Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ыкластуулук жана берилгендиктин көрүнүшү болгон Бадр согушуна катышкан сахаабалардын куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Ислам дин ыйман жума кутба пайгамбар сахаба

2019-жылдын 23-августунда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Амирул-Му’минийн Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 23-августунда Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТАдан бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу Урматтуу Саййид Хаашыр Худ мырзага насип эттилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн мен Бадр сахаабаларынын арасынан сөз кыла турган сахаабанын аты Азирети Аасим бин Адий (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Бану Ужлан бин Хаариса уруусунун жетекчиси жана Азирети Маън бин Адийдин бир тууганы болгон. Азирети Аасим бою орточо адам болчу. Ал (разияллааху анху)нун кызы Сахла Азирети Абур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га турмушка чыккан. Бадр согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Аасим (разияллааху анху)ну кайтарып жиберген, бирок ал (разияллааху анху)ну Бадр согушуна катышкан сахаабалардан эсептеген жана олжолордон анын үлүшүн да белгилеген. Хузур-э-Анвар Азирети Мирза Башир Ахмад М. Э. Сахиб (разияллааху анху) жазган «Сийрат Хаатамун-Набийин» аттуу китебинин негизинде ушул окуя жөнүндө кеңири-кесири түшүндүрүп берген.

Азирети Аасим (разияллааху анху) Ухуд жана Хандак казаттары менен бирге бардык казаттарга катышкан. Ал (разияллааху анху) 45-хижра жылы Азирети Амир Муъаавия (разияллааху анху)нун бийлик доорунда Мединада каза болгон. Бир рабаятта айтылышынча, ал кезде ал (разияллааху анху) 115 же 120 жаш курагында болгон. Табук согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мал-мүлк жана миниле турган жаныбарлар менен камсыздоого чакырганда, Азирети Аасим бин Адий (разияллааху анху) жетимиш Васак, 10480 килограмга жакын курмаларды (финик) алып келген. Азирети Аасим (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Зираар» мечитин кулатууга буюрган сахаабалардын бири болгон. Хузур-э-Анвар Азирети Аббаас (разияллааху анху) баян кылган рабаяттын негизинде ушул окуяны кеңири-кесири айтып берди. «Зираар» мечитин кулаткандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол мечиттеги жерди Азирети Аасим (разияллааху анху) бин Адийге бермекчи болгондо, бирок ал киши: «А дегенде, менде өзүмдүн үй-жайым бар, экинчичеден, ушул жерге салынган имарат Алла Таалага жакпагандыгы үчүн мен да аны алууга ыраазы эмесмин», – деп жооп берди. Азирети Аасим (разияллааху анху)нун сунушу менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол жерди өзүндө үй-жайы жок Саабит бин Акрамга берип салган.

Хузур-э-Анвар Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын Делиге карата тарткан сапарына байланыштуу бир окуяны айтып берди, анда Ал (алайхиссалаам) Делидеги Жамиъ мечитин көрүп: «Бул абдан кооз мечит, бирок мечиттердин чыныгы кооздугу имараттарга эмес, тескерисинче чын жүрөктөн намазды аткара турган адамдарга байланыштуу», – деп айткан. Хузур-э-Анвар бүгүнкү күндөгү мусулмандардын арасында кээ бир адамдарда мечит салуу жана аларда намаз аткаруу кызыгуусу пайда болду жана кызыгы, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) келгенден кийин гана ушул кызыгуу пайда болгон деди. Алла Таала «Зираар» мечитин кулатууга буюрган жерден кийинки аяттарда такыбалуулуктун негизинде салынган мечит гана чыныгы мечит деп ачык-айкын айткан. Бул Ахмадий эмес уламалар Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га каршы курулай кептерди айтуу гана такыба деп билип алышкан.

Ал Азирети кезекте Азирети Амар бин Ауф (разияллааху анху) жөнүндө айтып берди. Абу Саъддын айтымында, ал киши Йеменден болгон, бирок ал (разияллааху анху) Меккеде төрөлгөн. Мухаддистердин пикиринче, ал (разияллааху анху)нун аты жөнүндө аябай көп ишенимсиздик кезигет. Мединага хижрат кылганда, ал (разияллааху анху) Кабаада Азирети Кулсум бин Ал-Хадамдыкында жашаган. Ал (разияллааху анху) Бадр согушу менен бирге бардык казаттарга катышкан. Азирети Амар бин Ауф (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда каза болгон жана Азирети Умар (разияллааху анху) анын жаназа намазын окуткан.

