Эң мыкты инсандар: Саъд бин Муъааз жана Саъд бин Аби Вакаас
2020-жылдын 17-июлунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабалары Азирети Саъд бин Муъааз жана Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анхума)нын улуу мүнөздөрүнүн жагымдуу баяны
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун жаназа намазына мурун эч качан жерге түшпөгөн жетимиш миң периште катышышууда деп айткан. Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун кылган дааватынын натыйжасында Ислам динин кабыл кылган. Ислам динин кабыл кылган учурда ал (разияллааху анху) он жети же он тогуз жашта болгон.
Эки маркум урматтуу Мастар Абдус-Самийъ Хан Каатгарий мырза жана Улуу Британиянын тургуну урматтуу Саййид Мужийбуллах Саадык мырзанын эскерилүүсү жана алар менен чогуу урматтуу Раана Наъиймуддин мырзанын гайып жаназа намазы.
2020-жылдын 17-июлунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 17-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну
2020-жылдын 17-июль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.
Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:
Өткөн кутбада Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан эле. «Ахзаб» согушу тууралуу сөз кылып, Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат: ал согушта мусулмандарга көп деле жандык залака тийген эмес, беш-алты адам гана шейит болушкан. Каапырлардын дагы үч гана кишиси өлтүрүлгөн. Бирок, бул согушта Курайш ушунчалык коркуп, мусулмандарга каршы топ түзүп, кайрадан кол салууга батына албай тургандыгын сезип калышкан.
Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) «Ахзаб» согушунда билегинен жаракат алган, натыйжада ал (разияллааху анху) шейит болгон. Саъд (разияллааху анху) бою узун жана келишимдүү адам болчу. Азирети Айша (разияллааху анхаа) «Ахзаб» согушу күнү Саъд (разияллааху анху)нун денесинде бир зоот бар болуп, анын эки капталынын тең ал зооттон чыгып турганын көргөн. Азирети Саъд (разияллааху анху) жарадар болгондо, эй, Алла! Бану Курайзанын маселеси мен аркылуу чечилгенине чейин мени тирүү калтыргын деп дуба кылган. Азирети Саъд (разияллааху анху)нун колуна жебе тийгенде, анын учун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз колу менен чыгарып, аны даарылаган. Анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын жанында болуп, ал-ахвалын билип туруу үчүн мечитте бир чатырды тиктирген, ошондой эле даарылоону жакшы билген Рафийда аттуу аял ал (разияллааху анху)га кызмат кылуу үчүн дайындалган.
Ал (разияллааху анху)нун жарасы кургап жакшы боло баштаганда, ал (разияллааху анху) эй, Алла! Эгерде Курайш менен болгон согуш дагы улана турган болсо, анда алар менен күрөшүү үчүн мени тирүү калтыргын жана эгер биз менен алардын ортосунда согуш аягына чыккан болсо, анда бул жаракатты менин шейит болуума курал кылгын деп дуба кылган. Ошол эле түнү анын жарасы жарылып, кан ага баштаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва салам) анын башын өз кучагына алып, аны көкүрөгүнө кысып алган. Ал (разияллааху анху)нун каны Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзү жана сакалына тийип калган болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал үчүн эй, Алла! Сен кандайдыр бир рухту кабыл кылганыӊ сыяктуу эле Саъддын рухун жакшылык менен кабыл кылгын деп дуба кылган. Саъд (разияллааху анху) шейит болгон учурда 37 жашта болгон.
Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп айтат: Саъд (разияллааху анху)нун каза болгондугу мусулмандар үчүн орду толгус зыян болгон. Саъд (разияллахау анху)нун Ансарлардын арасындагы даражасы кудум Мухажирлердин арасында Азирети Абу Бакр (разияллаху анху)дыкындай болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)нун каза болгондугуна өтө кайгырган, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) толук бойдон сабырдуулукту көрсөткөн. Саъд (разияллааху анху)нун жаназа намазын окуткан жана сөөгүн көмүү үчүн өзү барган. Ошол эле учурда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Саъддын өлүмүнөн Рахмаан Кудайдын Аршы дагы кыймылдай башташган» деп айткан болушу керек.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Саъд (разияллааху анху)нун энесине сиздин уулуңуз Алла Таала биринчи жолу жылмайган инсан деп айткан. Ошондой эле ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун жаназа намазына мурда эч качан түшпөгөн жетимиш миң периште келишкен деп да айткан. Саъд (разияллааху анху)ну жерге берип, кайтып келе жатканда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көз жашы сакалына агып жаткан болчу.
