Эң мыкты инсандар: Азирети Зубайр бин Аввам (разияллаху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эң мыкты инсандар: Азирети Зубайр бин Аввам (разияллаху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 4сентябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

«Ашрах Мубашшарах»[1] тизмегине кирген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Бадр» согушуна катышкан улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Зубайр бин Аваам (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны. Азирети Али (разияллааху анху) баян эткен рабаяты боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Талха жана Зубайр бейиште менин кошунам болушат деп айткан.

Гамбиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин (президентинин) үчүнчү орунбасары урматтуу АлХааж Ибрахийм Мамбаи мырза, Пакистанга караштуу Карачи шаарындагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин (президентинин) орунбасары урматтуу Наъийм Ахмад Хан мырза ибн АбдулЖалил Хан мырза жана Германиянын тургуну Вали Мухммад маркумдун аялы урматтуу Бушра Бегам айымды эскерүү жана гайып жаназа намазы.

2020-жылдын 4-сентябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 4-Табук күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 4-сентябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун «Аали Имран» сүрөөсүнүн 173-аяты жана котормосун окуп, анан мындай деп айткан:

(Мурунку кутбаларда) сахаабалар тууралуу сөз болуп жаткан жана Азирети Зубайр (разияллааху анху) тууралуу бир аз айтыла турган сөз дагы бар болчу. Азирети Айша (разияллааху анха) «Аали Имран» сүрөөсүнүн 173-аяты[2] жөнүндө өзүнүн жээнине бул аятта сенин ата-бабаларың, атап айтканда, Зубайр жана Абу Бакр (разияллааху анхума)  сөз кылынган сахаабалардан болушат деп айткан. Ал сахаабалар «Ухуд» согушунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жараат алгандыгы жана каапырлардын кайтып кетүүсүнөн кийин жарадар болушканына карабастан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык каапырлардын аркасынан кууп барышкан. Азирети Али (разияллааху анху) баян эткен рабаяты боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Талха жана Зубайр бейиште менин кошунам болушат деп айткан. «Ашрах Мубашшарах» тизмегине кирген Азирети Зубайр (разияллааху анху) согушта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында жана намазда анын артында турган улуу сахаабалардан болгон. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) айтып берген вахий-аянды жазуучу 15 сахаабага Азирети Зубайир (разияллааху анху) да кирет. Бир Газва[3]да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зубайр (разияллааху анху)га кычышуу менен ооруп жатканына байланыштуу жибектен жасалган көйнөктү кийүүгө уруксат берген. Азирети Муслих Мавъуд[4] (разияллааху анху) мындай деп айткан: Мединада үйлөрдүн чек аралары белгиленип жаткан учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зубайр (разияллааху анху)га мамлекеттик жерлерден ат эң соңку демине чейин чуркай ала турган бир чоң бөлүгүн бөлүп берген. Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху)нун эсептөөсүнө ылайык ал жер болжол менен айтканда 8 гектар болгон.

Азирети Усман (разияллааху анху) геморрой оору менен катуу ооруп жаткан мезгилде, ага өзүнөн кийин халифаны дайындоо үчүн сунуш түшкөн. Ал учурда Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун талапкерлиги көрсөтүлгөндө, Азирети Усман (разияллааху анху) ал жөнүндө касам ичип, албетте, менин билишимче Зубайр ушул адамдардын эӊ жакшысы жана ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дагы эң сүйүктүү болгон деп айткан.

Бир жолу талааларды сугарууда суу маселеси жөнүндө Азирети Зубайр (разияллааху анху) жана «Бадр» согушуна катышкан бир Ансаар сахаабанын ортосунда чыр чыккан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) маселени чечүү үчүн Зубайрга: «Зубайр! Талааларыңды сугаргандан кийин сууну кошунаңа коё бер», – деп айткан. Аталган Ансаарга бул сөз жакпай калган жана ал Зубайр сиздин бөлөңүз болгондуктан ушундай чечим чыгардыңыз деп айткан. Муну угуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзүнүн өңү өзгөрүп кеткен жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зубайр (разияллааху анху)га акысын толугу менен бердирип, ага талааңдын чегине чейин жетмейинче сууну токтотуп тур деп айткан. Азирети Зубайр (разияллааху анху) төмөнкүдөй аяттын ушул эле чырга байланыштуу түшкөнүн айтат:فَلَا وَ رَبِّکَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ حَتّٰی یُحَکِّمُوۡکَ فِیۡمَا شَجَرَ بَیۡنَہُمۡ ثُمَّ لَا یَجِدُوۡا فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ حَرَجًا مِّمَّا قَضَیۡتَ وَ یُسَلِّمُوۡا تَسۡلِیۡمًا«Жок! Раббиңе касам! Ортолорунда түшүнбөстүк болгон маселелерде алар сени калыс кылмайынча, анан сен чыгарган чечимге өз дилдеринде кенедей да оорчулук таппай, толук баш иймейинче, эч качан ыйман келтире алышпайт». (4:66)

Хафс бин Халиддин рабаяты боюнча Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун денесинин баары кылычтан алынган жаракаттарга толуп калган болчу. Ал (разияллааху анху)дан суралганда, ал ушул жаракаттардын баары Алла Тааланын жолунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге согушуп жатып алгам деп айткан.

