Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Убаада бин Саамиттин куттуу мүнөзүнөн кээ бир башка окуялар жана рабаяттардын баяны

Ислам ыйман мечит жума кутбасы дин намаз сахаба

2019-жылдын 6-сентябрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Бул кутбанын котормосу да бир топ тилдерде түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) Урматтуу Феруз Аалым мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өткөн жума кутбасынын мазмунун улантып, Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху) жөнүндөгү окуяларды улантып, анын куттуу мүнөзүнөн кээ бир башка окуялар жана рабаяттарды айтып берди:

Хузур-э-Анвар мындай деди: Абдулла бин Убайдын айтуусу менен ага тилектеш болгон Кенкаа уруусу мусулмандарга каршы согушканда, Убаада (разияллааху анху) да Абдулла бин Убай сыяктуу аларга тилектеш болгон болчу. Бирок Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн алардын тилектештигинен баш тарткан. Ошондо «Ал-Мааида» сүрөөсүнүн 52-аяты түшүп, анда момун-мусулмандарга яхудий жана христиандар менен достошууга тыюу салынды.

Бул куттуу аятты чечмелеп, Хузур-э-Анвар мындай деди: бул аят кайсы бир христиан же яхудийге такыр эле пайда келтирүү керек эмес деген маанини түшүндүрбөйт, ал эми силер согуш болуп жатканда яхудий же христиандар менен дос болбогула дегенди билдирет. «Ал-Мумтахина» сүрөөсүнүн 9-аятында Алла Таала силерди алар менен жакшы жана адилеттүү мамиледе болуудан токтотпойт деп айтылган.

Ал Азирети мусулман үммөтүнүн азыркы ахвалына өкүнүп мындай деди: биринчи аятта алсыздык, коркуу жана эр жүрөксүздүктүн айынан мусулман эместер менен достошпогула, силер бир гана Алла Таалага тобокел кылууңар керек деп түшүндүрүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө биз байкагандай, мусулман бийликтери тилекке каршы мусулман эместердин кучагына алынып, алардан кооптонушуууда. Алла Таала ушул мусулман бийликтерине акыл берсин.

Хузур-э-Анвар «Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде Бану Кенкаа менен болгон согуш жана алардын куугунтукталуусу тууралуу кеңири маалыматтарды берди. Бадр согушунан кийин Мединадагы яахудийлердин көмүскө көрө албастык оту жалындап, алар: «Курайштын кошуунун жеңүү кыйын деле эмес болчу. Биз менен күрөшө турган болсоңор, биз кантип согушуу керектигин силерге көрсөтүп коёбуз», – деп ачык-айкын айта башташкан. А түгүл, бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында да кудум ошондой сөздөрдү сүйлөшүштү.

Буга карабай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар жактан яхудийлердин көңүлүн алууга аракет кылган. Бир жолу бир яхудий бир сахаабанын алдында Азирети Муса (алайхиссалаам)дын баардык пайгамбарлардан абзел экенин айтканда, ал сахааба ачууланып кетти жана ошол яхудийге бир аз катуу мамиле жасады жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баардык пайгамбарлардан абзел деп айтылган деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул окуядан кабардар болгондо, ал сахаабага эскертүү жасаган жана Азирети Муса (алайхиссалаам)дын бир артыкчылыгын айтып, яхудийлердин көңүлүн көтөргөн. Бирок ушул жумшак көңүлдүүлүгү жана мээримдүүлүгүнө карабай, аякыр аягында яхудийлер тарабынан согушуунун кырдаалы пайда кылынды. Мединадагы яхудийлердин арасында Бану Кенкаа уруусу баарынан күчтүү жана эр жүрөк болушкан. Ошондуктан, ошолор гана биринчи болуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен түзүлгөн келишимди бузушту.