Бир узак мөөнөттөн кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жибектен жасалган кээ бир жамынычтар белек кылынганда, сахаабалар алардын өтө жумшак экенине абдан кызыгышып, аны бир өзгөчө нерсе деп баалашкан. Буга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Кудайга касам! Бейиште Саъд (разияллааху анху)га берилген жамынычтар мындан алда канча жумшак жана жакшы деп айткан.
Хузур-э-Анвар дагы бир сахааба Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) тууралуу сөз кылган. Ал (разияллааху анху)нун Куниййаты Абу Исхак болчу. Ал (разияллааху анху) Курайштын Бану Зухра уруусунан болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын энеси дагы ушул эле уруудан болгон. Ошондуктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллаху анху)ну өзүмдүн таякем деп айтчу. Ал (разияллааху анху) Ашра мубашара[1]нын катарында болгон сахааба болчу. Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) өзүнүн Ислам динин кабыл кылгандыгы тууралуу бир түш көрүп, түшүндө өзүн караңылыкта экенин көрөт. Анан капыстан ай чыгып, ал аны көздөй жөнөп кетет. Караса, Азирети Абу Бакр, Али, Зайд бин Хаариса (разияллааху анхум) дагы ошол эле жакка кетип бара жатышат. Ал (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) кылган дааватынын натыйжасында Ислам динин кабыл кылган жана Ислам динин кабыл кылган учурда ал он жети же он тогуз жашта болгон.
Азирети Саъд (разияллааху анху)нун энеси Саъд (разияллааху анху) Ислам дининен баш тартмайынча аны менен сүйлөшпөйм деп касам ичкен болчу. Ошондуктан, ал эч нерсени жечү да эмес. Саъд (разияллааху анху)нун энесинин абалы оорлошуп кеткенде, Саъд (разияллааху анху) ага эй, апа! Эгерде сен миңдеген жандарга ээ болсоӊ жана алар биринин артынан бири чыкса, ошондо дагы мен өз динимен эч качан кайтпайм деп айткан.
Ислам дининин баштапкы күндөрүндө мусулмандар Меккенин капчыгайында жашынып алып, намаз окуп жатышканда, каапырлар аларды карап аябай мазакташып, Ислам динине акаарат келтиришкен, натыйжада кеп жаңжалга чейин жетип калган. Саъд (разияллааху анху) төөнүн бир сөөгүн бир каапыр адамдын башына ушунчалык катуу чаап, анын башы жарылып кеткен. Ислам дининин тарыхында эң биринчи төгүлгөн кан ушул эле саналат.
Шаъб-э-Аби Таалибде камалып жашаган мезгилде кыйналган мусулмандардын арасында Саъд (разияллааху анху) дагы бар болчу. Бир күнү түнчүндө бутунун таманынын астында бир жумшак нерсени сезип, катуу ачкачылыктын айынан ал (разияллааху анху) аны оозуна салып жутуп алган. Бүгүнкү күнгө чейин ал эмне экенин да билбейм деп айтчу. Ошондой эле, бир жолу ал (разияллааху анху)га теринин бир бөлүгү табылган, ал (разияллааху анху) аны тазалап жана кууруп алып жеп алган жана үч күн бою аны менен күн кечирген.
Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) Мединага эң алгачкы көчүп кеткендердин бири болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) жана Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) же Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун ортосунда диний тууганчылыкты түзгөн.
Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) Курайштын эң мыкты атчандарынын бири болчу. Согуштарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын коопсуздугуна милдеттендирилген сахаабалардын катарында ал (разияллааху анху) да бар болчу. Бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын арасында төрт адам, тактап айтканда, Азирети Умар, Али, Зубайр жана Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анхум) эң мыкты чабуулчулар болчу.
