Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)

Мечит Ислам дин ыйман курмандык Пайгамбар

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 27-декабрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2019-жылдын 27-декабрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Хожа Мунируддин мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Өткөн жума кутбасында Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жөнүндө сөз болуп жаткан эле. Ал (разияллааху анху) Бану Хазраж уруусунун Бану Саъида үй-бүлөсүнөн болгон жана ал (разияллааху анху) Бану Хазраж уруусунун төрагасы болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу доорунда ал (разияллааху анху) эӊ көрүнүктүү сахаабалардын бири болчу. А түгүл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгондо, кээ бир сахаабалар аны Халифат үчүн да сунуш кылышкан. Ал (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда көз жумган.

Азирети Саъд бин Убаада, Мунзир бин Амар жана Абу Дужаана (разияллааху анхум) Ислам динин кабыл кылышканда, бардыгы өз уруусу болгон Бану Саъидахтын бардык путтарын талкалап салышкан. Азирети Саъд (разияллааху анху) Бану Саъидах уруусунун жетекчиси кылып дайындалган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху)ну Тулайиб бин Умайр (разияллааху анху)га диний бир тууган кылган. Аус жана Хазраж урууларында Вулям, анын уулу Убаада, анан Саъд, анан Кайстан тышкары, биринин артынан бири төрт жоомарт болгон бир дагы үй-бүлө жок болчу. Тагыраак айтканда, Азирети Саъд (разияллааху анху)нун үй-бүлөсү жоомарттык боюнча өзгөчө бир мисал болгон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага келгенде, Азирети Саъд (разияллааху анху) ар күнү ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га эт жана Сурийдден турган бир чоӊ чөйчөктү жөнөтчү. Азирети Зайд бин Саабит (разияллааху анху)нун айтымында, Мединада буудай нандын Сурийдинен турган эӊ биринчи белекти ал (разияллааху анху) алып келген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларын да ал тамакка шерик кылган. Ошол эле учурда Азирети Саъд (разияллааху анху) бир чоӊ чара алып келген, анын кулу ал чараны башына көтөрүп келген. Ал аябай чоӊ чара болуп, анда Сарийд[1] жана сөөктөр бар эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жети ай Азирети Айюб Ансаарий (разияллааху анху)нун үйүндө жашаган жана ал убакыт аралыгында Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жана Азирети Асад бин Зураранын чөйчөгү үзгүлтүксүз ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га келип турган.

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)нун суранычы менен анын үйүнө барган. Азирети Саъд (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды аябай сонун коноктогон. Азирети Саъд (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан гусул кылышын суранган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) гусул алган. Андан кийин Азирети Саъд ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир абдан мыкты түстүү төшөктү сунуш кылган, аны ал (саллаллааху алайхи ва саллам) оронуп алып, өз колдорун көтөрүп, Азирети Саъд жана анын үй-бүлөсү үчүн дуба кылган.

Аллаама Ибн Сирийндин айтымында, Азирети Саъда бин Убаада (разияллааху анху) көбүнчө сексенге жакын Суффа ээлерин тамактандыруу үчүн өзү менен бирге алып барчу. Жалпысынан, сахаабалар ал жакыр адамдарга көӊүл бурушчу жана алардын арасынан эӊ жакшы көӊүл бурган адам Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) болгон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага келгенден кийинки жылы Сафар айында Абваа жерине барган. Ал жерде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын апасы Азирети Аминанын мүрзөсү да бар. Абваа казатынын экинчи аты Видаан казаты деп да айтылат. Кылыч менен жихад кылуу уруксаты экинчи хижра жылынын Сафар айында берилген. Курайш уруусунун кандуу ой-ниеттери жана коркунучтуу амалдарына каршы күрөшүү үчүн ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол эле айда Мухаажирлерден турган бир жамаатты алып, Мединадан чыккан. Жолго чыгуудан мурун ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз артында Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)нун Амир кылып дайындаган.

Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху): «Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) согушуу ахвалында катышкан ар бир сапары «Газвах» деп аталат, ал атайын согушуу ниети менен кылынбаган болсо да», – деп айтат.

Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)нун Бадр согушуна катышкандыгы тууралуу эки түрдүү ой-пикир бар. Ваакдий, Мадайний жана Ибн Калбийдин пикиринче, ал Бадр согушуна катышкан, ал эми Ибн Исхаак ж.б.лардын пикиринче ал (разияллааху анху) Бадр согушуна катыша албай калган. «Табкаат ал-Кубраа» аттуу китептеги бир рабаят боюнча ал (разияллааху анху) Ансаардын үйлөрүнө барып, аларды даярдап жатканда, бир ит ал (разияллааху анху)нун тиштеп алган, ошон үчүн ал (разияллааху анху) Бадр согушуна катыша албай калган. Жолго чыгуудан мурун Азирети Саъд (разияллааху анху) Азаб аттуу кылычты Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га сунуш кылган, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол эле кылыч менен Бадр согушуна катышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху)га Бадр согушунан колго тийген олжолордон үлүш тартуулаган. Азирети Саъд (разияллааху анху) Ухуд жана Хандак казаттары менен бирге бардык казаттарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге катышкан.

Азирети Саъд (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир эшекти да белек кылган, ошондой эле ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жети зоотунун арасындагы бир темир зоотун да Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Бадр согушуна чыккандан кийин жөнөткөн эле.

