АХМАДИЙ ЭМЕС АДАМДЫН АРТЫНДА НАМАЗ ОКУУ?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

АХМАДИЙ ЭМЕС АДАМДЫН АРТЫНДА НАМАЗ ОКУУГА БОЛОБУ?

АХМАДИЙ ЭМЕС АДАМДЫН АРТЫНДА НАМАЗ ОКУУГА ТЫЮУ САЛЫНГАН

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын экинчи халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Дагы бир маселе бар, ал тууралуу аябай көп жазылган. Ал жөнүндө да бир аз сөз кылмакчымын жана ал мындай: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Ахмадийлерди Ахмадий эмес адамдын артында туруп намаз окууга катуу тыюу салган. (Кадияндан) башка жерлерде жашагандар улам-улам бул тууралуу сурашат. Мен силер канча жолу сурасаңар да, мен ошончо жолу Ахмадий эмес адамдын артында туруп намаз окууга болбойт, болбойт, болбойт деп айтамын. Бул маселеде мен өзүм эмне кыла аламын? Мен дагы силер баш ийген инсанга эле баш ийемин. Андай болсо, мен эмне кыла аламын жана менде кандай ыктыяр бар? Ооба, силерге Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын ушул өкүмүн кайра-кайра угузуу, өзүм да ага баш ийүүм жана силерди да баш ийдирүү мага милдет болуп саналат.

Ахмадий эмес адамдардын артында туруп намаз окуу тууралуу сурай турган адамдарга мен: «Айткылачы, бийлик таарынган адамды силер бийликтин алдында ортого түшүү үчүн сунуш кыласыңарбы же бийлик ыраазы болгон жана бийлик жалгаган адамдыбы?» Буга силер бийлик ыраазы болгон адамды гана сунуш кылабыз деген жоопту гана бересиңер. Демек, эгер бийликтин алдына өз депутацияңарды алып баруу үчүн анын назарында жагымдуу болгон адам керек болсо, анда Алла Тааланын алдында сунуштоо үчүн (Алла Таала) нааразы болгон адамды тургузуу – бул каяктагы акылмандуулук экен? Бул кандайдыр бир кыйын нерсе эмес, аны жеңил гана түшүнүүгө болот. Ошондуктан, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды кабыл кылбаган адамдарды өзүнө имам кылбоо керек, анткени алар Алла Тааланын назарында каарга кабылган адамдар жана бирөө Байъат берип, бизге кошулмайынча биз анын артында туруп намаз окубашыбыз керек. Алла Таала дайындаган инсандары өтө маанилүү болушат, аларды кабыл кылбай турган бирөө Алла Тааланын назарында кабыл боло албайт. Туура, чын жүрөктөн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды чынчыл эмес деп кабыл кылбай турган Ахмадий эмес адамдар да жок эмес. Бирок биз да мына ошондой адамдардын артында намаз окубоого мажбурбуз, анткени кандай гана себептен болбосун, алар баары бир чындыкты четке каккан адамдар. Ахмадий эместердин эмнеге алардын артында туруп намаз окубашыбыздан ачууланышы бир маанисиз нерсе болуп саналат. Мырза (Гулам Ахмад) Сахибди жалганчы деп билген Ахмадий эмес адам бизди кандайча мусулман деп билсин жана ал эмнеге биздин анын артында туруп намаз окуубузду каалайт? Анын артында туруп намаз окуганыбыз ага эмне пайда келтирет? Ахмадий эместерди мусулман эмес деп, алардын артында туруп намаз окубашыбыз бизге милдет болуп саналат. Анткени, биздин назарыбызда алар Алла Тааланын бир пайгамбарын четке каккан адамдар. Бул дин маселеси, мында бир нерсе кылууга эч кимдин ыктыяры жок. Бирок бул Ахмадий эместер менен болгон башка дүйнөлүк жана социалдык алака-байланыштарды үзүп алуубуз керек деген маанини туюнтпайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) христиандарга да өз мечитинде намаз окууга уруксат берген эле. Демек, ушунчалык диний келишпестик бар экенине карабай, бири-бирине диний жеңилдиктерди жаратууга буюрулган болсо, анда дүйнөлүк карым-катыштарды үзүү кандайча адал болсун? Башкаларды сүйүп-сыйлагыла, алардын башына кандайдыр бир балээ-кырсык түшкөндө, аларга жардам бергиле, ооруп жаткандарды дарылаткыла, ачкаларды тамактандыргыла, жылаңачтарды кийинтиргиле. Бул үчүн албетте силерге сооп тиет. Ал эми дин маселесинде силер аларды өзүңөргө имам кыла албайсыңар. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бул тууралуу кайра-кайра насаат кылган. Ошондуктан, муну жакшылап эске сактагыла жана аны катуу аткаргыла». («Анваар-э-Хилаафат», «Анваарул-Улуум», 3-том, 147-148-бет)

 
Share via
Share via