Жаңы Делиде болуп өткөн эл аралык китептер көргөзмөсүнө Ахмадия Мусулман Жамаатынын катышуусу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жаңы Делиде болуп өткөн эл аралык китептер көргөзмөсүнө Ахмадия Мусулман Жамаатынын катышуусу

китеп китептер көргөзмө илим билим жазуучу автор адабыятчы акын

Алла Тааланын берешендиги жана Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) сураган дубаларынын берекеси менен Жаңы Делидеги Ахмадия Мусулман Жамааты эл аралык китептер көргөзмөсүнө катышып, миллиондогон адамдарга Исламдын көркөм жана тынчтык таалимдерин жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 2020-жылдын 4-январынан 12-январына чейин Делинин Паргати майданында National Book Trust of India (Индиянын улуттук китеп фонду) тарабынан эл аралык китептер көргөзмөсү уюштурулуп, ага 23 өлкөдөн келген жүздөгөн басып чыгаруучу жана китеп сатуучулар катышып, өз көргөзмөлөрүн уюштурушкан. Жаңы Делидеги Ахмадия Мусулман Жамааты дагы ал учурда өзүнүн абдан кооз көргөзмөсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал-Хамдулиллах

Жамаатыбыздын көргөзмөсүндө (Book Stall) Курани Каримдин түрдүү котормолору жана Жамаат адабияттары коюлган. Тынчтыкты орнотуу жагынан Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин ар түрдүү сөздөрүнөн турган аябай кооз плакаттар илиндирилген, андан тышкары чатырдын ичинде бир телевизор коюлуп, андан Хузур-э-Анвар тынчтыкты орнотуу үчүн жасаган иш-аракеттеринен турган бир маалыматтык видео тасмасы көрсөтүлгөн, ал көргөзмөнү көргөнү келгендердин кызыгуу чордонуна айланып турган.

Элүү миңден ашуун адамдар Жамаатыбыздын көргөзмөсүнө визит жасашкан жана эки миңден ашык адамдар Ислам менен Ахмадия тууралуу ар кандай суроолорду сурап, аларга жооп алышкан, алардын катарында көптөгөн окуган адамдар жана колледж менен жогорку окуу жайынын студенттери бар болчу. Ар кандай саясий адамдар, өкмөт кызматкерлери, диний жетекчилер жана профессорлор да Жамаатыбыздын борборуна келип, Жамаатыбыздын таалимдеринен таасирленип, Жамаатыбыз аткарып келе жаткан кызматтарына баа берип, зор тилектерин билдиришкен.

Жамаатыбыз уюштурган көргөзмөсүнө келген адамдардын арасында Ислам таалимдерине өзгөчө кызыккандарга алардын табияттарына жараша Жамаат китептери белек катары да берилген, алардын ичинде Курани Карим, «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баяны», «Эл аралык кризиси жана Тынчтыктын жолу», «Исламдын финансылык системасы» деген ж.б. ар кандай китептер бар эле.

Ал китептер көргөзмөсүнүн учурунда Ислам дининин тынчтык таалимдери жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу боюнча Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин ар кандай ыйманды күчтөндүрүүчү кайрылуулары жана сөздөрүнөн турган жети миңден ашуун брашюралар да таратылган.

Алла Таала Жаңы Делидеги Ахмадия Мусулман Жамааты жасаган иш-аракеттерине чексиз берекелерди кошуп, ал көргөзмөдөн жакшы натыйжаларын чыгарсын деп дуба кылабыз. Аамийн

(Репортажды даярдаган: Индиянын басма сөз кызматы жана медиасы)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну