Жаңыдан мусулман болгондор Руханий Жетекчи менен жолукканы Голландияга келишти
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жаңыдан мусулман болгондор Руханий Жетекчи менен жолукканы Голландияга келишти

Ахмадий мусулмандар делегаты Азирети Мырза Масрур Ахмад менен жолугушуу максатында Франциядан сапар тартышты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2015-жылдын 11-октябрында Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечитте өздөрүнүн руханий жетекчиси менен жолугушуу максатында сапар тартып келишкен, жаңыдан Жамаатыбызга кошулган жыйырма эки Ахмадий мусулмандар делегаты менен 80 мүнөттүк жолугушуу өткөрдү.

2015-10-11-Converts-002

Франциядагы делегациясынын арасында жаңыдан Ислам динин кабыл алган жергиликтүү француздар жана түпкү ата-теги Алжирия, Мали, Маврикий жана Марокко сыяктуу өлкөлөрдөн болгон адамдар дагы бар болчу.

Делегаттын ар бир мүчөсү Азирети Мырза Масрур Ахмад менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, өздөрүнүн ишенимдери жана башка маселелер жөнүндө ага суроолорду беришти.

Францияда Ахмадиянын жайылуусу жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүнүн Ислам жөнүндөгү көз караштары терс, ошон үчүн француздарды Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдери менен нурдандыруу – бул жергиликтүү Ахмадий мусулмандарынын милдети. Ар дайым эсиңерде болсун, ар бир аракет дуба кылуу менен коштолбосо, ал ийгиликтүү болбойт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Учурда мен Голландияга жасаган иш сапарымдын аралыгында мен бир топ маектерди бердим жана журналисттер мага сиз Исламдын ахвалын көрүп, кандайдыр бир кайгырып же көңүлсүз калдыңыз беле деген суроолорду беришти. Мен аларга мындай дедим: эгер биз көңүлсүз болуп калсак, анда өз миссиябызды аткара алабайбыз. Ийгиликтүү болгондор эч качан уттурушпайт, ошон үчүн бардык Ахмадий мусулмандары Ахмадия кабарын алыска жана кеңири жайылтуу үчүн умтулуулары».

Жаңыдан Жамаатыбызга кошулган бир адам кээ бир жаңыдан Ахмадий мусулман болгондор башынан кечирген кыйынчылыктар жөнүндө сурады, натыйжада алардын үй-бүлөлөрү жана достору аларды чанып салышкан. Ал киши Алла таала алардын бардык кыйынчылыктарын алып салсын деп дуба кылды жана мына ошондой сыноолор адамдын ыйманын алсыратуучу болбошу керек деп да айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана аны ээрчигендер өздөрүнүн ыймандарын сакташ үчүн бир курмандыктын артынан курмандык жасашкан эмес беле? Алар ар түрдүү диний кысымдарга кабылышкан эмес беле? Ошентип, өзүнүн ыйманын сакташ үчүн ар бир Ахмадий мусулманы ар түрдүү курмандыкты жасоого даяр турушу керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эгер силердин үй-бүлөңөр же туугандарыңар силерге каршы чыгышса жана Ахмадий мусулман болгондуңар үчүн силерди кысымга алышса, ошондо дагы аларга сүйүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылгыла. Ошондо дагы алардын мутаждыктарын кандыргыла жана аларга көңүл бургула, анткени Ислам дини бизге ушуну эле үйрөтөт».

Жолугушуу бүткөн соң мечитте Азирети Мырза Масрур Ахмаддын колунда Байъат берүү (ант берүү) аземи болуп өттү.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via