Мындай окуя болду: бир мусулман аял соода алганы бир яхудийдин дүкөнүнө барган. Ал дүкөнчү жана анын шериктери өтө бейбаштык менен ал мусулман аялдын намысына тийшти. А түгүл ал аялга билгизбей, анын асты кийиминин бир четин кандайдыр бир мыкка же тикенеккеби, кагып коюшкан. Ал аял кетейин деген маалында кийими түшүп калган. Муну көрүп, ал яхудий дүкөнчү жана анын шериктери каткырып күлө башташкан. Мусулман аял уялгандан кыйкырып жиберип, жардам сураган. Бир мусулман адам жардам бергени келгенде, жаңжал башталып, ал дүкөнчү яхудий өлүп калат. Натыйжада, туш тараптан ал мусулманга кылычтар менен кол салынып, ал намсыкөй мусулман ошол эле жерде жан берет. Бул окуядан кийин мусулмандар жана яхудийлер бири-бирине каршы чыгышып, кандайдыр бир согушуу кырдаалы пайда болот.

Ушундай кейиштүү ахвалда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бану Кенкаанын аксакалдарын чогултуп, мындай кылуу туура эмес деп аларга түшүндүргөн. Бирок ал аксакалдар шерменде болуудан көрө абдан көйрөңдүүлүк менен жооп кайтарып, согушаары тууралуу айтышып коркутушту. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) айласы кетип, сахаабаларды ээрчитип алып, Бану Кенкаанын коргондорун көздөй жөнөшөт. Согуш жарыяланып, ал доордогу каада-салтка ылайык Бану Кенкаа өздөрүнүн коргондорунун дарбазаларын жаап, ичинде бекинип алышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын коргондорун курчоого алып, бул курчоо үзгүлтүксүз он беш күнгө созулган. Бану Кенкаанын баардык күчү жана көйрөңдөнүүсү талкалангандан кийин алар: «Мал-мүлктөрүбүз мусулмандарга өтсүн, бирок айбандарыбыз жана бала-чакаларыбызга мусулмандардын эч бир акысы болбосун», – деген шарт менен коргондорунун дарбазаларын ачууга мажбур болушкан. Муса (алайхиссалаам) алып келген шарият боюнча алардын баары өлүмгө татыктуу болушчу. Бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ырайымдуу жана мээримдүү мүнөзү ал доордогу ахвалды эсепке алып: «Алар Мединадан чыгып кетишсин», – деген өтө жумшак чечимди чыгарды. Ошентип, Бану Кенкаа абдан бейпилдик менен Сирияны көздөй жөнөштү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды кетирүү жана күзөтүү ишин Азирети Убаада бин Саабит (разияллааху анху)га тапшырган болчу.

Азирети Убаада бин Саабит (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: «Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Убаада бин Саабит (разияллааху анху) ооруганында аны көргөнү барып: «Менин үммөтүмдөгү шейиттер ким экенин билесиңерби?» – деп сураган. Азирети Убаада (разияллааху анху): «Эр жүрөктүк жана туруктуулук көрсөтүү боюнча жарыша турган адам», – деп жооп берген. Ошондо Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ушул эле болсо, анда менин үммөтүмдө аз эле шейит калат го», – деп айткан. Анан Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла жолунда өлгөн, чума оорусу менен өлгөн, чөгүп өлгөн, ич оорусу менен өлгөн адамды, ошондой эле Нифаас[1] ахвалында көз жумган аялды да шейит деп атаган».

Азирети Усман (разияллааху анху)нун Халифат доорунда Азирети Убаада бин Саабит (разияллааху анху) менен Азирети Амир Муъаавия (разияллааху анху)нун ортосунда бир пикир келишпестик болуп калат. Натыйжада, Азирети Усман (разияллааху анху) Азирети Убаада (разияллааху анху)ну Сириядан чакыртып алды. Хузур-э-Анвар өткөн жума кутбасынын негизинде Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда чыккан кудум ошондой бир пикир келишпестиги тууралуу кыскача сөз кылып, мындай деди: Азирети Убаада (разияллааху анху) көптөгөн маселелерди чечмелей ала турган даражага ээ инсан болчу, себеби ал (разияллааху анху) ушул кептерди түздөн түз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан уккан болчу. Бирок, ар бир адамдын мына ошондой карама-каршылыкты көрсөтүүсү дурус эмес. Негизги нерсе, Алла Тааланын чек араларынан чыкпоо керек. Ар бир Ахмадий мусулман муну эсине тутуп, баш ийүү алкагынын ичинде туруусу керек.

