Ирландияда Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мечити Голуэй шаарында ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ирландияда Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мечити Голуэй шаарында ачылды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси «Марям» мечитин ачты

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Inauguration-001

Ахмадия Мусулман Жамааты чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: бүгүн эртеӊ менен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Ирландия Республикасынын Голуэй шаарында «Марям» аттуу мечитти ачты. Бул – өлкөдө Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган биринчи мечит.

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Inauguration-002

Ал киши саат 13:00дө короого келди жана эстелик тактайдан парда көтөрүп, өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду. Анын жума кутбасы МТА Интернейшнал (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) аркылуу түз эфирден бүтүн дүйнөгө көрсөтүлдү.

Ал киши өзүнүн жума кутбасында ачык-айкын төмөнкүлөрдү билдирди: ушул жаӊы мечит бардык Ахмадий мечиттер сыяктуу тынчтыктын символу жана адамдарды бири-бирине жакындатуу куралы болот.

Ал киши мындай деди: бүгүнкү дүйнөдө Ислам дини дүйнөдөгү кээ бир аймактарда атынан эле мусулман деп аталуучулар жасап жаткан жекчил иштеринин айынан жаманаты, өтө эле жаманаты болуп калды. Ал киши мындай деди: чындыгында, терроризм жана экстремиздин ар түрдүү көрүнүштөрү Исламдын нукура таалимдерине бүтүндөй каршы келет жана сындалууга ылайык.

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Inauguration-003

Ал киши мындай деди: «Марям» мечити эч качан фитна-чагымчылык же адилетсиздик жайга айланбайт; анын ордуна ал тынчтык, сабырдуулук жана адамдарга сый-урмат көрсөтүү дегенди өнүктүрүү куралына айланат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биздин мечиттер ушундай жай: ал жерден биз тынчтык, өз ара гармония жана сабырдуулук болушу керек деп жарыялайбыз, ошондой эле ал жерден терроризм жана экстремизмдин ар түрдүү көрүнүштөрүн сынга алабыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп кошумчалады:

«Бардык диндерди коргоо жана өздөрү жашаган өлкөнү сүйүп, ага чынчыл экенин көрсөтүү ар бир Ахмадий мусулман эркек жана аялга милдет экенин ар бир Ахмадий мусулман адам билет. Бул – Курани каримдин чыныгы таалимдери».

2014-09-26-IR-Galway-Mosque-Inauguration-004

Ал киши мындай деди: эми Ирландияда биринчи мечитти салганыбыздан кийин толтура адамдар Ахмадия Мусулман Жамаатын көргөнү келишет жана бардык тынчтык адамдарга мечитке кош келиӊиздер деп айтабыз.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: мечитке Ислам дининде өзүнүн абийирдүүлүгүнүн себебинен бийик даражаларга ээ жана Азирети Ыйса(ас)дын энеси болгон «Марям» деп ат коюлган. Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулмандар ал киши көрсөткөн бийик жана чынчылдык үлгүсүн тууроого аракеттенүүлөрү керек.

Жума кутбасынан кийин ал киши «The Irish Times» жана «RTE» деген гезиттерге маек берүүдөн мурда жаӊы салынган мечитте жума намазын окутту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via