Голуэй шаарында салынган «Марям» мечитинин ачылышын белгилөө кечеси болуп өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Голуэй шаарында салынган «Марям» мечитинин ачылышын белгилөө кечеси болуп өттү

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) тарыхый кайрылуусун жасады

2014-жылдын 26-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Ирландия Республикасынын Голуэй шаарында салынган «Марям» мечитинин ачылышын белгилөө үчүн атайын чакырылган кечеге тарыхый кайрылуусун жасады.

Аталган мечит Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Ирландияга салынган биринчи мечит болуп, бир күн мурун ал киши жума кутбасын окуганда ачылган эле.

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-002

170ке жакын Ахмадий эмес төрөлөр жана коноктор, ошондой эле Éamon Ó CuIV TD орун басары, Джоан Таффи TD орун басары жана консул Донал Лионе, Голуэй шаарынын мэри кечеге катышты.

Өзүнүн тарыхта изин калтырган кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрү жөнүндө кенен-кесир сөз кылды; ал киши терроризм жана экстремиздин бардык көрүнүштөрүн сындады жана аталган мечитке эмнеге «Марям» (Азирети Ыйса(ас)дын энеси) деген ат коюлуусунун себебине да токтолду.

Мусулман эместердин Ислам туурасында болгон сар-санаалары жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен такыр эки анжы болбой айтамын: бир топ атынан эле мусулман деп аталган адамдар Ислам атынан эӊ жаман амалдарды жасап келүүдө. Ошентсе да, мен ачык-айкын түрдө төмөнкүлөрдү айтмакчымын: мусулман топтор же бийликтер тарабынан жасалып жаткан жемеге алынарлык иштердин эч бир көрүнүшү же формасы Исламдын нукура окууларын чагылдырбайт».

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-003

Ал киши мындай деди: чындыгында, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) «бүткүл адамзатка мээримдүүлүк» катары жөнөтүлгөн, анын «ар бир кулк-мүнөзү сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк менен орундалды».

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га ишаарат кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Адамзатты сактоого ушунчалык берилген инсан жөнүндө ал мыкаачылыкка же адилетсиздикке үйрөтөт деп жалаа коюу же муну элестетүү да мүмкүнбү? Албетте, эч качан… Эӊ ишенимдүүсү, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) дүйнөнү салтанаттуу ыкмада тынчтыкка чакырды».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Мен ээрчип жана ишенип келген Ислам дини мыкаачылык да эмес, өч алуучу да эмес, ошондой эле кандайдыр бир баш аламндыктын же зулумдуктун же адилетсиздиктин эч бир көрүнүшүн колдобойт жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) да зулумдукту же жек көрүүнү таратуу үчүн жөнөтүлгөн эмес. Тескерисинче ал(сав) болгону адамзат үчүн чексиз универсалдуу камкордук менен агып бара жаткан мээримдүүлүк булагы катары жөнөтүлгөн эле».

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-004

Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсүнүн келүүсү жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен жана бардык Ахмадий мусулмандар: «Биздин Жамаатыбыздын негиздөөчүсү – Убада Кылынган Мессия жана Махдий Исламдын тынчтык менен мээримдүүлүктөн турган нукура таалимдерин дүйнөнүн бардык булуӊ-бурчтарына чейин жеткирүү максатында жөнөтүлгөн деп ишенебиз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Убада Кылынган Мессия дүйнөгө Исламдын чыныгы көркөмдүүлүгү жөнүндө түшүндүрүүгө келген. Ал киши мыкаачылык жана зулумдуктун ар бир көрүнүшүнө, ошондой эле зордук-зомбулуктун бардык көрүнүштөрүнө каршы жихад кылууга келген эле. Ал киши адамзатка бири-биринин акы-укуктарын аткаруу канчалык зарыл экендигин үйрөтүү үчүн келген эле. Ал киши сүйүү-махабат жана мээримдүүлүктү таратуу үчүн, ошондой эле дүйнөнү тынчтык, биримдик жана өз ара бир туугандык деген бейишке айландыруу үчүн келген эле. Ал кишинин миссиясы ушул болчу жана анын кабары ушул эле болчу».

