Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Алла Таала мечит салуучулар менен аларды абат кылуучулардын алар Аллага ыйман келтирүүчү адамдар деген өзгөчөлүгүн айткан

Ислам ыйман мечит дин сыйынуу ибадат мусулман адам Мухаммад Франция

2019-жылдын 11октябрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Франциянын Юртигайм деген жеринде жайгашкан «Махдий» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 11-октябрында Франциянын Юртигайм деген жеринде жайгашкан «Махдий» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Ал кутбанын бир топ тилдердеги котормосу да түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Файсал Жамай мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуп, андан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Ат-Тавба» сүрөөсүнүн 18-аятын окугандан кийин мындай деди:

Бир узак мөөнөттөн кийин Алла Таала Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатына дагы бир мечит салууга күч-кубат берди. Бул Страсбург шаарында ыкластуулук жана берилгендикке жык толо Нау-Мубайъийн жана пакистандык эмес Ахмадий мусулмандар 75 пайызга жакын. Ушул мечит аркылуу бул жердеги Ахмадий мусулмандар мурдагысынан да көбүрөөк Жамаат системасына бекем байланыша алышат.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) «Ат-Тавба» сүрөөсүнүн жогоруда айтылган аяттын котормосун окуп берди. Ал куттуу аятта Алла Таала Алланын мечиттерин Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтире турган, ошондой эле намаз окуй турган, зекет бере турган жана Алладан башка эч кимден коркпой турган бирөө гана абат кылат деп айткан.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мечиттерди салгандардын өзгөчөлүктөрү бул: алар Алла Таалага бекем ишенишет. Ыйманга жетишүү үчүн Алла Тааланын алдына жыгылуу жана ибадат кылуу абдан зарыл болуп саналат. Мечиттерди салгандардын дагы бир өзгөчөлүгү – бул акыретке ишенүү. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жолу мындай деп айткан: акыретке ишенүүнүн пайдасы бул: аны менен Алла Тааланын маърифаты насип этилет. Акырет тууралуу азгыруулардын (шек-күмөндөр) пайда болуусу ыйманды коркунучтар астына алып келет.

Анан мындай деп улантат: намазды аткаруучулар гана мечиттерди абат кылышат. Намазды аткаруу жамаат болуп намаз окуу деген маанини гана билдирет. Анан зекет берүүгө чакырат. Тагыраак айтканда, Алла Тааланын динин жайылтуу үчүн курмандыктарды жасоо мечиттерди абат кылуучулардын өзгөчөлүгү болушу керек. Алла Таала жогорудагы бардык жакшы иштерди кылуучулар гана Менин назарымда туура жолду таап алган адамдар деп айтат. Демек, жаӊы Ахмадий мусулмандар жана мурунку Ахмадий мусулмандар да ар дайым ошондой аракет кылуулары керек жана дуба сурап туруулары лаазым. Мурунку Ахмадийлер, айрыкча Пакистандан келген Ахмадийлер жаӊыдан Жамаатыбызга кошулуп келе жаткан Ахмадийлер үчүн кандайдыр бир мыкты үлгү болууга аракет кылуулары зарыл. Ушул аймакта бул мечиттин Убада кылынган Масийх жана Махдий менен Ислам динине чакыруучу куралы болушун Алла Тааладан тилешибиз керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала үчүн мечит сала турган адам үчүн Алла Таала бейиште кудум ошондой үй салат деп айткан.

Ушул жакшылыктарга жетишүү үчүн ар бир Ахмадий мусулман өзүнүн намаздарын талдап-текшерип көрүүсү керек. Мечиттин курулуусу гана жетиштүү эмес, жок, Алла Тааланын буйруктарын да аткарышыбыз керек. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатынын мүчөсү экендигибизди да акташыбыз керек. Мусулмандар ар жылы миӊдеген мечиттерди салышат, бирок ал мечиттерде Алла Тааладан коркуу жана такыба болууга чакыруунун ордуна сектачылык жана бидъаттарга чакырылат. Бул доордо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы кулу (Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) бизге чыныгы мусулман болуу, ибадаттар, мечиттер жана Алла Тааланын пенделеринин акы-укуктарын аткаруу тууралуу эмнелерди айтып берген болсо, аларды түшүнүү жана аларга амал кылууга аракет кылуубуз керек.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: Алла Таала бизге тартуулаган жөндөмдөрдү адилеттүүлүк менен жана орундуу пайдалануу гана аларды өстүрүп-өнүктүрүү болуп саналат. Ислам дини жыныс органдарын же көздөрдү алып салуу таалимин берген жок, тескерисинче аларды адал жолу менен пайдаланып, жан-дүйнөнү тазалоого үйрөткөн.