Азирети Усама бин Зайд (разияллааху анху)дан кылынган бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бадр согушунан мурун бир күнү ооруп жаткан Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)ну көргөнү кетип баратканда, азырынча мусулман болбогон Абдулла бин Убай бин Сулуул отурган бир жыйындын жанынан өткөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал жыйынга токтоп, аларга Куран угузуп, Ислам окууларын айтып берген. Абдулла ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га адепсиздигин көрсөткөн, андан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ичи ооруган жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул окуяны Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху)га да айтып берген. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) ал окуяны угуп: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Бул айыл-шаар Абдулла бин Убай бин Сулуулду өзүнө жетекчи кылып алууну чечкен болчу, бирок Алла Таала Сизге тартуулаган чындыктын себебинен аны ошол чечим кабыл кылынган жок, натыйжада ал көрө албастык отунда күйүп жатат», – деп айткан. Муну угуп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны кечирген жана ал көрсөткөн кысымдарына сабыр кылган.

Бадр согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалар менен кеӊешкен. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) жана Азирети Умар (разияллааху анху) өз ой-пикирин айтмакчы болушканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга көӊүл бурган эмес. Анан Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) ордунан туруп: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз биз менен кеӊешмекчисизби. Алла Тааланын атын ортого салып айтам: эгерде аттарыбызды деӊизге салууга буюрсаӊыз да, биз ошондой кылабыз», – деп айткан. Кыскасы, Ансаарлар тарабынан Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жасаган ушул ыкласка толгон кайрылуудан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жортуулга чыгууга ниеттенген.

Ухуд согушунан мурун бир жума кечесинде Азирети Саъд бин Муъааз, (разияллааху анху), Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жана Азирети Усайд бин Хузайр (разияллааху анху) куралданып, Пайгамбар мечитинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эшигинде эрте таӊка чейин кайтарып турушкан. Ухуд согушу үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединадан чыкканда, Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) жана Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) зоот кийимин кийип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында болушкан, калган адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын оӊ жана сол тарабында болушкан.

Ухуд согушунан кайтаарда Курайштын адамдары Раухаа жерине токтошкон жана алар мусулмандар чоӊ зыянга учурушкан экен, ошон үчүн кайтып барып, кокустан Мединага чабуул жасаш керек, ага мусулмандар күрөшө албай калышат деп ойлошкон. Экинчи тарапта ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Курайшты кууп, Хамраул-Асад жерине барган. Курайш аскерлери Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келгендигин угуп, качып кетишкен. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) ал учурда отуз төө курмаларды алып келген, ал мусулман аскерлери үчүн жетиштүү болгон, андан тышкары төөлөр да союулган.

4-хижра жылынын Рабиъул-Аввал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) он беш күнгө яхудийлердин Бану Назийр уруусунун чептерин курчоого алган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды Хайбар жакка айдап жиберген. Ал казаттагы олжолорду бөлүштүрүү учурунда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таалага мактоо-алкоо айткандан кийин Ансаарлардын кылган жакшылыктарынан сөз кылган. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: эгерде Ансаарлар каалашса, ушул мал-мүлктүн баары Ансаарлар менен Мухаажирлердин ортосунда теӊ бөлүштүрүлсүн. Мына ошондой жагдайда Мухаажирлер менен Ансаарлардын ортосунда бир тууганчылык бекем болот. Бирок эгер Ансаарлар каалашса, ушул мал-мүлктүн баары Мухаажирлерге берилсин, мына ошондой жагдайда бир тууганчылык аркылуу Ансаарлар Мухаажирлерге кылып келген жакшылыгынын эми кажети калбай калат. Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жана Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху): «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз ушул мал-мүлктөрдү Мухаажирлерге бөлүштүруп бериӊиз жана Мухаажирлер биздин үйлөрүбүздө мурункудай эле болушат, тагыраак айтканда, бир тууганчылык аркылуу үйлөрүбүзгө кирип-чыгуу акысы ошол бойдон калат», – деп айтышкан. Бардык Ансаарлар бир ооздон: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)!  Биз ыраазыбыз!» – дешкен. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Алла! Ансаарларга жана Ансаарлардын уулдарына ырайым кылгын деген дуба сураган.

Азирети Саъд (разияллааху анху)нун апасы Азирети Умрах бинт Масъуд сахаабия болгон. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Дууматул-Жандал казатына кеткен убагында каза болгон. Ал казат 5-хижра жылынын Рабийхул-Аввал айында болгон болчу. Азирети Саъд (разияллааху анху) ал казатта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болгон болчу. Азирети Саъд (разияллааху анху) жаназасын окутуусун суранган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын апасынын жаназасын окуткан, ошондо анын каза болгонуна бир ай өтүп кеткен болчу.

Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га менин апам кандайдыр бир осуятты кылган эмес болчу, эгер мен анын атынан садага берсем, ага пайдасы тиеби деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ооба, деп айткан. Азирети Саъд (разияллааху анху) Сизге кайсы садага аябай жагат деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) суу ичиргин деп жооп берген. Ошентип, Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) бир кудукту каздырып, аны өз апасынын атынан атаган. Аллаама Абу Таййиб Шамсул-Хак «Абу Давуд» аттуу хадис китебинин тафсиринде ушул рабаяттын негизинде мындай деп жазган: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) суу ичирүүнү эӊ абзел садага экенин айткан, себеби ал күндөрдө суу аз болчу.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Азирети Саъд бин Убаада (разияллааху анху) жөнүндөгү ой-пикир бүтө элек, ИншаАллах кийин улантылат.

٭…٭…٭

[1] Арабдардын тамак-ашынын бир түрү.

Share via