Мыкты инсандар: Азирети Утба бин Газваан, Азирети Саъд бин Убада • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Мыкты инсандар: Азирети Утба бин Газваан, Азирети Саъд бин Убада

Ислам дин ыйман жума кутба пайгамбар сахаба мечит ибадат сыйынуу

Ыкластуулук жана берилгендиктин көрүнүшү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Утба бин Газваан жана Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анхум)дун куттуу мүнөздөрүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 20декабрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Амирул-Му’минийн Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 20-декабрында Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТАдан бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Файзан Раажпут мырзага насип эттилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өткөн жума кутбасынын темасын эле улантып, Азирети Утба бин Газваан (разияллааху анху) тууралуу сөз кылып, төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди:

2-хижра жылы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн (атасынын) эжесинин баласы Азирети Абдулла бин Жахаш (разияллааху анху)нун жетекчилигинде бир Сариййах[1]ты Нахла жакка жөнөткөн. Азирети Утба (разияллааху анху) да ушул Сарияга катышкан. Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде ушул Сарияны кеӊири айтып берген: Меккелик Курайш уруусу тарабынан жаратылган түбөлүк коркунучтардын айынан алардын иш-аракеттеринен кабардар болуп туруу үчүн ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сегиз адамдан турган бир топту жөнөткөн. Ал Сариянын Амирине ал Мединадан эки күндүк жол жүргөндөн кийин ачылсын деген көрсөтмө менен мөөрлөнгөн бир кат тапшырылган. Ал катта Тайф менен Меккенин ортосундагы Нахла өрөөнүнө барып, Курайштын ал-ахвалын билгиле деген көрсөтмө жазылган болчу. Жолдо Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) менен Утба бин Газваан (разияллааху анху)нун төөсү жоголуп кеткен жана алар аны издеп, өз шериктеринен ажырап кетишкен. Бир Чыгыш окумуштуусу Маргулис алар атайлап ал төөнү коё беришип, ошол шылтоо менен артта калышкан деп жазган. Азирети Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат: Ислам дини үчүн өз жанын да аябаган ошол эки сахаабанын жашоосунун ар бир окуясы алардын батырлыгына жана берилгендигине күбө болот. Алардын бири Бе’р-э-Маъунада каапырлардын колунан шейит болгон жана экинчиси бир канча коркунучтуу согуштарга катышып, акыр аягында Ирак жеӊүүчүсү болгон. Алар тууралуу мына ошондой шек-күмөндөргө баруу Марголистин эле иши.

Ал аскер тобуна катышкан сахаабалар сырды сактоо үчүн өз чачтарын да алдырып коюшкан эле, анткени жолоочулар аларды Умра зыяраты үчүн кетип бара жаткан адамдар деп ойлошсун. Мусулмандардын ушул чакан гана тобу Нахла өрөөнүндө маалымат жыйыноо менен алектенген учурда бир күнү алар Тайф шаарынан Меккеге көздөй кетип бара жаткан Курайштын бир кербени менен туш болушкан. Нахла аймагы Харамдын чек арасында жайгашкан болчу жана кээ бир адамдардын пикиринче ыйык ай да бүтө элек болчу. Бирок сыр ачылуусунан коркуп, мусулмандар кербенге чабуул жасап, аларды өлтүрүп жиберүү же туткун кылууну чечишкен. Ал чабуулдун натыйжасында бир каапыр өлтүрүлгөн жана эки туткун кылынган. Бир адам качып кеткен жана мусулмандар жасаган иш-аракетине карабай, аны кармай алышкан эмес. Мусулмандар олжолорду алып, шашылыш түрдө Мединага кайтышкан.

Бул окуяга Маргулис Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал топту атайылап кербенди талап-тоноо үчүн ыйык шаарга жөнөткөн деп сын-пикир билдирген. Бирок ар бир акылы бар адам талап-тоноо үчүн ушунчалык чакан топту ушунчалык алыс аймакка, душмандардын борборуна жакын жөнөтүү мүмкүн эмес деп түшүнө алат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалардын Курайштын кербенине жасашкан чабуулу жөнүндө билгенде, катуу нааразы болгон жана олжолорду кабыл алуудан баш тарткан.

