Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ыкластуулук жана берилгендиктин көрүнүшү болгон Бадр согушуна катышкан сахаабалардын куттуу мүнөздөрүнүн жагымдуу баяны

мечит Гисен Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Урматтуу Хожа Рашийдуддин Камар мырзанын каза тапкандыгы, аны эскерүү жана гайып жаназасы

2019-жылдын 18-октябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Германиянын Гисен шаарында окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 18октябрында Германиянын Гисен шаарында жайгашкан көргөзмө борборунда окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Бул кутбанын бир топ тилдердеги котормосу да түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) Урматтуу Хафиз Авайс Камар мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Мен баштаган Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Бадр согушуна катышкан сахаабаларынын баянын бүгүн дагы улантамын. Менин иш сапарымдын себебинен анын курамы үзүлүп кеткен болчу. 20-сентябрь күнү мен окуган жума кутбасында Азирети Хубайыб (разияллааху анху) тууралуу айтып берген элем, анын бир аз баяны айтылбай калып кеткен болчу. Алла Таала Азирети Хубайыб (разияллааху анху)нун тилегине жараша Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ал (разияллааху анху) жолдогон саламын жеткирген эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Хубайыб (разияллааху анху) жана анын шериктери шейит болгондон кийин, ошол зулумдуктун башчысы болгон адам Абу Суфянды өлтүрүү үчүн, Азирети Амар бир Умаййа жана Азирети Жаббар бин Сахар Ансарийди Меккеге жөнөттү. Ал экөө Меккеге барып, Каабаны зыярат кылып, эки рекет намазын окушту. Мекке Курайштары аларга шек-күмөн санагандыктан, алар жашынып түнөгөнгө мажбур болушкан. Кийинки түндө ал эки сахааба Азирети Хубайыб (разияллааху анху)нун сөөгү кагылган жыгачты алып салып, аны суу арыгына таштап жиберишти.

Хузур-э-Анвар Хужайыр бин Абу Ваххабдын багып алган кызы Муъавия айтып берген Азирети Хубайыб (разияллааху анху)нун зындандагы ахвалын баяндап берди. Ал (разияллааху анху)га ыӊгайсыз ахвалда жүзүмдөр тартууланган эле. Кудум ошондой бир жолу Азирети Хубайыб (разияллааху анху) устара сураганда, бир жаш бала аркылуу ошол устара ага жиберилген. Муну көрүп, Муъавия Хубайыб өч алуу катары ушул баланы өлтүрүп коюсунан корккон, бирок Хубайыб (разияллааху анху) Муъавияга: «Мен андай адам эмесмин, мен аны өлтүрбөйм, биз өз динибизде чыккынчылыкты арам деп билебиз», – деп айткан.

Азирети Хубайыб (разияллааху анху) Алла жолунда айкаш жыгачка илинген биринчи сахааба болчу. Хузур-э-Анвар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га алардын сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгон: керек болсо, алар өз жанын да аяшкан эмес, ошондуктан алар Алла Тааланын ыраазычылыгына жеткен инсандардан болушкан деп айтты.

мечит Гисен Германия Ислам Мухаммад Пайгамбар дин ыйман ибадат сыйынуу мусулман момун даават намаз

Хузур-э-Анвар сөз кылган экинчи сахааба Азирети Абдулла бин Абдулла бин Убай бин Сулул болгон. Ал (разияллааху анху) Ансаарлардын Хазраж уруусунун Бану Ауф бутагынан болгон. Эки жүздүүлөрдүн жетекчиси Абдулла бин Убай бин Сулулдун уулу болчу. Ал (разияллааху анху) абдан ыкластуу, ишенимдүү жана берилген сахааба болгон. Азирети Абдулла (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге Бадр, Ухуд жана башка бардык казаттарга катышкан. Ал (разияллааху анху) кат-сабаттуу адам болгон жана вахий-аянды жазуу сыймыгына ээ болгон. Ухуд согушунда анын тиштери сынып кеткенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага алтын тиштерин салдыруу кеӊешин берген эле.

