Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Нуъман бин Амар жана Азирети Хубайб бин Асааф (разияллааху анхумаа)нын куттуу мүнөздөрүнүн баяны

дин ислам ыйман чогулуш жыйын такыба сахаба пайгамбар медина

2019-жылдын 13-сентябрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: мен Бадр согушуна катышкан сахаабалардын мүнөздөрүн баян кылып келе жатам, бүгүн да ошолорду эле айтып берем, бирок а дегенде Ансаруллахтын Ижтимаасы жүзүнөн ал сахаабалар Ансаар да болушкан, Мухаажир да болушкан деп да айтмакчымын. Алар Ислам динин кабыл кылышкандан кийин өздөрүндө таза өзгөрүүлөрдү да жаратышкан. Курмандык кылуу, такыбалуулук жана ыкластуулуктун эң мыкты үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Силер – ушул жерде отургандардын арасында Ансаарлар да бар, Мухаажирлер да бар, бул жагынан бизге калтырылган мыкты өлчөмдөр боюнча канчалык даражада амал кылып жаткандыгыбызды текшерип турушубуз керек.

Бул кириш сөздөрүн сүйлөгөндөн кийин Ал Азирети а дегенде Азирети Нуъман бин Амар (разияллааху анху) тууралуу айтып берди. Анын аты Наъимаан деп да айтылат. Ал киши Байъат-э-Акаба Улаада жетимиш сахааба менен чогуу Ислам динин кабыл кылган. Ал (разияллааху анху) Бадр, Ухуд жана Хандак согуштары менен бирге бардык казаттарга катышкан. Бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) тууралуу Наъмаан жөнүндө жакшылыктан башка эч нерсени айтпагыла, анткени ал Алла жана Анын Пайгамбарын сүйөт деп айткан. Ал (разияллааху анху) Азирети Амир Муъаавия (разияллааху анху)нун бийлик доорунда 60-хижра жылы каза болгон.

Азирети Нуъман (разияллааху анху) мүнөзү ачык жана тамашакөй адам болчу. Бул жөнүндө Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) төмөндөгүдөй окуяны айтып берген: Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) соода иштери менен Сирияга караштуу Басраа деген жерге барганда, Азирети Нуъман жана Сувайт бин Хармала да ал (разияллааху анху) менен бирге болушкан. Ал эки сахааба бири бири менен ачык мүнөздө болушчу. Азирети Нуъман (разияллааху анху) жол азыктарын көзөмөлдөө кызматында болчу. Бир учурда Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) бир жумушу менен бир жакка кеткен. Сувайт Азирети Нуъман (разияллааху анху)га мага тамак бергин деп айтканда, ал (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) келмейинче мен сага тамак бербейм деп айткан. Ошондо Азирети Сувайт: «Андай болсо, мен сенин ачууңду келтире турган сөздү сүйлөйм», – деп айтат. Ошентип, ал киши бир коомго карата: «Менде бир кул бар, аны сатып аласыңарбы? Бирок, ал аябай көп сүйлөгөн адам, ал мен кул эмесмин дейт», – деп айткан. Аны он ургаачы төөгө баалап туруп, сатып ийген. Алар кулду алып кетүү үчүн Азирети Нуъман (разияллааху анху)нун моюнуна жип салмакчы болушканда, Азирети Нуъман (разияллааху анху): «Бул киши тамашалап жатат, мен кул эмесмин», – деп айтат. Бирок алар ишенишкен жок. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) кайтып келгенде, адамдар ага болгон окуяны айтып беришкен. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) ал коомго алардын ургаачы төөлөрүн кайтарып берип, Азирети Нуъман (разияллааху анху)ну эркиндикке чыгарган. Адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына кайтып келишип, ал окуяны Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтып беришкенде, Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалар аябай күлүшкөн. Бир жылга чейин ушул тамашага адамдар күлүп жүрүшкөн.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Нуъман (разияллааху анху)нун кеп-сөздөрүн угуп, аябай эс алчу. Бир рабаят боюнча бир бедуин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, өзүнүн төөсүн мечиттин короосуна байлап койгон. Сахаабалар Азирети Нуъман (разияллааху анху)га ушул төөнү союп берсең, биз аны жейт элек дешет. Азирети Нуъман (разияллааху анху) алардын сөздөрүнө кирип, ал төөнү союп жиберген. Ал бедуин мечиттен чыкканда өзүнүн төөсүнүн союлуп жатканын көрүп бакырып чыккан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тышка чыкканда, бирөө ага Азирети Нуъман (разияллааху анху) ошондой кылганын айтып берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Нуъманды элдин арасынан карап чыгат. Ал киши жашынган жерде бир адам ага ишаарат кылып, көтөрүңкү үн менен: «Эй, Алланын Элчиси! Нуъман мага такыр эле көрүнбөй жатат», – деп айтат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Нуъманды чыгарып: «Эмнеге ал төөнү союп салдың?» – деп сурайт. Ал (разияллааху анху) сизге мен жөнүндө кабар берген адамдар эле мени ушул ишке тукурушкан деп жооп берет. Алар мага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кийинчерээк анын кунун төлөп коёт дешкен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муну угуп, күлүп коёт жана Азирети Нуъмандын жүзүн куттуу колдору менен сыйпап, ал бедуинге анын төөсүнүн наркын төлөп коёт.

