир Чаудри Мухаммад Аслам мырза, НизаратэУлянын (Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын штабквартирасынын башкы кеңсеси) айдоочусу Камар Ахмад Шафийк мырзанын аялы урматтуу Шахийна Камар айым жана уулу урматтуу Самар Ахмад жана Мухаммад Афзал Кхокхар мырза (шейит)тин аялы урматтуу Саъийда Афзал Кхокхар айымды эскерүү жана гайып жаназа намазы

2020-жылдын 4-декабрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 4-Фатх күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 4-декабрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Акыркы кутбада Азирети Али (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан. Бүгүн дагы ал тууралуу айтып берем. Азирети Али (разияллааху анху)нун диний тууганчылыгы тууралуу кезиккен рабаятка ылайык Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жолу Меккеде Мухажирлердин ортосунда диний тууганчылыкты курган. Анан Мединага көчүп баргандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухажирлер менен Ансаарлардын ортосунда диний тууганчылыкты орноткон. Ал эки учурда тең Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну өзүнүн бир тууганы экенин жарыялаган. Азирети Али (разияллааху анху) «Табук» согушунан башка «Бадр» согушу баш болгон бардык согуштарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан. «Табук» согушунун учурунда Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну үй-бүлөсүнө кам көрүү кызматына дайындаган. Адатта Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынан желек көтөрүп жүрчү. Бирок, согушуу убагы келгенде, желекти Азирети Али (разияллааху анху) көтөрүп алчу.

2-Хижранын Жамаадий-ул-Аввал айында болгон «Ушайра» казатынын учурунда Азирети Аммаар бин Ясир жана Азирети Али (разияллааху анхумаа) бир жерде топуракта уктап жатышканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) экөөнү тең өз бутун тийгизип ойготкон. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мен силерге эң бактысыз эки адам жөнүндө айтып бербейинби? Биринчиси, Салих (алайхиссалам)дын ургаачы-төөсүнүн буттарын кескен Самуд улутунан болгон Охаймар болчу. Экинчиси болсо, эй, Али! Сени башка ура турган адам, натыйжада сакалың канга боёлот деп айткан.

«Бадрул-Уулаа»[1] ат менен белгилүү «Сафван» казаты 2-Хижранын Жамаадий-ул-Аахир айында болгон. Ал учурда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га ак желек берген.

2-Хижрада болгон «Бадр» согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али, Азирети Зубайр, Азирети Саъд бин Аби Вакаас жана Азирети Басбас бин Амар (разияллааху анхум)ду мушриктердин кыймыл-аракетин билүү үчүн «Бадр» булагына жөнөткөн. Ал эки кошуун бетме-бет келип, каапырлар тарабынан согушка чыккыла деп чакырылганда, көптөгөн Ансаар жаштары буга жооп кайтарышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) согушууга чыкчу биринчи топко Ансаарлардын кошулуусуна тыюу салган жана бул салтанаттын аталаш туугандары жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улутунун колунан чыгаарын жактырган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Хашимдин балдары! Тургула жана өз укугуңар үчүн күрөшкүлө деп айткан. Ошондо, Азирети Хамза, Азирети Али жана Азирети Убайда бин Хаарис (разияллааху анхум) ордунан турушкан. Азирети Али (разияллааху анху) өз атаандашы Валийдди жана Азирети Хамза (разияллааху анху) Утбаны өлтүрүшкөн. Ал эми Азирети Убайда бин Хаарис (разияллааху анху)нун атаандашы Шайба кол салып, ал (разияллааху анху)нун бутунан жарадар кылган. Бирок, аны дагы Азирети Али менен Азирети Хамза (разияллааху анхумаа) өлтүрүшкөн.