Хузур-э-Анвар сөз кылган үчүнчү сахаабанын аты Азирети Маън бин Адий (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Азирети Аасим (разияллааху анху) бин Адийдин бир тууганы болчу. Ал (разияллааху анху) Байъат-э-Укбага катышкан. Ислам динин кабыл алуудан мурун эле ал (разияллааху анху) кат-сабатты таанычу. Азирети Маън (разияллааху анху) Бадр согушу менен бирге бардык казаттарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге катышкан. Мединага хижрат кылгандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Зайд бин Хаттааб (разияллааху анху)га диний бир тууган кылып койгон.

Хузур-э-Анвар Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунун эң акыркы ажылыгы жөнүндө бир көлөмдүү окуяны айтып берди. Ошондо бир адам Азирети Умар (разияллааху анху)нун алдына келип: «Сизден кийин мен баланча адамга Байъат берем», – деп айткан. Анан: «Абу Бакр (разияллааху анху)га Кудай кечирсин, ызы-чуу жана шашылыш болуп, жаңылышып Байъат берип койгонбуз», – деп кошумчалаган. Бул кепти угуп, Азирети Умар (разияллааху анху) капаланган жана ажылык учурунда сириялыктырды мына ошондой чагымчы адамдардан сак болууга насаат кылууну чечкен. Азирети Абдур-Рахман (разияллааху анху) бин Ауф: «Ажылыктын учурунда жалпы эл жана бейбаш адамдар сыяктуулар да келип калышкан болот, мына ошондой адамдар сизге жакын болуп, алар сизге ушакчылар өзүнүн пайдасына буруп ала тургандай сөздөрдү айтып коюшпасын», – деп Азирети Умар (разияллааху анху)ну ошондой кылуудан кайтарган. Азирети Абдур-Рахман (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)га Мединага жеткиче ушул ниетти ишке ашырбоого кеңеш берген. Азирети Умар (разияллааху анху) ал кеңешти кабыл алган жана: «ИншаАллах, Мединага жеткенимде, эң биринчи кутбамда бул тууралуу сөз кылам», – деп айткан. Азирети Умар (разияллааху анху) Зул-Хижжа айынын аягында Мединага жетип келип, өзүнүн эң биринчи кутбасында эле: «Абу Бакрга ызы-чуу жана шашылыш болуп, Байъат берилген болчу, эми Умар (разияллааху анху)дан кийин мен баланча адамга Байъат берем», – деп сүйлөгөн адам жөнүндө сөз кылган. Азирети Умар (разияллааху анху): «Туура, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га мына ушундай ызы-чуу жана шашылыштыкта Байъат берилген болчу, бирок Алла Таала силерди ошол шашылыштыкта берилген Байъаттын жаманчылыгынан силерди сактап калган жана араңарда Абу Бакрдай бир да адам жок», – деп айткан. Тагыраак айтканда, мына ошондой күчтүү, берилген жана такыбанын бийик деңгээлине жеткен бир дагы аалым жок болчу. Анан Азирети Умар (разияллааху анху): «Мусулмандар менен кеңешпей, Байъат берген адамдын Байъаты эсептелинбейт», – деп да айткан. Азирети Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын каза тапкандыгы жана Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун халифа болуп шайлангандыгы жөнүндө кеңири айтып берген.

