Alislam.org сайтынын жамааты (командасы) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен виртуалдык жолугушуунун урматына ээ болду

Азирети Мырза Масрур Ахмад жаңы ачыла турган Ыйык Куран веб-сайты дүйнө жүзү боюнча адамдарга агартуу жана билимдин булагы болоору деген үмүтүн билдирди
2020-жылдын 21-ноябрында Alislam.org (Ахмадия Мусулман Жамаатынын расмий веб-сайты) командасынын мүчөлөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана аудитория бактысына ээ болушту.
Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Ал–Ислам командасы АКШдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылып келе жаткан Мэриленд штатындагы Силвер Спрингте караштуу «Байтур-Рахман» мечитинен кошулду.
50 мүнөттүк жолугушууда Ал–Ислам командасы Ыйык Куранга байланыштуу жаңы долбоор, ошондой эле учурдагы Ал–Ислам веб-сайтынын өнүгүшү боюнча бир катар презентацияларды сунуштап, Ал Азиретинин багытын жана көрсөтмөлөрүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Ал-Ислам командасы Ал Азиретиге жакынкы аралыкта ачыла турган Ыйык Куранга арналган жаңы онлайн веб-сайттын жана издөө тутумунун тест версиясын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жаңы сайт Ыйык Куранды окуу жана үйрөнүүнү дүйнө жүзү боюнча мүмкүн болушунча жеңил жана жеткиликтүү кылууга умтулат.
Ал Азирети Ыйык Курандын веб-сайты жана издөө тутуму Ахмадий мусулмандар үчүн гана булак болбостон, дүйнө жүзүндөгү башка мусулмандар жана мусулман эместер үчүн да чоң маалымат булагы жана илим-билим булагы экендигин далилдөөгө аракет кылуу керектигин тапшырды.
Мындан тышкары, Ал-Ислам веб-сайтынын ар кандай жаңыртуулары, анын ичинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахабаларына байланыштуу жаңы бөлүмү сунушталды.
Жолугушуунун соңунда, Ал Азирети Ал–Ислам командасынын бардык мүчөлөрүнүн иш-аракеттерин баалап, алардын келечектеги ийгиликтери үчүн дуба кылды.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Алла Таала силерге береке берсин, ошондой эле илим-билимиңер жана акыл-парасатыңарды көбөйтсүн. Аамийн».