Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммадга (САВ) болгон сүйүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммадга (САВ) болгон сүйүү

Ислам ишеним ыйман дин такыба тууганчылык мусулман момун мечит чогулуш

Ар дайым Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүү боюнча алгалай берүүгө насаат

2019-жылдын 27-сентябрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Глландиянын Нанспит шаарында Жалса Салана болгон жерде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 27-сентябрында Голландиянын Нанспит шаарында Жалса Салана болгон жерде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Ал кутбанын бир топ тилдердеги котормосу да түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Хаммад Аббасий мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн Алла Тааланын берешендиги менен Голландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасы башталып жатат жана бир нече жылдардан кийин Алла Таала мага да силердин Жалсаңарга катышуу мүмкүнчүлүгүн берди. Акыркы бир канча жылдарда Голландия Жамааты мүчөлөрүнүн саны өстү. Албетте, 1/3 пайызга чейин өстү. Көптөгөн адамдар Пакистандан көчүп, ушул жерге келишкен, бир аз жаңы адамдар да Жамаатка кошулушкан. Эми ушул жерде Жамаат адабияттары ж.б. дагы жакшы ыкмада басылып чыгууда. Бир жаңы борбор жана бир мечит да Жамаатка насип этилди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Алмере шаарында жаңы салынган мечит тууралуу мен али аны көрө элекмин, бирок адамдар анын кооздугун мактап жатышат деди. Кудай буюрса, эмки жумада ал кооз мечит расмий түрдө ачылат. Бирок, эсиңерде болсун, адамдардын санынын өсүүсү, даават үйү же борборун куруу жана мечиттерди салуу алардын максат-мүдөөлөрүн аткарганда гана пайда келтирет. Ошондуктан, ушул жерде жашап келе жаткан ар бир Ахмадий мусулман Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га Байъат берген соң биз аткара турган ошол максаттар эмне экенин текшерип-талдап чыгуусу керек. Акыркы бир канча жылдарда Пакистандан ушул жерге көчүп келгендерге карата Ал Азирети мындай деди: ушул жерде силерге диний эркиндиги насип этилген, ошондой эле финансылык жагынан да өз ахвалыңарды жакшыртуу шарттары бар. Демек, ушул жерге көчүп келген ар бир Ахмадий мусулман Алла Таалага шүгүрчүлүк кылуучу адам болушу керек. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га Байъат берүү акысын да толугу менен актоого аракет кылуусу керек. Өзүнүн руханий, илимий жана адеп-ахлактык ахвалын да жакшыртууга умтулуусу лаазым.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) да Алла Тааланын амири менен ушул Жалсаларды баштоону жарыялаган эле, анткени ушул Жалсалардын аркасынан бизде таза өзгөрүүлөр жаралып, биз динди дүйнө иштеринен жогору коюучу, ошондой эле Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүн өз жүрөктөрүндө жаратуучулардан бололу.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жазууларынан бир үзүндүсүн келтирди, анда ал (алайхиссалаам) Жалсанын максат-мүдөөлөрүн баяндап, Байъат бергендерге насаат кылган. Байъат берүүнүн түпкү максаты – адамдын дүйнөгө болгон сүйүүсү соолуп калсын (азайсын). Адамдын Алла Таала жана Анын Сүйүктүү Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсү анын жүрөгүн жеңип алсын. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бул аябай ачык-айкын насаат экенин айтты. Тагыраак айтканда, мага Байъат бергенден кийин куру кеп-сөздөргө эле чектелбегиле, тескерисинче ыкластуулар сабына кошулуп кеткиле деди. Мына ошондон улам ал (алайхиссалаам) Байъат шарттарында «Байъат берүүчү адам өзүнүн ар бир ишинде Алла Таала жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарын өзүнө жолдонмо-курал кылып алат» деген шартты да кошкон эле. Демек, Байъаттын максат-мүдөөлөрү эмне экенин улам-улам эскертип туруу үчүн ушул Жалсалар өткөрүлөт. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) адамдын дүйнөгө болгон сүйүүсүнүн биротоло жок болуп, Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсүнүн аны жеңип кетүүсү жөнөкөй нерсе эмес деди. Бул үчүн жан талашып аракеттенүү керек. Ибадат жана Алла Тааланын акы-укуктарын актоо үчүн соода иштерибиз жана башка дүйнөлүк алектенүүлөрүбүздү курман кылууга туура келет. Алла Таалага жакындоо жолуна бөгөт боло турган ар бир нерседен сактануубуз керек болот. Эгерде өзүмчүлдүктөрүбүз, дүйнөлүк кур намыстарыбыз жана даңктанууларыбыз, ошондой эле өзүмчүлдүккө таандык ойлорубуз Алла Тааланын пенделеринин акы-укуктарын аткарууга бөгөт болсо, анда бул дагы Алла Тааланын буйругуна карата урматсыздык болуп саналат.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын жазууларынан дагы бир үзүндүсүн келтирди, анда ал (алайхиссалаам) «Аали Имраан» сүрөөсүнүн 32-аятында баяндалган Алла Тааланын төмөндөгүдөй буйругу тууралуу мындай деген: Алла Тааланын сүйүктүүсү болуу үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчүү деген бирөө гана жол бар, андан башка эч бир жол жок. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: өзүңөрдө «үзүлүү» ахвалын, тагыраак айтканда, дүйнө оюн-күлкүлөрү жана көңүл ачуучулуктарынан ажырата турган ахвалды жараткыла. Тиричилик кылуу, дүйнө иштери жана соода иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган жок, Алла Таала эле аларды кылууга буюрган. Сахааба (ризваануллаахи алайхим) дагы чоң-чоң соода иштерин жүргүзүшчү. Ошентсе да, Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсү аларды жеңип алган болчу.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Бадр согушуна катышкан сахаабалардын өмүр баяны жана мүнөзү жөнүндөгү жума кутбалары тууралуу сөз кылып, мен бүгүнкү күндөрдө жума кутбаларымда сахаабалар тууралуу сөз кылып жатам. Көптөгөн сахаабалардын төмөндөгүдөй мисалдары кезигет: алар биздин Сүйүктүүбүз (саллаллааху алайхи ва саллам)ды таарынта турган эч бир иш-аракет колубуздан чыкпасын деп коркуп жашачу. Демек, эске тутуп турушубуз керек, бардык дүйнөлүк алектенүүлөргө карабай, Алла Таала Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүбүздүн азаюусуна жол бербешибиз керек. Өз ахвалдарыбызды жакшыртуу жана Жалсанын руханий айлана-чөйрөсүнөн пайдалануу үчүн ушул жерге топтолгонбуз. Өз жаманчылыктарыбызды кетирүү, зикир чалуу жана Алла Тааладан кечирим суроого көңүл буруу оюубузда турушу керек. Эгер оюбуз ошондой болбосо, анда Жалсага келишибиз маанисиз болот. Ушул үч күндү таалим-тарбия лагери деп эсептөө акылмандуулуктун талабы болуп саналат. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жалсанын пайдаларынан сөз кылып, мындай деп айтат: бул Жалсада ыйман жана маърифатты өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чындыктар жана илим-билимдер окутулуп-угузулат. Жакшылыктын сообу тиеби же жокпу, ага карабай, Алла Тааланы ыраазы кылуу, Анын ыраазычылыгына татыктуу болуу жана Анын буйругун аткаруу ниети менен гана жакшылык кылуу керек. Алла Таала эч бир жакшылыкты текке кетирбейт деген кеп да туп-туура, бирок кандайдыр бир кызыкчылыксыз кылынган жакшылык гана чыныгы жакшылык болуп саналат. Алла Таала албетте жакшылыкка сооп берет.