Экинчи тарапта Курайш мусулмандар ыйык шаардын урматын бузушкандыгы себептүү чоӊ ызы-чуу кылышкан. Өлтүрүлгөн адам Амар бин ал-Хазармий бир бай-дөөлөттүү жана Мекке аксакалы Утба бин Рабиъанын досу болчу. Ошентип, ал окуя Курайштын ачуулануу отун аябай жалындаткан. Ал учурда «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 218-аяты түшүп, анда каапырлар тарабынан мусулмандарды ыйык шаарга кирүүгө тыюу салуусу, ал жерде жашап келе жаткан адамдарды куугунтуктоосу ыйык жайда согушуудан да катуу күнөө деп айтылган.

Курайш аксакалдары Ислам динине каршы өздөрүнүн кандуу кутумдарын ыйык айларда дагы улантышчу. Ал айларда алардын чагымчылыктары дагы күчөп кетчү. А түгүл алар эч уялбай, бузукулук кылып, өздөрүнүн жүрөгүн калпы эле канааттандыруу үчүн ыйык айларды дагы ордунан алмаштырып жиберишчү, аны алар «Насий» деген ат менен аташчу.

Курайш өздөрүнүн эки туткунун куткаруу максатында келишкенде, ал убакытка чейин Саъд бин Аби Вакаас жана Утба бин Газваан (разияллааху анхум) артка кайтып келишпегендиги себептүү эгер алар каапырлардын колуна түшсө, Курайш аларды өлтүрүп жиберишет деген коркунуч бар болчу. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын кайтып келишине чейин туткундарды бошотуудан баш тарткан. Саъд жана Утба Мединага жетип келишкенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Курайштын эки туткунун бошотоп жиберген. Алардын бири ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көрсөткөн улуу адеп-ахлактарынан ушунчалык тереӊ таасир алып, ал Ислам динин кабыл алган жана кайтып кетүүдөн баш тарткан.

Азирети Утба бин Газваан Бадр согушу жана кийинки бардык казаттарга катышуу бактысына ээ болгон. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мыкты ок атуучуларынын бири болгон.

Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Утба (разияллааху анху)ну сегиз жүз адам менен алар Убуллах жергесиндеги адамдар менен согушсун деп Басра жакка жөнөткөн. Жолго чыгуу убагында Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Утба (разияллааху анху)га Ислам жихадынын адептеринен турган алтын насааттарды айткан. Алла Таала Азирети Утба (разияллааху анху)га жеӊиш тартуулаган. Ал (разияллааху анху) Убуллхмакам жайында Басра шаарына чек арасын түзгөн. Ал (разияллааху анху) Басра шаарын негиздеп, аны абат кылган биринчи инсан болчу.

Азирети Умар (разияллааху анху) Утба (разияллааху анху)ну Басрага губенатор кылып дайындаганда, ал Форстун байыркы шаары Хурайбада жашаган. Ушул эле шаарга жакын кийинчерээк Жамал согушу болгон.

14-хижра жылы Азирети Умар (разияллааху анху) мусулмандардын жай мезгилин өткөрүүсү үчүн Азирети Утба (разияллааху анху)нун сунушун кабыл алып, суу жана жайлоо бар жерди издөөгө көрсөтмө берген. Ошондо Азирети Утба (разияллааху анху) мусулмандарды Басрага жайгаштырган. Ал жерде бамбук менен үйлөр жана мечит салынган.

Ажылыктын учурунда Азирети Утба (разияллааху анху) өз ордуна орунбасарды дайындап, өзү Меккеге кетти. Азирети Умар (разияллааху анху) менен жолугушууда ал (разияллааху анху) өз кызматынан баш тартууну сунуш кылмакчы болгон, Азирети Умар (разияллааху анху) аны кабыл кылган эмес. Рабаяттарда айтылышынча, Азирети Утба (разияллааху анху): «Эй, Алла! Эми мени ал шаарга кайтарбагын!» – деп Алла Таалага дуба кылган. Кыскасы, ал (разияллааху анху) өзү минип жүргөн унаасынан жыгылып, 17-хижра жылы көз жумган.