Алла Таала бизге такыба таалимин берип, өзүндө такыба болууга насааттар жазылган бир Китепти тартуулаган. Ошондуктан, биздин Жамаатыбыздын мүчөлөрү бизде такыба барбы же жокпу деген камсаноону дүйнөдөгү башка бардык камсаноолордон жогору коюулары керек.

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: карапайымдык жана кичи пейилдик менен баса турган адамдар гана такыба болуп саналышат. Алар кудум кичүүлөр улуулар менен сүйлөшкөн сыяктуу (башкалар менен) сүйлөшүшөт. Биз ар жактан өзүбүздү ийгиликке чыгара турган амалдарды жасашыбыз керек. Алла Таала бирөөдөн карыз алган эмес. Ал таза такыбалуулукту каалайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Азирети Ибрахийм (алайхиссалаам) кандайдыр бир мурас аркылуу сый-урматка ээ болушкан беле? Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар кандай балээ-кырсыктарга карабай, чын жүрөктөн жана берилүү менен Алла Таала жолунда туруктуу болгон, натыйжада Алла Таала ага берешендик кылган. Эми бизге да кудум ошондой буюрулган: эгер дубанын кабыл болушун кааласаӊар, анда Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат окугула, салаваатты окубай туруп, кылынган дубалар асманга чейин жетпейт.

Ошондо салаваат окуй турган адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык мүнөзүн жана үлгүсүн да эсепке алат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менин көздөрүмдүн кубанычы намазда деп айткан. Пенделердин акы-укуктарын аткаруу боюнча да ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн мыкты үлгүлөрүн калтырган экен.

Намаз өзү эмне жана чыныгы намаз кандай болушу керек? Бул тууралуу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: өз тилинен Алла Тааланын бар экендигине ишенебиз деп жүргөн адамдар толтура, бирок бир аз текшерип көргөнүӊөрдө, алардын ичинде динбезерлик бар экенине күбө болосуӊар. Ошондуктан, силер дуба менен Алла Тааладан чыныгы илим-билим сурагыла. Алла Таала менен алака-байланышты үзүп алууда кандайдыр бир өлүм бар. Силерди күнөөгө үндөй турган бардык жыйындар жана отуруштарды таштап салгыла. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) күнөөгө үндөй турган кайсы жыйындар жана теле көрсөтүүлөр экенин биз өзүбүз да текшере алабыз деди.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деди: дубаны да сурагыла жана Алла Тааланын жардамысыз мына ошол балээ-кырсыктардан такыр кутулуу мүмкүн эместигин да жакшы билип алгыла. Намаз ушундай нерсе: адамдын жүрөгү да сезип, анын руху ээрип, коркунучтуу ахвалда Алла Тааланын алдына саждага жыгылып калсын. Намаз эле ибадаттын маӊызы болуп саналат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) салаат (намаз) менен дубанын ортосундагы айырманы баяндап, мындай деп айтат: адам сурап жаткан дубасы бир гана дүйнөлүк иштер үчүн болсо, анда ал «салаат» деп аталбайт. Дубанын түпкү акыйкаты мындай: ал аркылуу Кудай менен адамдын ортосундагы алака-байланыш күчөсүн.

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: эгерде ыйман келтиребиз деп билдирсеӊер, анда намаздарды да калтырбай аткарууӊар керек. Ыймандын тамыры – бул намаз. Тамыры жок адам кудум кургап кеткен бак-дарак сыяктуу. Күн нуру аябай катуу болгондо булуттар асманга топтолуп, жамгыр убагы келип калат, кудум ошондой адамдын сураган дубалары кандайдыр бир ыйман ысыгын жаратат, анан ошондо анын иши орундалат.