Азирети Убаада (разияллааху анху) өзүнүн перзенти Валийдге насаат кылып: «Эй, уулум! Алла Тааладан корккун жана билип кой, Аллага жана жакшылык-жаманчылык тагдырына ишенмейинче сен такыба боло албайсың», – деп айткан.

Азирети Анас (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: « Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Убаада (разияллааху анху)нун жубайы Азирети Умму Хараам бинт Милхаандын үйүнө барып турчу. Бир жолу Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын үйүнө барганда, ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды коноктогон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тамак ичкенден кийин уктап калат жана бир аздан кийин жылмайган бойдон ойгонот. Азирети Умми Хараам мунун себебин сураганда, Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Менин үммөтүмдөгү Алла жолунда согушуу үчүн чыккан кээ бир адамдар менин алдыма келтирилген, алар деңиздеги кемелерге чыккан кудум тактыларга отурган падышалар сыяктуу», – деп айткан. Азирети Умми Хараам: «Алла Таала мени да алардын сабына кошсун деп дуба кылууңузду суранам», – деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы бир жолу кудум ошондой жылмайган бойдон ойгонгон. Азирети Умми Хараам себебин сураганда, мурунку сөзүн кайталаган. Азирети Умми Хараам кайрадан дуба кылуусун суранганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Сен алардын сабына кошулуп кеткенсиң», – деп жооп берген. Ошентип, ал (разияллааху анхаа) кийинчерээк деңиздеги бир сапарга чыккан, деңизден чыккан соң, өзүнүн унаасынан жыгылып, көз жумган. Хузур-э-Анвар Азирети Умми Хараам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жакын тууган-туушкандарынан болгондугу үчүн Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын үйүнө барчу.

Жунаада бин Абу Умаййа Азирети Убаада (разияллааху анху) ооруп калганда, аны менен жолукканда, Азирети Убаада (разияллааху анху) ага: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жыргалчылык болобу, кайгы-капачылык болобу, жокчулук болобу же токчулук болобу, ар кандай жагдайда угабыз жана баш ийебиз деп бизден Байъат алган эле», – деп айтып берген. Кудум ушундай Сунабийден төмөнкүдөй рабаят этилет: «Азирети Убаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Анын Элчиси деп күбө берген адамга тозоктун оту арам, тагыраак айтканда, ал киши мусулман», – деп айтканын айтып берген».

Хузур-э-Анвар Алла Таала руханий илим-билимден тышкары иш жүзүндөгү жашоону өткөрүү үчүн өтө зарыл болгон ушул кептерди бизге жеткирген ушул сахаабалардын даражаларын жогорулатсын деп дуба кылды.

Кутбанын аягында Ал Азирети үч маркумду эскерип, алардын гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады. Аталган маркумдардын биринчиси Сириянын тургуну Саъийд Сукя мырза болчу. Ал киши 18-апрель күнү кайтыш болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Инааа Илайхи Раажиъуун.

Экинчи жаназа Тунистин тургуну урматтуу Ат-Таййиб Ал-Убайдий мырза болчу. Ал киши 26-июнь күнү 70 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Инааа Илайхи Раажиъуун.

Үчүнчү жаназа урматтуу Аматуш-Шукуур Бегам айымдын болчу. Ал киши Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла)нын улуу кызы болчу. Ал 3-сентябрь күнү 79 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Инааа Илайхи Раажиъуун.

Хузур-э-Анвар Алла Таала аларды кечирип, аларга ырайым кылсын, ошондой эле алардын балдары жана кийинки муундарын чын жүрөктөн Халифат жана Жамаат менен байланышып туруу күч-кубатын берсин деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Бала төрөгөндөн кийин кырк күнгө чейин аялдарга келүүчү кан.

Send this to a friend