Хузур-э-Анвар бүгүнкү жума кутбасында сөз кылган экинчи сахааба Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Ансаардын Хазраж уруусунун Бану Саъдах бутагынан болгон. Саъд (разияллааху анху)нун Куниййаты Абу Саабит же Абу Кайс деп айтылат. Ал (разияллааху анху) Хазраж уруусунун көзөмөлчүсү жана жоомарт жетекчиси болгон. Бардык казаттарда Ансаардын желеги анын колунда эле болчу. Азирети Саъд надаандык доорунда араб тилин жазууну билчү. Сүзүү жана найза атуу боюнча адис жана кадыр-барктуу инсан болгон. Ал (разияллааху анху) жана анын ата-бабалары өзүнүн коргон-чебинде малдарды сойдуруп, анын этин бөлүштүрчү.

Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анху) Байъат-э-Акаба Саниянын учурунда Ислам динин кабыл кылган. Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде Байъат-э-Акаба Сания тууралуу бир аз кеӊири айтып берди.

13-хижра жылы ажылыктын учурунда Аус менен Хазраж урууларынын кээ бир адамдары Меккеге келишкен. Алардын арасындагы жетимиш адам мусулман болуп калышкан же мусулман болууну каалашкан. Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) дагы алардын арасында бар болчу. Ал (разияллааху анху)нун энеси берилген мушрик аял болчу, Азирети Мусъаб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолуккандан кийин өз энеси менен жолукканы барган. Ал (разияллааху анху) өз энесин бутпарастыкты таштап, Ислам динин кабыл кылууга чакырганда, ал ызы-чуу чыгарган жана Ислам динин эч качан кабыл кылбоого ант берип жарыялаган, ошондой эле өзүнүн туугандарына Мусъаб (разияллааху анху)ну туткун кылып алгыла деп ишаарат кылган. Бирок ал киши амалкөй болгондуктан, колго түшпөй, качып кеткен.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб (разияллааху анху) аркылуу Ансаарлардын келгендигинен кабар тапкан болчу. Бир жапырт жолугушуу муктаждыгынын айынан ажылык ибадаттарынан кийин бир күн белгиленип, жарым түнгө жакын бардык адамдар былтыркы капчыгайга келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушсун деп чечилген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн агасы Аббаас менен ал жерге келген. Аббаас ошого чейин мушрик болсо да, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жакшы көрчү жана ал киши Бану Хаашим үй-бүлөсүнүн башчысы болчу. А дегенде, Аббаас эле сүйлөшүүнү баштаган жана Ансаарларга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көчүү ой-ниетинен кабар берген. Ансаарлар тарабынан бир карыган жана таасирдүү Албараа бин Маърур аттуу аксакал жооп катары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) да өзүнүн куттуу тилинен бир аз сүйлөшүн жана бизге жүктөмөкчү болгон жоопкерчилик тууралуу айтып беришин каалайбыз деп айткан. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Курани Каримдин кээ бир аяттарын окуп, бир кыскача кайрылууда Алла Тааланын акы-укуктары жана пенделердин акы-укуктарын чечмелеп, мен бир гана силер тууган-туушкандарыӊарды коргогонуӊар сыяктуу эле мага мамиле жасооӊорду каалайм деп айткан. Ал учурда ал жетимиш берилген сахааба Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу колуна байъат беришкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муса (алайхиссалаам)дын сүннөтүнө ылайык Ансаарлардын арасынан 12 адамды жетекчи кылып дайындаган.

Меккелик Курайш уруусу өзунүн аӊдоочулары аркылуу ушул келишим жана Байъат тууралуу билип алышкан, натыйжада алар эртеӊ менен Ясриб ээлеринин турак жайларына барып, сурамжылай башташкан. Аус менен Хазраж урууларынын арасындагы бутпарас адамдар бул жөнүндө бейкапар болушкандыктан алар Курайшка андай болгон эмес деп ишендиришкен. Бир аздан кийин Курайш кайсы бир жолу менен Ясриб ээлери чынында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен кандайдыр бир келишим түзгөндүгү тууралуу кабар тапкан. Ошондо кээ бир адамдар Ясриб ээлеринин аркасынан да түшкөн, кербен чыгып кеткен, ал эми Саъд бин Убада (разияллааху анху) кайсы бир себептер менен артта калган. Курайш аны кармап алып келишип, аябай сабашкан. Акыр аягында Жубайр бин Матъам жана Хаарис бин Харб аны митаам Курайштын колунан куткарган.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анху) тууралуу ИншаАллах кийинки кутбада дагы бир аз айтып берем деди.

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде болгон, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) катыша албаган аскерлер тобу «Сариййах» деп аталат.

Share via