
Азирети Марямдын апасы ал төрөлө электе болочок баласын дин кызматына арноого төмөнкү дубаны сураган жана ал кабыл болгон. Марямдай улуу даражалуу жана чынчыл кыз ага тартууланган. («Аали Имраан» сүрөөсү: 37)رَبِّ اِنِّیۡ نَذَرۡتُ لَکَ مَا فِیۡ بَطۡنِیۡ مُحَرَّرًا فَتَقَبَّلۡ مِنِّیۡ ۚ اِنَّکَ اَنۡتَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُОКУЛУШУ: РАББИ ИННИЙ НАЗАРТУ ЛАКА МАА ФИЙ БАТНИЙ МУХАРРАРАН ФА-ТАКАББАЛ МИННИЙ, ИННАКА АНТАС-САМИЙЪУЛ-АЛИЙМ. (3:36)
Котормосу: Эй, Раббим! Мен карынымдагыны (дүйнө камынан) азат кылган бойдон, албетте, Сага назир[1] кылдым. Ошондуктан, (муну) менден кабыл кылгын! Албетте, жалгыз Өзүң эң жакшы угуучу (жана) билүүчүсүң!» («Аали Имраан» сүрөөсү:36)
[1] (Алла Таалага арналган) садага, курмандык, ж. б.; өзүнө-өзү бир нерсени парз кылып алуу.