Аялдарды реформалап-оӊдоонун жолу

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Эгерде эркек жакшы жана такыба мүнөзгө ээ болбосо, анда аял такыба болушу мүмкүнбү? Ооба, эгер эркек өзү такыба болсо, анда аялы дагы такыба болушу мүмкүн. Аял кишиге бир гана сөз менен насаат айтпашы керек, жок, эгерде кылган иши менен үлгү көрсөтпөсө, анда ал (насаат) өз таасирин тийгизбейт. Аялзаты тургай, куру сөз менен кулак сала турган башка ким бар?
Эгерде эркек адамда кандайдыр бир кыйшыктык же кемчилик болсо, анда аял ар дайым буга күбө болот. Эгер ал үйүнө пара алып келген болсо, анда аялы: «Күйөөм өзү алып келгенден кийин, мен эмнеге харам демек элем?» – деп ойлонот. Эркектин таасири сөзсүз аялга тийет жана ал өзү аны жаман же жакшы кылат. Ошондуктан, (Ыйык Куранда) мындай деп жазылган:اَلۡخَبِیۡثٰتُ لِلۡخَبِیۡثِیۡنَ وَ الۡخَبِیۡثُوۡنَ لِلۡخَبِیۡثٰتِ ۚ وَ الطَّیِّبٰتُ لِلطَّیِّبِیۡنَ وَ الطَّیِّبُوۡنَ لِلطَّیِّبٰتِ[1Бул (аят)та «силер таййиб (жакшы) болгула, антпесе миӊ башыӊарды кармасаӊар дагы, эч нерсеге жетише албайсыңар» деген насаат гана бар. Эгер адам өзү Кудайдан коркпосо, анда аялы андан кантип корксун? Мындай молдолордун да, андай күйөөлөрдүн да насааты таасир этпейт. Кандай болгон күндө дагы, практикалык мисал таасир этет. Мисалы, күйөөсү түнкүсүн туруп, намаз окуса жана (намазда) ыйласа, анда аял бир-эки күн көрөт, акыры бир күнү ал өзү да ойлонуп калат жана сөзсүз түрдө таасирленет. Аялзатынын таасирленүүчү заты көбүрөөк болот. Ошондуктан, күйөөлөр христиан ж.б. болуп кетишкенде, аялдар да алар менен бирге христиан ж.б. болуп кетишет. Алардын реформаланып-оӊолуусу үчүн кандайдыр бир медресе да жетиштүүлүк кылбайт, күйөөсүнүн практикалык мисалы эле жетиштүү болот. Аялга анын бир туугандарынын да күйөөсүнө салыштырмалуу эч кандай таасири болбойт.
Аллах Таала эркектер менен аялдардын экөөсүн теӊ бирдей кылып жараткан
Өз аялдарына өздөрүнүн кемчиликтерин кармоого мүмкүнчүлүк берүү – бул эркектердин катачылыгы. Алар өз аялдарына алар: «Сен баланча жаман иш кыласыӊ?» – дей ала турган мүмкүнчүлүктү такыр эле бербеши керек. Жок, эгер аялзаты кемчилик издей берип, чарчап калса, ошондо ал ыйманды ойлонуп, динди түшүнүп алат.
Эркек өз үйүнүн имамы болот. Демек, эгер ал өзү жаман эффект жаратса, анда ал канчалык жаман натыйжа берүүсү мүмкүн? Эркек адам өз жөндөмдүүлүктөрүн өз ордунда жана мыйзамдуу учурларда колдонушу керек. Мисалы, ачуулануу күчү чектен чыгып кетсе, анда ал жиндиликтин башталышы болуп саналат. Жиндилик менен чектен ашып ачуулануунун айырмасы өтө эле аз. Даанышмандык аябай ачууланган адамдан тартылып алынат. Жок, каршылаш бирөө болсо да, аны менен да ачууланып сүйлөшпөсүн.
Эркектин ушул бардык нерселерин жана касиеттерин аялзаты көрөт. Ал жолдошумда такыбаалыктын айкөлдүк, жумшактык, сабырдуулук сыяктуу касиеттери бар деп көрөт. Аны (күйөөсүн) текшерүүгө ал алган мүмкүнчүлүктөй башка эч ким ала албайт. Ошондуктан, аялды «ууру» деп да айтышат, анткени ал толук адеп-ахлакка ээ болгонго чейин билгизбей, (күйөөсүнүн) адеп-ахлактарын уурдай берет». (Малфузаат, III том, 156-158-бет, 1988-жылда басылган нускасы)
*******
[1] Таза эмес аялдар таза эмес эркектер үчүн жана таза эмес эркектер таза эмес аялдар үчүн; ошондой эле таза аялдар таза эркектер үчүн жана таза эркектер таза аялдар үчүн (24:27)