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Жана Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн бардык булуӊ-бурчтарына жана бардык аймактарына таратып келе жаткан кабар да ушул гана… Биздин бардык мечиттерибиз тынчтыктын жана гармониянын борборлору, ал жерде адамзатты сүйүү-махабат аркылуу бириктирүүнү каалагандар өз ара гармонияны өнүктүрүү үчүн биргелешип алышса болот, ибадат кылышса болот, ошондой эле бардык адамдардын тынчтыгына, коопсуздугуна жана жакшыруусуна дубаларды кылышса болот».

Ал киши эмнеге мечитке «Марям» деген ат коюлгандыгына чечме берүү менен өзүнүн кайрылуусун аяктады. Ал киши Ислам дининде Азирети Ыйса(ас)дын энеси – Азирети Марям бийик даражаларга ээ экенин айтты.

Азирети Мырза Масур Ахмад(аба) мындай деди:

«Азирети Марямдын бийик даражасы төмөнкүдөй акыйкатты чагылдырат: Курани каримдин айтуусу боюнча, ар бир чыныгы момун-мусулман өзүндө Азирети Марямдын касиеттерин өнүктүрүүсү керек жана эгер алар ошондой кыла алышса, анда алар эч качан бирөөгө зыян келтирүүчү же жамандык кылуучулардан болуп кетишет. Демек, ар бир Ахмадий мусулман өз ичинде Марямга окшош тазалык, бийиктик жана такыбалуулукту жаратууга аракет кылуусу керек».

Буга чейин кечеде бир топ сыйлуулар да катышуучуларга кайрылышты.

Джерри О’Халлоран аттуу адам укуктары боюнча адвокат мындай деди:

«Мен бир канча жыл мурда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) менен Европа парламентинде жолукканмын.

Ал күнү ал кишинин жасаган тарыхый кайрылуусунан катуу таасирлендим. Мен төмөнкүдөй акыйкатка күбө болгом: ал киши сүйүү деген жихадды алып барууда».

Ирландиянын Улуттук Парламентинин депутаты – Орунбасар Эамон О Куев ТД мырза мындай деди:

«Ал кишинин (Азирети Мырза Масрур Ахмад) кайрадан Голуэй шаарына жасаган визити бардыгыбыз үчүн чоӊ сый-урмат жана мен Сизди «Марям» мечитинин ачылышы менен куттуктайм».

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-006

Ирландиянын Улуттук Парламентинин депутаты – Орунбасар Джонна Туффи ТД мындай деди:

«Мен Ахмадий мусулмандардын ар дайым жергиликтүү коомчулукка оӊ роль ойногонун байкадым. Айрыкча, Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдарынын жардамчы уюмунан жана алар жасаган иштеринен катуу таасирлендим».

Голуэй шаарындагы епископтун өкүлү Ата Мартин Уилан мырза мындай деди:

«Католик жамааты Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү эркиндик жана тынчтык менен ибадат кыла ала турган ушул жаӊы мечитти (ачык көӊүл менен) кабыл кылат».

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-007

Голуэй шаарындагы полициянын Гарда бөлүмүнүн башкы төрагасы Томас Керли мырза мындай деди:

«Мен Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)ди Голуэй шаарына кош келиӊиз деп айтмакчымын. Ушул ардактуу инсандын шаарыбызда болуусу менен сыйландык. Эӊ алгачкы мечитиӊер үчүн Ирландиянын Голуэй шаарын тандооӊор үчүн биз абдан кубанычтабыз».

Голуэй шаарынын шаардык кеӊешиндеги мэрянын кеӊешчиси Донал Лайонс мырза мындай деди:

«Албетте, шаарда биринчи мечиттин ачылышы – бул Голуэй шаарынын тарыхында абдан тарыхый көз ирмемдер болду жана бул (мечит) тынчтыктын символу».

Азем Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин ак батасы менен бүттү, кийинчерээк ал киши Ахмадий эмес коноктор менен жекече жолугушту.

Азем башынан аягына чейин МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Reception-008

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via