Азирети Усман, Азирети Микдад, Азирети Абдулла бин Масъуд жана Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анхум) Азирети Зубайр (разияллааху анху)га осуят кылышкан болчу. Ошондуктан, ал (разияллааху анху) алардын мал-мүлкүн коргочу жана алардын балдарына өз мал-мүлкүнөн коротчу. Азирети Зубайр (разияллааху анху) жөнүндө анын бир миң кулу бар болуп, алар ага Харааж[5] төлөшчү, ал (разияллааху анху) ошол акчадан эч нерсени үйгө алып келбей, анын баарын садагага берип койчу деп кезигет. Азирети Умар (разияллааху анху) Зубайр дин устундарынын бири деп айткан.

«Жамал» согушу күнү Азирети Зубайр (разияллааху анху) өзүнүн уулу Абдулла бин Зубайрга бүгүн мен зулумдук көргөн бойдон өлтүрүлөм деп айткан жана ага карыздарынын кайтарылышы тууралуу көрсөтмөлөрдү берген. Зубайр (разияллааху анху)нун карыз болгонунун себеби, кимдир бирөө ага аманатка бир нерсени калтырууга келсе, ал (разияллааху анху) акчанын жоголуу коркунучунан аманатка тапшырылган акчаны карыз катары алып алчу. Анын каза болгонунан кийин Азирети Абдулла бин Зубайр (разияллааху анху) карыздарын эсептегенде, ал 2 млн. 200 миң болчу. Азирети Зубайр (разияллааху анху) Абдулла бин Зубайрга эгер карыздан кутулууга чамаң жетпесе, анда менин Кожоюнуман, тактап айтканда Кудай Тааладан жардам сурагын деген көрсөтмө берген болчу. Демек, Азирети Абдулла бин Зубайр (разияллааху анху) карызды кайтарып берүү учурунда качан кыйналганымда, мен эй, Зубайрдын Кожоюну (Кудай)! Анын карызын кайтарып бергин деп айтчу элем жана Алла Таала кандайдыр бир жолду таап берчү деп айтат. Азирети Абдулла бин Зубайр карыздан кутулгандан кийин дагы 4 жылга чейин ажылык мезгилинде, Зубайр (разияллааху анху) карызы бар адам бизге келсин, биз карызын төлөп беребиз деген кулактандырууну жарыялап жүргөн. Андан кийин Абдулла бин Зубайр (разияллааху анху) анын мурасын бөлүштүрүп берген. Ар кандай рабаяттарда анын толук мүлкү 35 млн. 200 миңден 52 миллионго чейин болгон деп айтылат.

Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) Азирети Али (разияллааху анху)нун халифалык шайлоосу жөнүндө кеӊири токтолуп, мындай деп айткан: бүлүк салуучулар Азирети Усман (разияллааху анху)нун шейит болгонунан кийин Азирети Али (разияллааху анху)га чуркап барып, Ислам мамлекетинин чачырап кетүү коркунучун айтышып, аны Байъат алууга мажбур кылышкан. Кийинчерээк ошол эле баш аламандыкты кылгандардын бир тайпасы Азирети Талха жана Зубайр (разияллааху анхумаа)га басым жасап, Байъат кылдырышкан. Ал экөө теӊ «Азирети Усман (разияллааху анху)нун каны үчүн дароо өч алынсын», – деген шартты коюп, Байъат беришкен. Бирок, кийинчерээк ошол талаптын ишке ашырылбай жатканын көрүп, ал экөө теӊ Байъаттан баш тартып, Мединадан чыгып кетишкен. Усман (разияллааху анху)ну өлтүрүү ишине катышкан ошол ыймансыз адамдар эле Азирети Айша (разияллааху анхаа)ны согушууга тукурушкан. Азирети Талха менен Зубайр (разияллааху анхумаа) башында Азирети Айша (разияллааху анха) тарабында болушкан. Бирок, Азирети Зубайр (разияллааху анху) Азирети Али (разияллааху анху)нун оозунан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «сен Али менен согушасың жана адилетсиздик сен тарабыӊан болот» деген алдын-ала кабарын угуп, согуш башталардан мурун эле ажырашып кеткен. Азирети Талха (разияллааху анху) дагы каза болуусунан мурун Азирети Али (разияллааху анху)га Байъат бергендерге кошулган.