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) «Бадр» согушу тууралуу сөз кылып, Азирети Али (разияллааху анху)нун мен согушуп жатып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам) оюма келгенде, анын чатырын карай чуркап барчумун. Бирок, ар жолу барганымда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды саждага жыгылып, жалынып-жалбарып жатканын көрдүм деп айтканын жазат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га өз балдарынын арасынан эң сүйүктүүсү Азирети Фатима (разияллааху анхаа) болчу. Ал 15 жашка чыкканда, никеси тууралуу сунуштар келе баштаган. Азирети Абу Бакр жана Азирети Умар (разияллааху анхумаа) дагы анын колун сурап келишкен. Бирок, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кечирим сурап, аларга жок деп айткан. Анан ушул эки аксакал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Али (разияллааху анху)га никелеп берүү ой-ниети бар экенин сезип, Азирети Али (разияллааху анху)ну буга үндөшкөн. Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га анын колун сурап келгенде, Сүйүктү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул жөнүндө Кудай тарабынан да кандайдыр бир ишаарат болгонун айтып берген. Ошентип, Азирети Фатима (разияллаху анхаа)нын макулдугу алынгандан кийин, Азирети Али (разияллааху анху) Хижранын 2-жылы, Зул-Хижжа айында Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га үйлөнгөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)дан Махр[2] (калың) төлөөгө бир нерсе барбы деп сурап, «Бадр» согушунун олжолорунан колуна тийген соотту сатып, Махр (калың) төлөөгө көрсөтмө берген.

Хузур-э-Анвар Махр жөнүндө сөз кылып, (жогорудагы хадистен маалым болгондой) бул дароо төлөөгө тийиш. Анын Талак (ажырашуу) же Хулаъ[3] менен эч кандай тиешеси жок. Аялдар талап кылышса, анда бул алардын укугу болуп, ошол эле учурда берүү керек деп айтты.

Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын себинде саймалуу бир шейшеп, булгаары төшөк, бир меш (чанач) жана башка бир рабаят боюнча себинде бир жаргылчак да болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айтуусу менен Азирети Али (разияллааху анху) убактылуу бир үйдү алып, ошол эле үйдө Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын кыз узатуу аземи өткөрүлгөн.

Азирети Али менен Азирети Фатима (разияллааху анхумаа) кыйынчылыктар жана жакырчылыкка карабастан, аскетизмдин жана шүгүрчүлүктүн үлгүсүн көрсөтүшчү. Жаргылчакты иштеткендиктен, Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын колдору ооруп калган, ошол эле күндөрдө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир нече туткун келген эле, Азирети Фатима (разияллаху анхаа) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кыйналып жаткандыгын айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али менен Азирети Фатима (разияллаху анхумаа)га мен силерге суранганыңардан жакшыраак бир нерсе айтайынбы? Экөөңөр төшөктө жатканыңарда, 34 жолу Аллааху Акбар (Алла эң Улук), 33 жолу Субханааллаах (Алла эң Ыйык) жана 33 жолу Алхамдулиллаах (бардык мактоо-алкоо Аллага таандык) деп айтып тургула. Бул кызматчыга караганда, экөөңөр үчүн жакшыраак деп айткан.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) бул окуя жөнүндө айтып, бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын (диний) мал-мүлктөрдү бөлүштүрүүдө өтө этияттык менен мамиле кылгандыгын көрсөтөт. Эгер ал (саллаллааху алайхи ва саллам) каалаганда, Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га кызматчы берип коймок, бирок ал этият болуп, ал мал-мүлктөрдү туугандарына бергиси келген эмес. Себеби, келечекте адамдар андан кандайдыр бир өзгөчө жыйынтык чыгарып алуулары жана падышалар элдин байлыгын өзү үчүн мыйзамдуу деп ойлонуп алуулары мүмкүн болчу деп айтат.

Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху) жана өз кызы Фатима (разияллааху анхаа)га келип, экөөңөр намаз, тактап айтканда, Тахажжуд намазын окубайсыңарбы? – деп сураган. Азирети Али (разияллааху анху) биздин рухтарыбыз Алланын колунда, Ал ойготкусу келгенде, бизди ойготот деп жооп кайтарган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Тахажжуд намазын окугула деп үйүн көздөй кетип баратып, кайра-кайра Ыйык Курандын төмөнкүдөй аятын окуган: وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ اَکۡثَرَ شَیۡءٍ جَدَلًاБашкача айтканда, адам көп учурларда өз катасын моюнуна алуудан коркот жана күнөөсүн ар кандай жүйөлөр менен жашырат. (18:55)

Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп айтат: Аллах, Аллах! Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллаху анху)га андай жооп бербешиң керек болчу деп кандай сонун ыкма менен түшүндүргөн. Эгер башка бирөө болсо, менин позициямды жана деңгээлимди кара деп, өз жообуңду ойлоп көрчү, менин сөзүмдү минтип четке кагууга укугуң бар беле? деп эч болбогондо талаша кетмек. Же жок дегенде, адам аргасыз жана анын бардык иш-аракеттери Алла Тааланын колунда дегениң туура эмес деп талаша баштамак. Мажбурлоо Ыйык Курандын таалимине каршы чыгат. Бирок, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул эки ыкмалардын бирин да тандаган эмес. Бул хадис Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлагынын ар кандай жактарын ачып берет. Биринчиси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) динге ушунчалык маани берчү, түн ичинде өз жакын туугандарынын (диний) абалына көз салып турчу. Экинчиден, караңылыкта эч нерсе көрүнбөгөн маалда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнөгө тартуулап жаткан таалимге өз кызы жана күйөө баласын чакыруусу ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол таалимге толук ишенгендигин далилдеп көрсөтөт.

Хузур-э-Анвар Азирети Али (разияллааху анху) жөнүндөгү сөз дагы уланат деп Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын ахвалынын курчуп баратканын айтып, айрым мамлекеттик жетекчилер молдолорду ээрчип, алар менен тил табышып алып, мүмкүн болушунча зыян келтирүүгө аракет кылып жатышууда. Ошондуктан, өзгөчө дуба кылгыла. Рабвахта жашаган Ахмадийлерби же Пакистандын башка шаарларында жашаган Ахмадийлерби, Алла Таала ар бир жерде аларды коргосун. Зыян келтирүүчүлөрдүн жамандыгынан сактап, алардын өтө опурталдуу жана коркунучтуу пландарынан сактасын жана аларды тез арада кармасын деди. Аамийн!

Хузур-э-Анвар кутбанын экинчи бөлүгүндө төрт маркумду эскерип, гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Эскерилген биринчи адам урматтуу командир Чаудхрий Мухаммад Аслам мырза. Ал Канадада 2-ноябрь күнү каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум 1929-жылы төрөлгөн. Ал физика боюнча магистратураны Пенжаб университетинен доктор Абдус-Салаам мырзанын жетекчилиги астында бүткөн. Маркум Пакистандын аскер-деңиз флотуна ишке кирип, маанилүү кызматтарда кызмат өтөгөн. 1993-жылы пенсияга чыккандан кийин жашоосун динге арноо үчүн арыз жазган. Ошентип, ага көпчүлүк кызматтарда иштеп кызмат кылуу насип этилди. Анын артында аялынан тышкары, үч уулу калды.

Эскерилген экинчи адам Низарат-э-Уля кеӊсесинде айдоочу катары кызмат кылып жаткан Камар Ахмад Шафийк мырзанын аялы урматтуу Шахийна Камар айым. Маркум 12-ноябрь күнү өз уулу урматтуу Самар Ахмад Камар менен чогуу бир кырсыкка кабылып каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Каза болгон учурда маркум 38 жашта жана урматтуу Самар Ахмад 17 жашта болуп колледжде биринчи курстун студенти болчу. Урматтуу Шахийна Камар айым Жамаатыбыздын иштерине өзгөчө берилген инсан болгон. Урматтуу Самар Ахмад дагы Худдамул-Ахмадия[4]нын иштеринде абдан активдүү болгон.

Эскерилген акыркы адам Мухаммад Афзал Кхокхар мырза (шейит)тин аялы урматтуу Саъийда Афзал Хокхар айым. Ал 12-сентябрь күнү Канадада каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркумдун уулу Ашраф Кхокхар мырза да шейит болгон. Маркум абдан сабырдуу, меймандос жана кедейлерге кам көргөн аял эле. Анын артында бир уулу жана үч кызы калды.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдун кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1]  «Биринчи Бадр согушу» дегенди билдирет.

[2] Нике учурунда күйөө тарабынан келинге берилүүчү калың.

[3] Аялзаты тарабынан ажырашуу үчүн берилген арыз.

[4] Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15 жаштан 40 жашка чейинки эркек адамдарынын уюму.

Share via
 
Send this to a friend