Язийд бин Саабит, Муаъавваз бин Амар бин Жумух, Бишар бин Бараа • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Язийд бин Саабит, Муаъавваз бин Амар бин Жумух, Бишар бин Бараа

Айт майрам кутба Ислам дин ыйман ишеним Куран хадис халифа халифат

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Язийд бин Саабит, Азирети Муаъавваз бин Амар бин Жумух жана Азирети Бишар бин Бараа (разияллааху анхум)дун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 29ноябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2019-жылдын 29-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Азирети Язийд (разияллааху анху) бин Саабит Бадр согушуна катышкан сахааба болчу. Ал Ансаардын Хазраж уруусунун Бану Маалик бин Нажжар үй-бүлөсүнөн болгон. Ал (разияллааху анху) Бадр жана Ухуд согуштарына катышкан, ал (разияллааху анху) 12-хижра жылы Йамаама согушунда шейит болгон. Азирети Язийд бин Саабит (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге отурганыбызда бир жаназа келди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жаназаны көргөндө, дароо туруп койгон жана сахаабалар да тездик менен турушкан». Азирети Язийд (разияллааху анху) мен ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жай тар болгондуктан ордунан турган деп ойлобойм жана ал кайсы бир яхудий эркек же аялдын жаназасы болгон деп ойлойм деп айтат.

Азирети Язийд (разияллааху анху) мындай деп да айтат: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болгонубузда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жаӊы мүрзөнү көрүп, ал жөнүндө сураган. Бул баланчы уруунун кул-аялынын мүрзөсү, ал Сиз түшкү маал уктап жатканыӊызда каза болгон болчу деп жооп берилген. Ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын мүрзөсүндө эле саптарды тарттырып, жаназасын окуган жана мен силердин араӊарда болгонумда, силердин араӊардан бирөө каза болгондо, мага сөзсүз кабар кылгыла, анткени менин дубам ал үчүн мээримдүүлүк деп айткан». Хузур-э-Анвар ар кандай китептердин негизинде ал рабаятты дагы кеӊири айтып берген.

Хузур-э-Анвар  сөз кылган экинчи сахааба Азирети Муъавваз (разияллааху анху) бин Амар бин Жумух. Ал (разияллааху анху) Хазраж уруусунун Бану Жашм үй-бүлөсүнөн болгон. Ал (разияллааху анху) өзүнүн эки бир тууганы Азирети Муъааз (разияллааху анху) жана Азирети Халаад (разияллааху анху) менен бирге Бадр казатына катышкан. Ал сахаабалардын атасы Азирети Амар (разияллааху анху) бин Жумух аксак болгондуктан, анын балдары аны Бадр согушуна катышууга уруксат беришкен жок. Ухуд казатынын учуру келгенде, Азирети Амар бин Жумух өз балдарынын тыюу салгандыгына карабай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га келди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы аны майып деп, сизге жихад парыз эмес деп айткан. Бирок кийинчерээк ал (разияллааху анху)нун шыктануусун көрүп, ага уруксат берген. Ал (разияллааху анху) шейит болуу үчүн дуба сураган, анын дубасы кабыл болуп, ал (разияллааху анху) Ухуд майданында шейит болгон.

Бүгүнкү күндөгү кутбада  сөз кылынган үчүнчү сахаабанын аты Азирети Бишар бин Бараа (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Хазраж уруусунун Бану Убайд бин Адий үй-бүлөсүнөн болгон. Азирети Бишар (разияллааху анху) өз атасы менен бирге Байъат-э-Акаба Санияга катышкан. Ал (разияллааху анху) мыкты найзачы болгон жана Бадр, Ухуд, Хандак, Худайбия жана Хайбар согуштарына Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге катышкан. Абурахман бин Абдулла Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бану Назлах же кээ бир башка рабаяттарга караганда, Бану Саламахтын жетекчиси Жадд бин Кайстын ордуна Азирети Бишар бин Барааны жетекчи кылып дайындаган деп айтат.

Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келе электе яхудийлер Аус менен Хазраж урууларынын каршысында алдын ала кабарланган пайгамбар чыгайын деп калды, анын атынан бизге жеӊиш тартуулаган деген дубаны сурашчу. Бирок качан Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды Арабиядан чыгарганда, алар ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды четке кагышкан». Азирети Муъааз бин Жабл, Азирети Бишар бин Бараа жана Азирети Давуд бин Саламах бир күнү яхудийлерге Ислам дини кабыл кылбайсыӊарбы, илгери силер Мухаммад аттуу пайгамбардын чыгуусу акылуу жеӊишти сурап жүргөнсүӊөр жана биз ширк кылчуучулардан болгонбуз деп айтышканда, Салам бин Мушкам ал пайгамбар биз тааныган нерсе менен бизге келген жок деген жоопту берген. Ошондо «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 90-аяты түшкөн.

Азирети Зубайр бин Аваам (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Ухуд согушунун кырдаалы өзгөргөндө, мен өзүмдү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында экенимди таптым. Бардыгыбыз коркуп, өзүбүздү жоготуп салышканыбызда, бизге уйку түшүрүлгөн. Үргүлө сыяктуу ахвалга кабылгандыгыбыздай сезилген болчу. Азирети Каъб бин Амар Ансарий (разияллааху анху) Азирети Бишар бин Бараанын колунан кылыч түшкөнүн көргөн, бирок ал кылычтын түшкөнүн сезген да эмес».