Азирети Зубайр (разияллааху анху)ну Ибн Жармуз «Жамал» согушунан кайтып келип жатканында, шейит кылган. Ибн Жармуз Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун башы менен кылычын Азирети Али (разияллааху анху)га алып келгенде, ал (разияллааху анху) бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзүнүн тынчсыздыгын кетирген кылыч, бирок азыр ал өлүм жана баш аламандыктын өлүм талааларына айланды деп айткан. Андан кийин ал (разияллааху анху) Ибн Жармузга анын тозокко кирүү эскертүүсүн угузуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ар бир пайгамбардын шакирттери (шериктери) болушат жана менин шакиртим (шеригим) – бул Зубайр дегенин айткан. Азирети Зубайр (разияллааху анху) Саваа өрөөнүндө жерге берилген. Шейит болгон убагында ал (разияллааху анху) 64, 66 же 67 жашта болгон. Ал (разияллааху анху) ар кандай мезгилдерде көп жолу үйлөнгөн жана ал көп тукумдуу болгон. Хузур-э-Анвар Азирети Зубайр (разияллааху анху)нун жети аялы жана он сегиз баласынын аттарын айтып берген.

Хузур-э-Анвар кутбанын экинчи бөлүгүндө үч маркумду эскергенден кийин алардын гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилген адам – бул Гамбиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин (президент) үчүнчү орун-басары Ал-Хааж Ибрахийм Мамбаи мырза. Маркум 10-август күнү 76 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Ал 1961 же 1962-жылы Ахмадиятка мүчө болуп кошулган. Маркумга узак мөөнөткө чейин Гамбиядагы Амиринин орун-басары катары кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү насип этилген. Андан тышкары, Афсар Жалса Салана (Жылдык Жыйындын жетекчиси), тышкы иштер боюнча катчы жана Гамбиядагы Мажлис Ансарулланын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40 жаштан жогору курактагы эркек мүчөлөрүнүн уюму) президенти да болгон. Жогорку билимдүү болгондуктан, мамлекетке дагы жакшы деңгээлде кызмат кылган. Абдан ибадат кылуучу, Ыйык Куранды шыктануу менен окучуу, финансылык курманчылыкта алдыңкы катарда болгон жана Халифатка толук ишенимин көрсөткөн жана берилген инсан эле. Анын артында эки аялы, жети уулу жана эки кызы калышты. Маркумдун бир аялы Гамбиядагы Лажна Имаа-илланын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15 жаштан жогору курактагы кыздары жана аялдарынын уюму) президенти. Ал эми бир уулу Мажлис Худдамул-Ахмадия (Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15 жаштан жогору жана 40 жашка чейинки курактагы эркек мүчөлөрүнүн уюму) президенти болгон. Өз жашоосун Жамаатыбыз жана динге арнаган бир уулу Жамаатыбыздын Жаамиъатул-Мубашширийн медресесин бүтүргөн.

Экинчи эскерилген адам – бул Пакистанга караштуу Карачи шаарындагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин орун-басары урматтуу Наъийм Ахмад Хан ибн Абдул-Жалил Хан мырза. Ал апрель айынын соңку күндөрүндө каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум Мажлис Худдамул-Ахмадия уюмунда аткарган көптөгөн кызматтардан тышкары, Карачи шаарындагы Мажлис Худдамул Ахмадия уюмунун Каиди (аймактык жетекчи) жана Карачи районундагы Мажлис Ансарулланын Наазими (жетекчи) да болгон. Фазл-э-Умар фаундэшн[6] мекемесинин директору да болгон. Жалса Саланада нан бышырууга иш-план түзүлгөндө, ага техникалык инженер катары кызмат өтөгөн. Маркум Тахажжуд намазын окуучу, ибадатка өтө шыктанган жана Халифатка берилген бойдон ишенимин көрсөткөн адам эле.

Үчүнчү эскерилген адам – бул Вали Мухаммад мырза маркумдун аялы Германиянын тургуну урматтуу Бушра Бегам айым. Ал 19-июль күнү 74 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Анын чоң атасы Набанын тургуну Азирети Миан Низамуддин Сахиб Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы болгон. Тахажжуд намазын калтырбай окуган, меймандос, муктаждарды караган жана Курани Каримди өтө сүйгөн аял болчу. Анын артында төрт уулу жана эки кызы калышты. Анын бир уулу Шафийкур-Рахман Жамаатыбыздын миссионери катары Жаңы Зеландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси болуп кызмат өтүүдө. Ал энесинин жаназа намазына катыша албай калды. Өз жашоосун динге арнаган экинчи уулу Атийкур-Рахман мырзага учурлук Халифанын Лондондогу жеке катчысынын кеңсесинде кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү насип этилүүдө.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам) тарабынан бейишке кирүүгө сүйүнчүлөнгөн он сахааба.

[2] Өздөрү жаракат алгандан кийин дагы Алла жана Пайгамбарга «лаппай» дегендер – алардын арасынан жакшы амалдарды кылган жана такыба болгондор үчүн үлкөн сыйлык бар.

[3] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү катышкан согуш «Газва» деп аталат.

[4] «Убада кылынган Реформатор» дегенди билдирет.

[5] Мусулман эместерден алына турган салык.

[6] Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Экинчи Халифасы (разияллааху анху)нун китептери жана илимий иштерин жыйнап-топтоп, бастырып чыгаруу үчүн түзүлгөн мекеме.

Share via