Хижраттын алгачкы күндөрүндө мусулмандар ар дайым каапырлардын кол салуу коркунучун сезип турушчу. Ошондуктан, мусулмандар көптөгөн түндөрүн ойгонгон бойдон өткөрүшчү. Мына ошондой түндөрдүн биринде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) уктай албай, бүгүнкү түндө менин сахаабаларымдын бирөөсү бизди кайтарып турса, сонун болмок деген тилегин билдирген. Азирети Айша (разияллааху анхаа) бул арада биз куралдардын үнүн уктук дейт. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бул ким?» – деп сураганда, сырттан: «Бул мен Саъд бин Аби Вакаас болом» – деген үн угулган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кандай максат менен келдиң?» – деп сураганда, Саъд (разияллааху анху): «Сизди кайтаруу үчүн келдим», – деп жооп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Саъд (разияллааху анху) үчүн эй, Алла! Саъд Сага дуба кылганында, анын дубасын кабыл кылгын деген дубаны сураган.
Жогорудагы дубанын берекеси менен Саъд (разияллааху анху) дубалары аябай кабыл болгон адам болчу. Бир жолу бир адам Азирети Али (разияллааху анху)га оройлук кылып жатканда, Саъд (разияллааху анху) аны тыйган жана Азирети Али (разияллааху анху)нун артыкчылыктарын айтып берген. Анан ал (разияллааху анху) эй, Алла! Эгерде бул адам Азирети Али (разияллааху анху)га оройлук кылган болсо, анда бул жерде топтолгон адамдар тарала электе Өзүңдүн кудуреттүүлүк жышааныӊды көрсөткүн деп дуба кылган. Ошентип, ал адамдын унаасы аны кулатып жиберген жана буттары менен анын башын ташка урган. Натыйжада, анын башы жарылып, ал өлгөн.
«Ахзаб» согушунда казылган арыкчага бир жерден жарака кеткенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны коргоп отуруп, тынбай уктабай, алы кетип калган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эгерде бул жерде бир ыкыластуу мусулман болсо, мен бир аз убакытака уктап эс алат элем деген тилегин билдирген. Ошондо сырттан Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)нун үнү угулган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сураганда, сизди коргону келдим эле деп жооп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) арыктын жарака кеткен жээгине барып, аны кайтаргын деп айткан.
Хузур-э-Анвар (аййиадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) кутбанын аягында эки маркумду эскерген. Биринчи сөз урматтуу Мастар Абдус-Самийъ Хан Сахиб Каатгарий жөнүндө болгон. Ал 6-июль күнү Рабвах шаарында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.
Маркум 1937-жылы төрөлгөн. Анын чоң атасы Азирети Чаудхрий Абдус-Салам Хан Сахиб Каатгарий Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы болгон. Маркум «Таалимул-Ислам» орто мектебинин директору болуп иштеген. Ошондой эле, Ансааруллах уюмунун Заъийм (жетекчи) жана Дарур-Рахмат Шарки окуругунда жергиликтүү Жамааттын президенти болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгон. Хузур-э-Анвар маркум менин дагы мугалимим болчу. Мектепте абдан жакшы ыкмада сабак берчү, мүнөзү жумшак болчу, аябай жакшы жол менен түшүндүрчү деди. Артында бир уул жана бир кыз калды.
Андан кийин урматтуу Саййид Мужийбуллах Саадык мырза тууралуу сөз кылган. Ал 28-май күнү 83 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.
Маркум Улуу Британияга караштуу Куарлтз Филд деген жерде жергиликтүү Жамаатыбыздын президенти болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгон. Андан тышкары, Англия Жамаатынын Амиринин (президент) кеңсесинде он алты жыл ыктыярдуу түрүндө кызмат кылып жүргөн. Маркум Тахажжуд намазын окуган, Халифат жана Жамаатты катуу сүйгөн жана көптөгөн башка касиеттерге ээ болгон инсан болчу. Артында аялынан тышкары, эки уулу жана эки кызы калды.
Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар мындай деди: биздин бир эски кызматчыбыз жана Алланын жолунда туткун да болгон маркум Раана Наъиймуддин мырза жөнүндө мурда дагы бир кутбада сөз болгон. Анын гайып жаназа намазын дагы бүгүн окуйм. ИншаАлла. Алла Таала алардын баарын кечирип, аларга ырайымдуу мамиле кылсын. Аамийн
٭…٭…٭
[1] Тирүү кезинде эле бейишке кирүүгө сүйүнчүлөнгөн он сахааба Ашрах Мубашшарах деп аталышат.