Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голуэй шаарына келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Марям» мечитинин бет ачары үчүн сапар тартты
2014-жылдын 24-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Дублинден машина менен эки сааттык жол тартып, Ирландия Республикасынын Голуэй шаарына келди.
Ал киши Ирландияда Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган «Марям» аттуу биринчи мечиттин бет ачары үчүн Голуэй шаарына жол тартып келди.
Ал киши Голуэй шаарына жетип келгенде, Ахмадия Мусулман Жамаатынын жергиликтүү мүчөлөрү – эркектер, аялдар жана балдар тарабынан тосулуп алынды. Алар өздөрүнүн руханий Жетекчиси алардын өлкөсүнө келгенде, өз кубанычтарын билдирүү максатында диний ырларды ырдашты жана Ирландиянын желектерин абага көтөрүштү.
Анан кечки маал ал киши «Марям» мечитине барып, Шам менен Куптан намазын окутту.
Кошумча маалымат үчүн: media@pressahmadiyya.com
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: press@ahmadiyya.org.uk
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)