Алла Таала бардык адамдарды бир жан (адам) сыяктуу болууну каалайт. Диндин максат-мүдөөсү да ушул гана: бардык адамдар кудум тасбих мончоктору сыяктуу тизилишсин. Жамаат менен окула турган намаздар да ошол эле биримдик үчүн болот. Ушул биримдиктин жаралуусу төмөндөгүдөй башталат: бир аймакта (көчөдө) жашаган адамдар беш маал намазды ошол аймактын мечитинде аткарышсын. Ошентип, адеп-ахлак, бири-бири менен таанышуу жана сүйүү-махабат өсөт. Анан экинчи буйрук жума күнү бардык шаар тургундарына жами (борбордук) мечитке чогулууга берилген. Анан эки айт майрамдарында айлана-чөйрөдөгү айыл-шаардагыларга биргелешип, намаз окууга буйрулган экен. Кудум ошондой өмүрүндө бир жолу бардык дүйнөнүн чогулушу үчүн бир күн белгиленген. Кыскасы, мына ушундай ыкмада Алла Таала өз ара сүйүү-махабатты өнүктүрүүнү каалаган.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мындай деди: Алла Таала силерге ушул бир мечитти тартуулады, эми ушул жерде ошол биримдикти көрсөтүшүӊөр керек. Ар бир Ахмадий аябай ойлонушу керек жана кандайдыр бир катуу аракет кылып, ушул мечитти абат кылуусу керек. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам):

«Эй, өзүӊөрдү менин Жамаатым деп билген бардык адамдар! Чындыгында, силер такыба жолдорунан жүргөнүӊөрдө гана асманда менин Жамаатым деп эсептелесиӊер. Ошондуктан, силер Алла Тааланы көрүп турганыӊардай, намаздарыӊарды ушунчалык кооптонуу жана берилүү менен аткаргыла. Орозолоруӊарды Алла Таала үчүн чын ыклас менен кармагыла. Өзүнө зекет парзы болгон ар бир адам зекет берсин, өзүнө ажылык парзы болгон жана эч кандай тоскоолдук болбогон адам ажылыкка барсын. Жакшылыкты бапестөө менен жасагыла жана жамандыкты жийиркенүү менен таштагыла. Билип койгула, такыбалуулуктан куру болгон эч бир амал Алла Таалага чейин жетпейт».

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Алла Таала бардыгыбызга Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жогорудагы мууӊдуулукка толгон сөздөрүн түшүнүп, ыйман боюнча алгалай берүүгө күч-кубат берсин деп дуба кылды.

Аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) аталган мечит тууралуу кээ бир маалыматтарды берди. Мечиттин бардык аянты 2640 квадрат метрди түзөт. Архитектор мечит салуу үчүн бир миллион евро деген божомолдорду айткан эле, бирок анын курулушу беш жүз отуз миӊ евро акча менен бүткөн. Франциядагы Худдаамул-Ахмадия мүчөлөрү үч жүз элүү миӊ еврону төлөшкөн жана алар калган акчаны да төлөп коёбуз деп айтышты. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Худдаамул-Ахмадия ИншаАллах ошол сумманы да төлөп салат, бирок калган Жамаат мүчөлөрү эмнеге сооптон куру-жалак калышууда? Лажна жана Ансаар эмки үч жылда бир жаӊы мечитти салуулары керек деп айтты. Бул мечитте мыйзам боюнча 250 адам намаз окуса болот. Элүү машинаны токтотуу үчүн да жай бар. Кудум ошондой Жамааттын жана Лажнанын кеӊсеси да бар. Бир китепкана, миссионердин үйү жана төрт бөлмөдөн турган мейманкана да бар. Ал мечит Страсбург шаарынан 15 чакырым аралыгында жайгашкан. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) бул адамдардын келүүсү үчүн кандайдыр бир чоӊ аралык деле эмес, намазга оӊой гана келүүгө болот. Аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Алла Таала курмандык кылган Худдаамдын мал-мүлктөрүнө жана ден-соолугуна береке берсин, мечитти абат кылуунун рухун (түпкү максатын) түшүнүүгө күч-кубат берсин жана Жамаат мүчөлөрүнүн ибадаттарынын деӊгээлдери жогорулай берсин деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Send this to a friend