Аллахтан корккондор чыныгы аалымдар

«Улуу Салтанаттуу Аллахтан Анын Бийиктигин, Кудуреттүүлүгүн, Мээримдүүлүгүн, Сулуулугун жана Жамалын билгендер гана коркушат. Чындыгында, «коркуу» жана «Ислам» өзүнүн мааниси жагынан бир эле нерсе, себеби «эӊ жогорку даражадагы коркуу» деген түшүнүк «Ислам» деген түшүнүктү талап кылат. Демек, бул аяттын маңызы жана мааниси бул: Исламга жетүүнүн кемчиликсиз жана жетик жолу – бул Алла Тааланын улуулугун жана сыпаттарын билүү». (Аайна Камалаат–э–Ислам, Руханий Хазайин, 5-том, 185-бет)
«Адамдын өзгөчөлүгү ушул гана: ал Алла Таала жөнүндөгү кемчиликсиз-жетик билим алуу менен туура жолду таба алат. Мисалы, Алла Таала мындай дейт:اِنَّمَا یَخۡشَی اللّٰہَ مِنۡ عِبَادِہِ الۡعُلَمٰٓؤُا Ооба, шайтандык мүнөзгө ээ болгондор бул эрежеден тышкары». (Хакийкатул-Вахий, Руханий Хазайин, 22-том,122-бет)
«Билим дегенде логиканы же философияны билдирбейт, жок чыныгы билим – бул Аллах Таала Өзүнүн берешендиги менен гана берген нерсе. Бул илим-билим Аллах Тааланын маърифатынын булагы жана Аллахтан коркуу сезимин жаратат. Аллах Таала Ыйык Куранда айткандай:اِنَّمَا یَخۡشَی اللّٰہَ مِنۡ عِبَادِہِ الۡعُلَمٰٓؤُا Эгерде илим-билим менен Аллах Тааладан коркуу сезими өсүп-өнүкпөсө, анда билип койгула, ал илим-билим маърифатты өнүктүрүүнүн булагы эмес». (Малфузаат, 1-том, 195-бет)
«Эсиңерде болсун, тайгаланып кетүү ар дайым сабатсыздарга келет. Шайтанга келген тайгалануу билимден эмес, билимсиздиктен улам болгон. Эгер ал билим жагынан кемчиликсиз-жетик болсо, анда ал тайгаланып кетпейт эле. Ыйык Куранда илим жемеге алынган эмес, тескерисинчеاِنَّمَا یَخۡشَی اللّٰہَ مِنۡ عِبَادِہِ الۡعُلَمٰٓؤُا (Албетте, Алланын пенделеринин арасынан жалаӊ билимдүүлөр гана Андан коркушат) деп кезигет (35:29). «Анан мындай деди: «чала молдо дин бузат» деген белгилүү макал бар эмеспи. Ошондуктан, менин каршылаштарымды билим эмес, билимсиздик өлтүрдү». (Малфузаат, 2-том, 223-бет)
«Улама» деген сөзгө алданбашыбыз керек. Аалым – бул Аллах Тааладан корккон адам.اِنَّمَا یَخۡشَی اللّٰہَ مِنۡ عِبَادِہِ الۡعُلَمٰٓؤُا ِّАлбетте, Алланын пенделеринин арасынан Андан корко тургандар гана аалымдар (Фатыр: 29) Аларда Аллахка толук берилгендик жана коркуу ушунчалык деңгээлде жаратылган болот, алар Аллах Тааланын Өзүнөн илим-билим жана маърифатты үйрөнүп, Анын Өзүнөн кут-береке алышат. Бул абал жана даража Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га толук моюн сунуу жана ага болгон толук сүйүү менен табылат. Адамдын ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын түсүнө толук боёлгондо гана табылат». (Малфузаат, 4-том, 433-434-бет)