Хузур-э-Анвар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахуллах) берген бир Куран сабагынын негизинде ал уйку менен ойгоо ортосундагы бир ахвал экенин айтты. Уйкудан мурунку бир ахвал болуп, анда бардык нервтер тынчып калат.

Азирети Бишар бин Бараа (разияллааху анху) Хайбар казаты күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге бир яхудий аял Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га белек катары сунуш кылган ууланган эчки этин жеген эле. Ал уунун таасири ушунчалык күчтүү болгон: ал (разияллааху анху) бир жылга чейин жардамсыз бир капталынан экинчисине өтө албайт эле. Анан ошол эле ахвалда ал (разияллааху анху) көз жумган.

Азирети Бишар (разияллааху анху) каза болгондо, анын апасы катуу кайгыруу менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Бишарга саламды жеткирүүгө болобу деп сураган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ооба, деп жооп берген. Андан кийин анын апасынын ыкмасы мындай болуп кеткен: Бану Саламах уруусунан бирөө өлүмгө жакындап калганда, анын жанына барып, Бишарга менден салам айткын деп койчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өлүм оорусунда Азирети Бишар (разияллааху анху)нун эжеси ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага сиздин бир тууган иниӊиз менен Хайбарда мен жеген бир бөлөк нандын айынан тамырларымдын кесилип жатканын сезүүдөмүн деп айткан. Хузур-э-Анвар ал окуя жөнүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы (разияллааху анху) баяндаган кээ бир маалыматтарды айтып берди: бир яхудий аял мусулмандардан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эчкинин колунан турган этти жакшы көрөт деп билип алып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га ууланган куурулган этти сунуш кылган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Бишар (разияллааху анху) бир бөлүктү оозуна алышкан. Башка сахаабалар кол созоору менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын баарын тыйып, этке уу кошулган экен деп айткан. Азирети Бишар (разияллааху анху) мен да ууланганын сездим жана аны таштамакчы элем деп айтат. Бирок бул иш-аракетти ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жаман көрбөсүн деп андай кылган эмес.

Бул окуядан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал аялды чакыртып, андан ушул жагымсыз иш-аракеттин себебин сураган. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны кечирип жиберген.

Хузур-э-Анвар кээ бир душмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол эле уу менен өлгөн дешет деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баяндарын жазган кээ бир жазуучулар да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га шейит даражасын тартуулоо (же ыйгаруу) үчүн мына ошондой рабаяттарды кабыл алышат. Чындыгында, бул дурус эмес деди. Хузур-э-Анвар Research Cell бөлүмү тарабынан жөнөтүлгөн бир үзүндүнү да окуп берди. Анда жазылышынча, уу берилген окуясы алтынчы хижра жылынын аягында же жетинчи хижра жылынын башында, тагыраак айтканда, Хайбар казатында жүз берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул окуядан кийин төрт жылга чейин зор өмүр сүргөн. Анын ибадаттары жана башка күндөлүк иштеринде кенедей да өзгөрүү жүз берген эмес. Чамалуу төрт жылдан кийин ысытма жана баш ооруга чылдыгып, каза болуусун көрүп, акылдуу бирөө төрт жылдан кийин уу таасирин көргөздү деп айта албайт.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар эки маркумду жакшы сөздөр менен эскерип, алардын гайып жаназасын окутаарын жарыялады. Биринчи сөз Ражанпурдун туругуну урматтуу Али Мухаммад мырзанын уулу Насийр Ахмад мырза тууралуу болгон. Ал 21-ноябрь күнү 63 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъун. Ал Ражанпурда Район Амиринин орун басары, Заъийм Ансаруллахтын орун басары жана Жамаат президенти катары кызмат кылуу бактысына ээ болгон. Маркум беш маал намазды калтырбай аткаруучу, Курани Каримди окууда шыктануучу жана даават иштерине шыктануучу инсан болгон. Ал Мусий болгон жана анын артында жубайынан тышкары бир кызы жана үч уулу калды. Анын уулдарынын бири Халид Ахмад мырза Жамаатыбыздын миссионери жана бүгүнкү күндө Батыш Африкада жайгашкан Мали Республикасында кызмат кылып жатат. Амал (кызмат) майданында болгондугу үчүн атасынын жаназасына катыша албай калды.

Экинчи жаназа акыркы күндөрү Канадада жашап келе жаткан Шехпура районуна караштуу Кирто айылынын туругуну Миян Алладитта мырзанын уулу урматтуу Атаул-Карийм Мубашшир мырзаныкы. Ал 13-ноябрь күнү 75 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъун. Маркум Халифат жана Жамаат системасына чын жүрөктөн берилген инсан болчу. Зээндүү, ой-пикири күчтүү, жүрөгү таза жана чынчыл инсан болчу. Маркум Мусий болгон. Анын артында жубайынан тышкары, эки кызы жана эки уулу калды. Анын уулдарынын бири Атаул-Маннаан Тахир мырза Жамаатыбыздын миссионери жана бүгүнкү күндө Садр Анжуман Ахмадияда Наиб-Наазир болуп иштеп жатат. Неберелеринин бири Жаазиб Ахмад Канададагы Жамия Ахмадияда окуп жатат. Ал Жамаатыбыздагы акын Абдул-Карийм Кудсий мырзанын улуу бир тууганы болчу. Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумдарды кечирип, аларга ырайым кылсын, алардын даражаларын көтөрсүн жана алардын муундарына алар баштаган жакшылыктарын улантып турууга күч-кубат берсин деп дуба кылды. Аамийн

٭٭٭٭٭٭٭٭٭

Share via