Англиядагы Мажлис Ансарулланын 32-Ижтимаасы (чогулушу) Лондондо Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин ак батасы менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиядагы Мажлис Ансарулланын 32-Ижтимаасы (чогулушу) Лондондо Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин ак батасы менен аяктады

Англиянын булуӊ-бурчтарынан 2000ден ашуун адам аземге катышышты

2014-жылдын 19-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Мажлис Ансарулланын 32-Ижтимаасына (чогулушуна) жыйынтык кайрылуусун жасады.

Англиянын булуӊ-бурчтарынан 2000ден ашуун адам катышкан ушул үч күндүк азем түштүк-чыгыш Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинин залында болуп өттү.

 2014-10-19-Ansar-Ijtema-002

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши «Мажлис Ансарулла» аттуу тармактуу уюмдун маанилүүлүгүнө токтолду жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын жазгандарынын жарыгында Жамаат мүчөлөрүнүн жеке милдеттерин баса белгиледи.

Ал киши мындай деди: «Ансарулла» деген термин «Алланын Жардамчылары» деген маанини билдирет. Ошондуктан, өздөрүнүн бардык жөндөмдөрү менен чыныгы жана тынчтык Исламга кызмат кылуу ар бир мүчөнүн милдети болуп саналат.

Ал киши мындай деп кошумчалады: чындыгында «Ансарулланын» 40 жаштагы же андан өйдө жаштагы мүчөлөрү чындап «Алланын Жардамчылары» болууга өздөрүнүн жашы улуулугун жана тажрыйбаларын толук кандуу пайдалануулары лаазым.  

2014-10-19-Ansar-Ijtema-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп түшүндүрдү: Алла таала Өзү бардык Кудуреттердин Ээси болгондон кийин Ал эч кандай «Жардамчыларга» муктаж эмес. Ошентсе да, алар Анын берешендиктерине жана сыйлыктарына татыктуу болушсун деп Алла тааланын чексиз ырайымдуулугу мусулмандарга өздөрүнүн ишенимине кызмат кылууга жана аны жайылтууга мүмкүнчүлүк берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Алланын чыныгы Жардамчыларынын» милдеттери жөнүндө сөз кылып жатып, мындай деди:

«Бир жактан, Алла тааланын Жалгыздыгын даӊазалоо жана адамдарды Ага даават кылуу, ошондой эле аларга чыныгы жана нукура Ислам таалимдерин үйрөтүү – бул биздин милдетибиз. Бирок, мындан мурун жеке өзүбүз канчалык даражада Исламдын нукура таалимдерин ээрчип жаткандыгыбызды да текшерүүбүз зарыл».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп кошумчалады:

«Биз күндөлүк жашообузду Исламдын нукура таалимдерине ылайыкташтыруубуз лаазым жана эӊ мыкты үлгүнү көрсөтүүбүз шарт.  Бул – дүйнөдөгү адамдарга Жолбашчыбыз – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын аруулугун жана бийиктигин көрсөтүү куралы,  ошондой эле Исламдын жандуу дин экенин далилдөө куралы».

2014-10-19-Ansar-Ijtema-004

Ал киши мындай деди: Ислам адамдардан эки түрдүү акы-укуктарды – Алла тааланын акы-укуктарын жана Алла тааланын пенделеринин акы-укуктарын орундатууну талап кылат. Ал киши мындай деди: ар бир өтүп кеткен күнү Ахмадий мусулмандар өз ишениминин ушул эки негизги милдетин орундатууда алгалай берүүгө аракеттенүүлөрү лаазым.

Ал киши мындай деди: Убада Кылынган Мессия – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) Курани карим универсалдуу жана түбөлүк таалимдерге жык толо китеп экенин үйрөткөн. Ал(ас) мындай деп айткан: аны кандайдыр бир «жомоктордон» турган китеп деп ойлонбош керек, тескерисинче аны «жашоо философиясы» деп билүү лаазым.

2014-10-19-Ansar-Ijtema-005

2014-10-19-Ansar-Ijtema-006

Кийинчерээк Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) дүйнөдөгү ар кайсы аймактан түштөрдү көрүп, Ахмадия – чыныгы Исламга багытталган адамдардын окуяларын айтып берди.

Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын үзгүлтүксүз ийгиликтери жана өсүп-өнүгүүлөрү бүтүндөй Алла тааланын кут-берекелерине такалат.

Ижтимаа (чогулуш) Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин сураган ак батасы менен аяктады.

2014-10-19-Ansar-Ijtema-007

Үч күндүк чогулуштун аралыгында уламалар тарабынан Исламдын нукура таалимдери жөнүндө кайрылуулар жасалды, ошондой эле ар түрдүү илимий жана спорттук жарыштар да өткөрүлдү.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via