Халифатка байъат берүүнүн зарылдыгы жана Халифаттын даражасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Халифатка байъат берүүнүн зарылдыгы жана Халифаттын даражасы

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис халифа халифат

Халифатка байъат берүүнүн зарылдыгы жана Халифаттын даража-мартабасы тууралуу сөз

2020-жылдын 17–январында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 17-январь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Зыяул-Хак Сетхий мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Өткөн бир топ кутбаларда Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп келинген. Бүгүн мен анын акыркы бөлүгүн айтып берем. Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) өз коомунун жетекчиси болгон жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондон кийин Ансаарлар ал (разияллааху анху)ну халифа кылмакчы болушкан. Азирети Мырза Башийр Ахмад Сахиб (разияллааху анху) жана II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) аябай кеӊири бул маселени жана Халифат даража-мартабасынын маанилүүлүгүн баяндашкан. Ошондуктан, мен ал баянды өтө маанилүү жана убакыттын зор талабы деп ойлойм.

Хамийд бин Абдурахман мындай деп айтат: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ааламдан өткөндө, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Мединанын айланасында болгон болчу. Ал келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу жүзүн өбүп, Азирети Умар (разияллааху анху) менен бирге Сакийфа Бани Саъидахты көздөй жөнөгөн. Ал жерде Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Ансаарларга кайрылуу жасаган жана Ансаарлардын артыкчылыгы тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткандарын сунуш кылган. Анан Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху)га карата: «Эй, Саъд! Сен отурганыӊда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Халифатка Курайш акылуу болушат деп айткандыгы эсиӊдеби?» – деп айткан. Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) ал (разияллааху анху) айткандарын тастыктаган. Анан бардык Ансаарлар жана Мухаажирлер Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га байъат бергенден кийин Саъд (разияллааху анху)га сиз да байъат бериӊиз деген сөз жеткирилген. Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) Халифатка байъат берүүдөн баш тарткан жана бардык Ансаарлар менен Мухаажирлерден ажырап кеткен.

Азирети Умар (разияллааху анху) Халифа болгондо, бир күнү Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху)га Халифатка байъат берүү тууралуу айтканда, Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) сиздин шеригиӊиз, тагыраак айтканда, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) сизден көрө бизге сүйүктүүрөөк болчу деп жооп берген. Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда Сирияга көчүп кеткен болчу. «Тарых Табрий» аттуу китепте Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га байъат берген деп кезигет.

Халифатка байъат берүү эмнеге зарыл жана Халифаттын даража-мартабасы кандай, ошондой эле Азирети Саъд кылган амалынын орду кандай? Бул тууралуу II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) кеӊири токтолгон. Тарых китептеринде Азирети Умар (разияллааху анху)нун «Саъдды өлтүргүлө» деген сөзү кезигет. Кээ бир тил адистери Азирети Умар (разияллааху анху) Саъд менен сүйлөшпөй коюуну айткан дешет. Мисалы, Азирети Саъд үзгүлтүксүз мечитке келчү жана өзүнчө намаз аткарчу, сахаабалардын бирөөсү да аны менен сүйлөшпөйт эле. Азирети Саъд бин Убадаа (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат дооруна чейин жашаган жана Сирияда көз жумган. Тагыраак айтканда, сахаабалардын бирөөсү да аны өлтүргөн эмес. Эгер түштө дагы бирөөнүн өлтүрүлгөнүн көрсөӊ, ал түштүн мааниси ал адамга карата «бойкот» же «сүйлөшпөй коюу» болушу мүмкүн.

II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) окуган ушул кутбасы тууралуу бирөө Саъд байъат бербеген болсо да, ал кеӊешүүлөргө сөзсүз чакырылчу деген сөздөрдү сүйлөгөн. II Халифа (разияллааху анху) бул мен баяндаган маани-мазмундун четке кагылуусу деп айткан. Ал (разияллааху анху) ал кишинин мына ошондой ой-пикирди билдирүүсү Халифатка берилүүчү байъатты урматсыз кылмакчы болгонун көрсөтөт деп айткан. Ислам тарыхы тууралуу төмөнкүдөй үч китеп белгилүү: Тахзийбут-Тахзийб, Асааба жана Усадул-Гааба. Ал үчөөндө Азирети Саъд бардык сахаабалардан ажырап, Сирияга кетип калган жана ошол эле жерде каза болгон деп жазылган. Сахаабалардын арасында алтымыш-жетимишке жакын адамдын аты Саъд деп кезигет. Ал киши Саъд аттуу башка сахаабанын атын окуп, ушул жерде Саъд бин Убаада тууралуу сөз болуп жатат деп түшүнгөн болушу да мүмкүн.