Ухуд согушунан кийин Абу Суфян мусулмандарды кийинки жылы Бадр майданында кайрадан согушууга чакырганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын чакыруусун кабыл кылгандыгын жарыялаган. 4-хижра жылынын Шаваал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жарым миӊ сахаабадан турган жамаат менен Мединадан чыкканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн артында (же жоктугунда) Азирети Абдулла бин Абдулланы Амир кылып дайындаган. Экинчи жактан, Абу Суфян бин Харб дагы эки миӊ аскерлерди алып, Меккеден чыккан. Мынчалык чоӊ жамааттын бар экендигине карабай, Абу Суфян коркуп турган эле. Ошондуктан, ал бейтарап бир уруудан болгон Наъийм аттуу адамды Мединага жөнөткөн. Наъийм мусулмандарга Курайыштын күч-кубаты жана толкундануусу жөнүндөгү жалган окуяларды айтып, Мединада кандайдыр бир дүрбөлөӊ салган эле. Кээ бир алсыз адамдар бул согушка катышуудан корко башташкан. Мына ушундай кырдаалда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандарды согушууга чакырып, биз каапырлардын согушка чакыруусун кабыл алып, ошол согушка катышууга сөз бергенбиз, ошон үчүн биз артка чегине албайбыз. Эгерде жалгыз барууга туура келсе, жалгыз душманга көкүрөгүмдү тосуп берем деп айткан. Бул кептерди угуп, адамдар чын ыклас жана толкундануу менен чыгууга ыраазы болушкан.

Бирок Алла Тааланын күчү чексиз болгондуктан окуя мындайча болду: мусулмандар өздөрүнүн убадасына ылайык Бадр майданына келишкен, бирок Курайыштын аскерлери каатчылык жана оорчулукту шылтоо кылып, Меккеден бир чыгып, анан артына кайтып кетишти. Мусулман аскерлери сегиз күн Бадрда турган. Ал күндөрдө ал майданда кандайдыр бир улуттук майрам болуп жаткан эле, сахаабалар ага катышып, соода иштерин жүргүзүп чоӊ пайда көрүшкөн.

Азирети Абдулла (разияллааху анху) 12-хижра жылы Йамаама согушунда шейит болгон. Хузур-э-Анвар Азирети Абдулла (разияллааху анху)нун атасы Абдулла бин Убай бин Сулул тууралуу төмөндөгүдөй окуяны айтып берди: Бадр согушунан мурун бир жолу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эшек минип, ооруп жаткан Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)нун ал-ахвалын сураганы кетип бараткан эле. Жолдо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдулла бин Убай да отурган бир жыйындын жанынан өттү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Ислам динине даават кылган, бирок Абдулла бин Убай аны жактырган эмес. Азирети Абдулла бин Равааха (разияллааху анху) да ал жерде бар болчу, ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жан тарткан, натыйжада мусулмандар, мушриктер жана яхудийлер бири-бирин тилдеп, айтышып жана мушташканга чейин барышканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга насаат сөздөрүн айтып, алардын кызуу кандуулугун басыӊдаткан.

Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ооруп жаткан Саъд бин Убаада (разияллааху анху)га келгенде, ага болгон окуяны айтып берген. Муну угуп, Саъд (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га: «Сиз Абдулла бин Убайны кечириӊиз. Бул шаардын тургундары Абдулла бин Убайны өздөрүнө жетекчи кылууну чечишкен, бирок Алла Таала Сизге тартуулаган акынын айынан Алла Таала муну кабыл кылбады, натыйжада ал көрө албастык отуна күйүп кетти», – деп айткан. Бул кеӊири маалыматтарды алгандан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдулла бин Убайды кечирген.

Бадр майданында мусулмандар каапырларды жеӊилүүгө дуушар кылышканда жана Курайш уруусунун чоӊ-чоӊ жетекчилерин өлтүрүшкөндө, Абдулла бин Убай жана анын мушрик шериктери бул (Ислам) жамаатынын азыр бийик салтанатка ээ болуп калганын көрүп, Ислам динине туруктуу болууга Байъат беришкен.

