Англияда Ислам дааваты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Англияда Ислам дааваты

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк

Азирети Муфтий Мухаммад Садык (разияллааху анху) 1917-жылдын 29-июнунда жазган кызыктуу окуялары. Ал 1917-жылдын 8-августунда «Ал-Фазл» газетасында басылган эле, аны кайрадан силерге сунуш кылуудабыз:

Жашы улуу жана кат-сабаттуу бир айым тарабынан Исламдын чынчылдыгын моюнуна алгандыгы

Азирети Муфтий Мухаммад Садык (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Өткөн бир отчётто бул жөнүндө сөз кылган болушум керек. Жолдо кокустан илгери Индияда жашаган бир айым менен жолугушуп калдым. Ал менден дарегимди алган болчу. Өз ара жазышып турдук. Мен ага бир топ китепчелерди жөнөткөм. Өткөн жекшемби күнү ал мени үйүнө чакырды. Чамасы үч саат сүйлөштүк. Акыр аягында ал: «Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Алла Тааланын чыныгы элчилери», – деп кабыл алды. Илгерки замандарда болгондой, ал ушул сөздөрдөн турган, өзүнүн колу коюлган бир расписка мага берди. Бул айымдын аты Мусе. Анын күйөөсү Бангал[1]да райондук сот болчу, азыр уулу да ошол эле аймакта сот болуп иштейт. Бир уулу баасы бир жүз элүү миңге жакын мүлктү көзөмөлдөйт жана ал аскердик кызматта чоң мансапта иштеп жатат. Ал өзү 72 жаш курагында, бирок активдүүлүгүн байкап көрсөң, бардык газеталардан ар кандай макалаларды кесип, өзүнчө сактайт. Көп-көп китеп окуйт. Илим-билимди сүйөт экен. Ал өзүнүн китепканасынан христиан динине жооп катары жазылган айрым мыкты китептерди мага берди».

Бир поп менен болгон кызыктуу диалог

Хайд Парк (Лондон)до бир поп элге кайрылып даават жүргүзүп жаткан эле, мен да барып калдым, төмөнкүдөй сүйлөшүү болду:

Садык: Поп мырза, менде бир суроо бар. (Мен тээ артта турган элем, угармандардын көбү аялдар болчу, менин үнүмдү угуп, мага жол беришти, мен алдыга чыгып, майданга барып туруп алдым).

Поп: Сөзсүз, беймарал айтыңыз.

Садык: Сиздин айтышыңыз боюнча Алла Таала балдарды каалады, ошондо уулу бар, бирок кызы жок. (Бул суроону угуп баардыгы курсант болушту жана туш тараптан поп мырза жооп бериңиз, албетте жооп бериңиз деп үн салышты).

Поп: Сиз жакшы адамсыз, сиз кайдан болосуз?

Угармандар: Бул берилген суроого жооп эмес. Поп мырза ушул джентелмендин суроосуна жооп бериңиз, ал жер-бул жерден сүйлөбөңүз.

Поп: (Сүйлөгөн бир адамга кайрылып) сиз эмнеге ортодо сүйлөйсүз?

Садык: Мен да буларды жактайм, сиз булардын каалоосун орундатып, менин суроомо жооп бериңиз.

Поп: (Мага кайрылып) сиз билбейсиз, тигил ортодо сүйлөгөн адам жөөт экен.

Садык: Жөөткө ыраазычылык билдирүү керек, себеби эгерде алар Кудайдын уулун крестке асышпаганда, сиз «кутулмак» эмессиз. Бул жөнүндө эмне дейсиз? (Муну угуп угармандар кыткылыктап күлүштү жана поп чочуп кетти).

Поп: Сиз жаңы суроо берип койдуңуз го.

Угармандар: Буга да жооп бериңиз.

Садык: Болуптур, ирети менен жооп бериңиз. А дегенде, биринчи суроого, анан экинчиге.

Поп: Сиз булардын сөздөрүнө көңүл бурбаңыз. Кудай Таала айткан: өлүктөр өлүктөрдү көмө берсин.

Угармандар: (Попко кайрылып) жооп бериңиз, сөздү башка жакка бурбаңыз.

Садык: Мен бул шаарда чоочун адаммын жана жаңы келдим. Мага ушуну түшүндүрүп коюңузчу: мына бул христиан өлкөдө бирөө өлгөндө, аны тирүү адамдар көмүшпөйбү, мүрзөлөрдөн өлүктөр чыгып көмүшөбү?

Поп: Үчүнчү суроо болуп калды.

Угармандар: Үчөөнө теӊ жооп бериңизчи.

Поп: Сиз кайдан келгениңизди айтып бергениңиз жок го.

Садык: Мен Индиядан келдим.

Поп: Жакшы, мен кубанычтамын. Менин жолдошум да Индияда төрөлгөн эле.

Садык: Анда ал жердешим турбайбы, мен аны менен сөзсүз жолугушам.

Угармандар: Поп мырза суроолорго жооп бериңиз же жооп билбейм деп коюңуз.

Поп: (Абдан толкунданып) мен ишенимдүү адаммын. Мен жалган сүйлөй албайм. Эгерде мен жооп бере албасам, анда жолдошум абдан акылдуу. Ал сөзсүз жооп берет. (Мага кайрылып) жолдошум аябай жакшы тамак жасайт. Европалыктар тамак жасай алышпайт.

Садык: Бул чоң кубанычтуу кабар. Мен аны менен кайда жолугушсам болот?

Поп: Ал ушул жерге келип турат. Анын белгиси: ал Библиянын аяттарын топусуна жазып алат. Сиз бул Хайд Паркта аны жүздөгөндөрдүн арасынан да таанып аласыз.

Садык: Мен (кишини) таануу боюнча анча деле чебер эмесмин. Сиз менин дарегимди алып кетиңиз, анан убакытты белгилеп, мени менен жолуктуруп коюңуз. Сиздин атыңыз ким?

Поп: Адамдар мени «Каарыган Жу» деп чакырышат.

Садык: Түнүӊүз бейпил болсун «Каарыган Жу» мырза. Угармандар поп мырза жооп бере албай калды деп ызы-чуу көтөрүштү. Мен ал жерден кетип калдым. Анан ал бечара эмне болгону белгисиз.

(«Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы 9-апрель, 2010-жыл, 12-бет)

[1] Азыркы Индияга караштуу облус.

Share via