Мына ушул өнүккөн өлкөлөргө келип, эркиндиктин атынан ар түрдүү курулай иштерге кирип кетүү айлана-чөйрө байкалат. Биз өз ахвалдарыбызга аябай көз салып турушубуз керек. Кээде жеңилдиктер жана жыргалчылыктар жакшылыктарды кылууга бут тосот. Адамдын (финансылык) ахвалы жакшырган соң адам өзүнүн өткөн убагын унутуп жиберет. Жалпысынан байкалып келе жаткан бир нерсе, дүйнөкор адам мага кандайдыр бир зыян келбесин деп көңүл бурат, бирок Алла Тааланын акы-укуктарын аткарууга көңүл бурбайт. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өкүнүчтүүсү, арабызда дүйнө иштери үчүн өздөрүнүн намаздарын курман кылуучу адамдар да жок эмес деди. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) көңүлүбүздү төмөнкү акыйкатка тарткан: Алла Тааланын жеке сүйүүсүнө чөгүп, кылына турган ибадат чыныгы ибадат болуп саналат. Жеке сүйүүнүн негизинде ибадат кылынса, анда бардык дүйнөлүк жеке максаттар жок болуп кетет. Анда адам баласы элестетип да көрбөгөн жолдордон ага ырыскы тартуулайт. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бул жөнүндө «Ат-Талаак» сүрөөсүнүн үч аятын келтирди. Андан тышкары, бул маселени дагы чечмелөө үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын ачык-айкын түрдө такыбалуулукту молчулуктун усулу (принциби) деп атаган сөздөрүн да окуп берди. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: эгерде адам Кудайчыл жана чыныгы такыба болсо, анда анын жети муунуна чейин да Алла Таала Өзүнүн мээримдүүлүк жана береке Колун кошот деп бекем ишенем. Алла Таала адам баласынын жаралуусунун түпкү максаты ибадат экенин белгилеген. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) жогоруда айтылган кептер бизди ой жүгүртүүгө чакыруучу болушу керек деди. Биз ойлогон ойлорубуз жана кылган эмгектерибиз ушул дүйнөгө жетишүүгө гана сарпталган болбосун, тескерисинче биз өз жашоосунун түпкү максатына жетишүү үчүн өздөрүнүн бардык жөндөмдөрүн ишке сала турган адамдардан болушубуз керек.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн келүү максатын баяндап, мындай деп айтат: мен ыймандарды күчтөндүрүү жана Алла Тааланын бар экендигин адамдарга далилдеп көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөнмүн. Ар бир коомдун ыйман ахвалдары аябай алсырап кеткен жана о дүйнө кандайдыр бир жомок сыяктуу деп түшүнүлөт. Яхудийлердин жүрөктөрүндө Алла Таалага сүйүүсү муздап калганда, Иса Масийх келген эле. Менин заманымда дагы кудум ошондой ахвал өкүм сүрүүдө, ошон үчүн кайрадан ыйман доору келип, жүрөктөрдө такыба пайда болушу үчүн мен жөнөтүлгөнмүн.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: ал (алайхиссалаам)га берген Байъатыбыздын акысын актап, Алла Таалага болгон сүйүүбүздү көбөйтүү менен бирге ушул коомчулукту дагы Алла Таалага жакындатуу бүгүн бизге милдет болуп саналат. Бүгүн дүйнө Алла Тааланын бар экендигин жокко чыгарып жатат жана жыл сайын көптөгөн сандагы адамдар динди таштап салып жатышат. Ошондуктан, өзүбүздө гана Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүн жаратуу милдетибиз болбостон, тескерисинче өз балдарыбыз жана муундарыбыздын жүрөктөрүндө да Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүн жаратууга жан талашып аракеттенүүбүз керек. Дүйнөнү да Алла Тааланын бар экендигинен кабардар кылуубуз керек.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) ушул күндөрдү өз ибадаттарыбыздын өлчөмдөрүн жогорулатуу жана аларга туруктуу болуу, ошондой эле Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүбүздү өнүктүрүүгө пайдаланалы деп дуба кылды. Дүйнө көңүл ачуучулуктары жана жеңил ойлору эч качан бизди жеңип кетпесин. Аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) эсиңерде болсун, ушулардын баарын Алла Тааланын берешендигисиз кылуу мүмкүн эмес, ошон үчүн Анын берешендиктерин өзүнө тартуу үчүн аябай көп дуба кылуу керек деди.

٭…٭…٭

Share via