Хузур-э-Анвар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун айткандарынын негизинде ал доордогу коркунучтуу ахвалды кеңири айтып берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондон кийин сахаабалар үчкө бөлүнүп кетишкен: бири Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Халифасы анын үй-бүлөсүнөн болушу керек деп ойлогон; экинчиси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсүнөн болуу деген шарт анча деле зарыл эмес деп ойлошкон. Бул тайпа мындан ары дагы экиге бөлүнгөн: биринчиси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Халифасы Мухаажирлер жана Курайштан болушу керек; экинчиси, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын орунбасары Ансаардан болушу керек деп ойлогон. Ансаарга жан тарткан бул соңку топ Бани Саъданын короосунда топтолуп, өз ара кеңешкен жана адамдар Саъд бин Убада (разияллааху анху)ну Халифа кылып дайындоого даяр болуп кеткен. Эгер Мухаажирлер ушул шайлоону кабыл кылышпаса, анда кантип жооп берилет деген суроо туулганда, алардын бирөөсү: «Ошондо, биз бир Амир бизден жана бир Амир силерден болсун», – деп айтабыз деген. Ансаар Халифа кылып дайындамакчы болгон адам – Саъд өтө эле акылман инсан болчу. Ал (разияллааху анху): «Бул – силердин эң биринчи алсыздыгыңар», – деп айткан. Тагыраак айтканда, Халифа бирөө гана болот. Буга каршы сүйлөө – бул Халифаттын маани-мазмунун түшүнбөгөндүк дегендик, аны менен Ислам дини бөлүнүп кетет.

Качан Мухаажирлер ушул кеңешүүдөн кабардар болушканда, Азирети Абу Бакр, Азирети Умар жана Азирети Абу Убайда (ризвануллаахи алайхим) ж.б. ал жерге барышкан. Азирети Умар (разияллааху анху): «Азыр мен далилдерге жык толо ушундай кайрылууну жасайм, бардык Ансаар менин далилдериме моюн сунушат», – деп ойлогом. Бирок биз ал жерге барганыбызда, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) ордунан туруп, сүйлөй баштаган жана Алла Тааланын атын ортого салып айтам: «Ал мен ойлогон бардык ойлорумду айтып берген жана кошумча далилдерди да келтирген». Азирети Абу Бакр (разияллааху анху): «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Имамыңардын Курайштан болушун жана дин боюнча алардын алдыңкылардан экенин айткан», – деп айткан. Муну угуп, Хубаб бин Мунзир Хазражий каршы чыгып: «Эгерде такыр эле макул эмес болсоңор, анда бир Амир силерден жана бир Амир бизден болсун», – деп айткан. Ошондо Азирети Умар (разияллааху анху): «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир убакытта эки Амирдин болушу адал эмес деп айткан, ошон үчүн силердин ушул талабыңар акыл жагынан да, шарият жагынан да дурус эмес», – деп айткан.

Мындан кийин Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Ансаарга карата кайрылуу жасап: «Силер Меккеден тышкары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ыйман келтирген эң биринчи коомсуңар, эми Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондон кийин силер диндин максат-мүдөөсүн өзгөртүп жиберүүчү коомго айланбагыла», – деп айткан. Андан кийин Ансаардын арасынан Башир бин Саъд Хазражий сүйлөгөн. Акыры, адамдардын ою туура, Мухаажирлерден гана Халифа болушу керек деп өзгөрө баштаган. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Умар же Абу Убайда, бирөөсүнө Байъат берүүбүз керек деп сунуш берген. Бирок ал экөөсү тең баш тартып: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн ооруп жүргөн күндөрүндө намазга имам кылган жана Мухаажирлердин арасында эң мыкты болгон инсанга гана Байъат беребиз», – деп айтышкан. Андан кийин бардык Мухаажирлер жана Ансаар Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га Байъат беришкен. Азирети Али (разияллааху анху) бир аз күндөрдөн кийин Байъат берген эле. Азирети Маън (разияллааху анху): «Адамдар: «Биз кийинчерээк фитна-чагымчылыктарга кабылбоо үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде өлүп калсак, жакшы болмок», – дешчү, ал эми мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондон кийин да ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды тастыктоо үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин да тирүү калууну тилейт элем», – деп айткан.

Аягында Хузур-э-Анвар ыймандын ушул эле деңгээлин (же өлчөмүн) ар бир Ахмадий мусулман өзүндө жаратууга аракет кылуусу керек деди. Азирети Маън Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин динден чыккан жана баш көтөргөн чагымчыларга каршы күрөшүүдө Азирети Хаалид бин Валийд (разияллааху анху) менен чогуу болгон. Ал (разияллааху анху) 12-хижра жылы Йамаама согушунда шейит болгон.

Хузур-э-Анвар Алла Таала ар бир Ахмадий мусулманга пайгамбарлыктын даража-мартабасын таанып-билүү, ошондой эле Халифат менен берилүү жана ыкластуулук алакасын түзүү мүмкүнчүлүгүн берсин деди. Аамийн

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну

Send this to a friend