Халифаттан бөлүнүү адамды эч бир сый-урматка татыктуу кыла албайт. I Халифа Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат: Куранды окусаӊар, биринчи Халифанын душманы Иблис экенин табасыӊар. Мен дагы Халифамын жана менин душманым дагы Иблис. II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат: туура, Халифа Ма’мур болбойт, анын Ма’мур болушу шарт да эмес. Баш ийүү боюнча Халифалар менен Пайгамбарлардын ортосунда кандайдыр бир айырмачылык да жок. Туура, ошол эки баш ийүүнүн ортосунда бир айырмачылык жана өзгөчөлүк бар. Пайгамбар вахий-аян жана бардык тазалыктын борбору болгондуктан ага баш ийилет. Ал эми Халифа вахий-аянды ишке ашыруу жана бардык системанын борбору болгондуктан ага баш ийилет. Халифалар жөнүндө Алла Тааланын төмөнкүдөй Сүннөтү бар: Жамаат системасын өнүктүрүү үчүн алардын колунан келген бардык иш-амалдар Алла Тааланын коргоосунда болот. Алар Жамаатка зыян келтирүүчү катага эч качан жол коюшпайт, эгер ошондой катага жол коюшса да, аны ишке ашыра алышпйт. Пайгамбарларга Исмат-э-Кубраа жана Исмат-э-Суграа экөө теӊ насип этилет. Тагыраак айтканда, алар системаны орнотуу, ошондой эле вахий-аяндын да жана таза амалдардын борбору болушат. Хузур-э-Анвар кандай гана жагдай болбосун, ар бир адам Халифага баш ийүүгө милдеттүү, анткени система бир жагынан Жамаат саясатына байланыштуу болот деди.

Хузур-э-Анвар саясат сөзүн чечмелеп мындай деди: жалпысынан, биздин тилибизде бул сөз терс мааниде алынат, бирок II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) ушул жерде бул сөздү оӊ мааниде колдонгон. Саясаттын мааниси – бул системаны туура ыкмада жүргүзүү. Халифалар тууралуу биринчи кезекте байкала турган нерсе: алар башкаруу системасын жогору коюучулар болушу керек. Аны менен бирге алар динди бекемдөө жана анын маани-мазмунун орнотууну да көздөгөн болушу керек. Хузур-э-Анвар Жамаат системасын жүргүзүү да Халифанын милдети болуп саналат жана аны менен бирге диндин туруктуулугун жана аны орнотууну да көздөөсү керек деди.

Халифалар сунуштап жаткан дин дин Алла Тааланын коргоосунда болот. II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Халифалар тармактарында катага жол коюулары мүмкүн жана эки Халифанын ортосунда пикир келишпестик да болушу мүмкүн деп айтат. Мисалы, кээ бир маселелерде Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) жана Азирети Умар (разияллааху анху) иш алып барган ыкмасы башка-башка болгон, бирок бул тармактардагы карама-каршылык болчу, бирок негизги иштерде карама-каршылык болушу эч мүмкүн эмес.

Бирөө менен кеӊешүү маселесине келе турган болсок, кайсы бир тармактагы адис менен кеӊешүүгө болот, ал башка дин өкүлү болсо да. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир соттошууда бир англичан адвокатты жалдаган. Бирок бул ал пайгамбарчылык маселелеринде аны менен кеӊешчү дегенди билдирбейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ахзааб согушунда Азирети Салман Фарсы (разияллааху анху) менен кеӊешкен болчу. II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабалары менен кеӊешем, ошондой эле табыпчылык ж.б. маселелерде башка адистер менен да акылдашам деп айтат. Сахаабалар менен кеӊешүү жана башкалар менен акылдашуу – экөөсүндө айырмачылык бар. Сахаабалардын даража-мартабасы баары бир өтө бийик. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) эгерде кайсы бир дүйнө иштеринде адис болсо да, жана аны менен кеӊешилгендиги далилденсе да, ал кеӊешүүлөргө катышчу деп айтууга болбойт. Ар кандай рабаяттардан маалым болгондой, Азирети Саъд кайсы бир убакыттарда ээлеген даражасына ылайык ал татыктуу боло турган сый-урмат эми сахаабалардын жүрөктөрүндө калбай калган болчу. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда 14-,15-, же 16-хижра жылы каза болгон.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар эки маркумду жакшы сөздөр менен эскерип, алардын жаназаларын окутаарын жарыялады. Биринчи жаназа Садр Анжуман Ахмадия Кадияндын мүчөсү урматтуу Саййид Мухаммад Сарвар Шах мырзаныкы болгон. Ал киши 8-январь күнү 85 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал Ориса облусунун белгилүү жана берилген Ахмадий үй-бүлөсүнөн болчу. 1995-жылы өзүн Жамаат кызматтары үчүн сунуш кылган. Маркум 9 жылга чейин Казаа бөлүмүнүн төрагасы катары кызмат кылуу бактысына ээ болгон, ошондой эле бир топ маанилүү борбордук комитеттердин төрагасы жана мүчөсү да болгон.

Экинчи жаназа Рабвахтын тургуну Доктор Латиф Ахмад Курайший мырзанын жубайы урматтуу Шавкат Гохар айымдыкы. Маркум айым Мавлана Абдул Маалик Хан Сахибдин кызы болчу. Ал 5-январь күнү 77 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум айым өзүнүн күйөөсү менен бирге ар кайсы кызматтарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Башка бир топ касиеттерге ээ болгону менен ал чыныгы түштөрдү көрүүчү инсан да болчу.

Аягында Хузур-э-Анвар маркумдардын даражаларынын көтөрүлүүсү жана алардын тукумдарынын такыба болуусу үчүн дуба кылды.

٭٭٭٭٭٭٭٭٭

Share via
 
Send this to a friend