Хузур-э-Анвар Абдулла бин Убайдын жүрүм туруму тууралуу Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) баяндаган кээ бир ой-пикирлерин айтып берди: Ухуд согушунан мурун Курайш жасай турган чабуулунун негизинде кеӊешүү үчүн адамдарды чакырганда, Абдулла бин Убай да алардын арасында бар болчу. Кеӊешүүдөн мурун ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Курайштын кан төгүү ой-ниеттери жана даярдыктары тууралуу сөз кылуу менен бирге өзү көргөн бир түшүн да айтып, Сахаабалардын талабына ылайык ошол түшүн жоруп да берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кече түнчүндө мен союулуп жаткан бир уйду көрдүм деген жана бул боло турган согушта кээ бир сахаабаларым шейит болушат деп аны жоруган. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) түшүндө өз кылычынын учу сынып кеткенин да көргөн. Ал түшү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туугандарынан бирөө шейит болот же бул согушта ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га да жаракат келет деп жорулган. Андан тышкары ал (саллаллааху алайхи ва саллам) түшүндө өз зоотуна кол салганын да көргөн. Бул ушул чабуулга каршы күрөшүү үчүн Мединанын ичинде болуу ылайыктуураак деп жорулган. Түшүнүн акыркы бөлүгүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүн бир кочкор мингенин көргөн жана аны каапырлардын кошуунун жетекчиси, тагыраак айтканда, желек көтөргөн адам өлтүрүлөт деп жоруган.

Улуу сахаабалар жана Абдулла бин Убай Мединанын өзүндө туруп, күрөшүү керек деп кеӊеш беришкен, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү да бул кеӊешти жактырган. Ал эми жаш сахаабалар, айрыкча Бадр согушуна катыша албаган сахаабалар шаардан чыгып, күрөшүү керек деген ойго бекем туруп алышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үй ичине кирип кетти жана чалма ороп, жана куралданып алды. Бул убакыт аралыгында улуу сахаабалардын түшүндүрүүсү менен ал жаш жигиттер биз өз кеӊешибизге басым жасабашыбыз керек болчу деп өз катасын сезип алышты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үйдөн чыгып келгенде, алар кыжаалат тартып, бушайман экенин билдиришкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) азыр ой-ниет кылып алган болчу. Ошондуктан, катуу толкунданып: «Алла Таала кандайдыр бир чечим чыгара электе куралданып алгандан кийин ошол куралдарды чечип салуу Алла Тааланын Пайгамбарынын шанына туура келбейт», – деп айткан.

Бул согуштун экинчи күнү, тагыраак айтканда, 3-хижра жылынын 15-Шаваалында Абдулла бин Убай чыккынчылык кылып, өзүнүн үч жүз шериктери менен мусулман кошуунун таштап, Мединага кайтып кетти. Андан кийин мусулмандардын саны жети жүз болуп калган. Каапырлардын үч миӊ аскерлеринин каршысында бул күч төрттөн бир бөлүгүнө да жетпейт эле.

Жума кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар урматтуу Хожа Рашиддудин Камар мырза маркумду жакшы сөздөр менен эскерип, анын жаназа намазын окуурун жарыялады. Ал киши 10-октябрь күнү кыска мөөнөттүк оорудан кийин 86 жаш курагында Алла Тааланын амирине моюнсунуп, көз жумган эле. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал 1933-жылы Кадиянда төрөлгөн. Маркум Худдаамул-Ахмадиянын эӊ биринчи президенти Мавлавий Камаруддин мырзанын уулу, Азирети Миян Хайруддин Сахиб (разияллааху анху)нун небереси жана Англия Жамаатынын Амири Сахибдин тайекеси болчу. Маркум Пакистандын аба аскерлери күчүндө иштеген, анан 1958-жылы Англияга келген жана 33 жыл Британия аба жолдорунда кызмат кылган. Бүткүл өмүрүн Жамаатка кызмат кылуу менен өткөргөн. Биринчи Кааид Мажлис Худдаамул-Ахмадия катары кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Маркум Халифатка берилген, такыба, Тахажжуд намазын аткаруучу, абдан мээримдүү жана жакыр адамдарга көмөк көрсөтүүчү инсан болгон.

Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумду кечирип, ага ырайым кылсын жана Өзүнүн сүйүктүүлөрүнүн тамандары астында жай берсин, ошондой эле анын балдары жана тукумдарына ал жасаган жакшы иштерин улантып туруу мүмкүнчүлүгүн тартууласын деп дуба кылды. Аамийн  

٭…٭…٭

Send this to a friend