Канаданын Улуттук Мажлис-э-Амиласынын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Канаданын Улуттук Мажлис-э-Амиласынын тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Санада

Канаданын Улуттук Мажлис-э-Амиласы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен Виртуалдык Жолугушуу өткөрүү урматына ээ болду

Азирети Мырза Масрур Ахмад мээримдүүлүк руху менен кызмат кылуу жана муктаж болгондорго жардам берүү Амила мүчөлөрүнүн милдети деп айтты

2020-жылдын 3-октябрында Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Амиласына (Башкаруучу органы) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана көрүшүү менен сыйланды.

Ал Азирети жолугушууну Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен алып барды, ал эми Улуттук Амила мүчөлөрү Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылып келе жаткан «Байтус-Салам» мечитинин комплексиндеги «Тахир» залынан жолугушту.

Жетимиш беш мүнөттүк жолугушуунун жүрүшүндө Амиланын мүчөлөрү өздөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчёт берип, бир катар маселелер боюнча Ал Азиретинин багытын жана көрсөтмөлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал Азирети Канадада кызмат кылган бардык миссионерлердин Таблиг (даават кылуу) жана Тарбият (адеп-ахлактык тарбия) иш-аракеттерине толук кандуу алек болушун камсыз кылуу үчүн Канадада кызмат кылып жаткан миссионердин төрагасына көрсөтмө берди. Ал Азирети бардык миссионерлер Исламдын чыныгы таалимдерин кеңири коомчулукка жеткирүүдө жана Ахмадий мусулмандардын адеп-ахлактык жана диний тарбиясын камсыз кылууда негизги ролду ойношу керек деп айтты. Ал Азирети COVID-19 чектөөлөрү туруп турганча Таблиг жана Тарбия программаларын онлайн режиминде өткөрүү керектигин айтты.

«Васият» институту жөнүндө, Ал Азирети мындай деди: аталган  институттун мүчөлөрү бир гана каржылык курмандык жетиштүү эместигин билиши керек. Тескерисинче, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын таалимдерине ылайык, аталган  кыймылдын мүчөлөрү өз жашоосунун ар бир аспектисинде эң жогорку адеп-ахлактык жана диний стандарттарды көрсөтүүгө умтулушу керек. Алар Исламдын таалимдеринин чыныгы чагылдырылышы болушу керек, анын кабарын алыска жана кеӊири жеткирүүгө аракет кылып, өз жакындарынын, Ахмадий мусулмандардын жана коомдун бардык мүчөлөрүнүн акы-укуктарын коргошу керек.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Санада

Жолугушуунун жүрүшүндө Ал Азирети Улуттук Амила мүчөлөрүнө Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жалпы мүчөлүгүнө ар дайым камкордук менен мамиле кылууга көрсөтмө берди. Андан тышкары, ар кандай жол менен күрөшүп жаткан же жумушсуздук сыяктуу жеке кыйынчылыктарга туш болгон Ахмадий мусулмандарга жардам берүү да Амиланын милдети болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Көпчүлүк Ахмадий мусулмандар COVID-19 чектөөлөрүнөн улам көбүнчө үйдө отурушкан жана бул көңүл чөгүүлөргө алып келип, депрессия сыяктуу психикалык ооруларына алып келиши мүмкүн. Алар менен байланышып, алардын маанайын көтөрүүгө жана аларды колдоого аракет кылуу силердин милдетиңер болуп эсептелинет. Мындан тышкары, Улуттук Амила мүчөлөрү жергиликтүү жана аймактык деңгээлдердеги Амила мүчөлөрү менен жеке байланышта болушу керек. Аларды жыйналышка чакыруу же отчёт алуу үчүн гана аларга чалбастан, алар менен жеке достук мамилени өрчүтүүӊөр керек. Эгер алар силердин чын дилден кам көрөрүүңөрдү байкашса, анда бул алардын аткарып жаткан кызматын жогорулатууга жана өз милдеттерин мыкты аткарууга түрткү болот».

Ал Азирети Улуттук Амила мүчөлөрүн бири-бири менен жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын жардамчы уюмдарынын администрациялары менен кызматташууга үндөдү. Андан тышкары, ал киши ар бир бөлүмдүн маселелери же көйгөйлөрү оңой табылып, чечилиши үчүн, алардын бөлүмдөрүнө байланыштуу акыркы маалыматтар болушу шарт деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Амиланын ар бир мүчөсү өз бөлүмүнүн максаттарын (иштерин) түшүнүп, жигердүү жана натыйжалуу иштеши керек. Низам-э-Жамаат (уюштуруучулук түзүмү) чындыгында эң сонун жана эгер ал туура сакталса, биздин ишибиздин масштабы уламдан-улам өсө берет. «Өзгөчө кырдаал» же «кыска мөөнөттүү” долбоорлор боюнча башка эч ким биздин мүчөлөрүбүздүн мыктылыгына жана натыйжалуулугуна тең келе албайт, бирок системалуу түрдө иштөө жагынан узак мөөнөттүү иштерге көңүл бурууда дагы жакшыртуу мүмкүнчүлүгү бар».

Вакф-э-Нау  кыймылы жөнүндө, Ал Азирети Канадада кыймылдын жүрүшү жөнүндө жаңыланган маалыматты талап кылды, ал жерде ал киши 2016-жылдын октябрь айында Вакф-э-Нау мүчөлөрүнүн жоопкерчиликтери жана милдеттери жөнүндө кеңири жума кутбасын окуган эле.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Вакф-э-Нау кыймылына катталган эркек балдарды Жамия Ахмадияга кирүүгө үндөө керек. Андан тышкары, Вакифин-э-Наудан биздин ооруканаларыбызда жана мектептерибизде кызмат кыла турган дарыгерлерди, мугалимдерди жана башка квалификациялуу кесиптерди талап кылып туруубуз керек. Бизге «Вакф-э-Нау» наамын гана ойлогон жана чындыгында кызмат кылууга жана өз убадаларын аткарууга кызыкдар болбогон Вакф-э-Наунун кереги жок. Мындай адамдардын ысымдары Вакф-э-Нау тизмесинен алынып салынышы керек, ошондо бул кыймылдын чыныгы сандары жана көрүнүшү ачык-айкын болот. Кандай болсо дагы, Вакф-э-Нау бөлүмү Вакф-э-Нау балдарын чыныгы кызмат рухуна сиңирип, алардын мүмкүнчүлүктөрүн Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн мотивациялап, жетектөөгө аракет кылышы керек».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via