Эл аралык Мусулман Лидер Австралияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эл аралык Мусулман Лидер Австралияга келди

Ахмадий мусулмандар Азирети Мырза Масрур Ахмадды Сидней шаарында жайгашкан «Байтул-Худаа» Мечитинде тосуп алышты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад Азия-Тынч океанга тарткан иш сапарынын экинчи этабында Австралияга жетип келди.

Ал киши Сингапурдан түнкү рейс менен жолго чыгып, жергиликтүү убакыт боюнча эртеӊ мененки саат 5:15те Сиднейдеги Эл аралык Кингсфорд Смит аэропортуна конду. Аэропортто NSW деген закон чыгаруучу Кеӊештин депутаты Rt Гoн Кевин Коннолли жана Австралиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири урматтуу Махмуд Ахмад тосуп алышты.

 Australia-Welcome-2

Азирети аэропорто депутат Кевин Коннолли мырза менен 20 мүнөткө чейин сүйлөштү. Депутат мындай деди: «Мен чын жүрөктөн Сизге Австралияга кош келиӊиз деп айтам». Ал киши мындай деп кошумчалды: «Сиздин ушул иш сапарыӊыз өлкөдөгү Ахмадий мусулмандар үчүн канчалык маанилүү экенин билем».

Азирети мынчалык эрте таӊда аны тосуп алганы келгени үчүн ал кишиге ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин ар кандай башка маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Депутат Азирети Мырза Марур Ахмадга жакында болуп өткөн жалпы шайлоо жөнүндө айтып берди.

Жергилктүү убакыт боюнча эртеӊ мененки саат 5:55те Азирети Аэропорттон жөнөп, элүү мүнөттүк сапардан кийин Сидней шаарында жайгашкан «Байтул-Худаа» Мечитине жетип келди, ал жерде 600дөн ашуун Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар ал кишини тосуп алышты. Баардыгы өзүнүн Руханий Жетекчисин көрүп кубанганынан толкунданып турушту.

Australia-Welcome-3

Азирети колун булгалап, алардын диний ураандарына жана ырдап жаткан ырларына жооп кайтарды.

Азирети Сингапурга жасаган тогуз күндүк визитинен кийин Австралияга жетип келди. Ал киши 2013-жылдын 30-сентябрында жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 17:30да Сингапурдагы «Таахаа» Мечитинен жолго чыккан эле.

Көздөрүнөн аккан кубаныч жаштары менен жүздөгөн Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн Жетекчиси менен коштошту.

Australia-Welcome-4

Азирети экинчи жолу иш сапары менен Австралияга келген жана Австралиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 29-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) кайрылуу жасайт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via