Жер кыдырып, өз соодасын сата турган бирөө Мединага келгенде, Азирети Нуъман (разияллааху анху) андан бир нерсе алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га: «Бул мен тарабыман сизге белек», – деп сунуш кылчы жана соодагер мүлктүн акчасын сураганда, ал (разияллааху анху) аны Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына ал соодагерлерди алып барып: «Буга мүлкүнүн баасын төлөп коюсузбу?» – деп суранчы. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ал сиз мага тартуулаган белек эмес беле?» – деп сураганда, Азирети Нуъман (разияллааху анху): «Ал мүлктү сатып алууга менде акча жок, бирок ушул нерсени сиз пайдаланууңузду каалайт элем», – деп айтчу. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) күлүп жиберчи жана ал мүлктүн акчасын төлөп койчу.

Мен сөз кылмакчы болгон экинчи адам Азирети Хубайыб бин Асааф (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Ансаарлардын Хазраж уруусунун Бану Жашм тармагынан болгон. Мединага кылынган хижраттын учурунда ал киши мусулман болгон эмес, ошентсе да ал киши Мухаажирлерди коноктоо бактысына ээ болгон. Ал (разияллааху анху) Бадр согушу менен бирге бардык казаттарга катышкан. Мединада жашагандыгына карабай, ал (разияллааху анху) Ислам динин кабыл кылган эмес. А түгүл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бадр согушуна жөнөгөндө, Азиррети Хубайыб (разияллааху анху) жолдо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушуп, Ислам динин кабыл кылат. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Сахих Муслим», анын (тафсирлери) түшүндүрмөлөрү жана «Муснад Ахмад бин Хамбал» аттуу хадис китебинде жазылган, Азирети Хубайыб (разияллааху анху) өзү айтып бергендеринин негизинде ал (разияллааху анху)нун мусулман болгондугу тууралуу кеңири айтып берди.

Бадр согушунда Азирети Хубайыб (разияллааху анху) Меккенин Курайыш уруусунун төрагасы Умаййа бин Халфты өлтүргөн эле. Азирети Абдур-Рахмаан бин Ауф (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: «Бадр согушу болгон күнү жеңилүүдөн кийин Умаййа бин Халф мени менен жолуккан. Ал надандык доорунда мага жакын дос болчу. Умаййа менен бирге анын уулу Али да бар эле. Умаййа мени көрүп, менин надандык доорундагы атыман чакырып, мурунку достукту эскертип, жардам сурады. Азирети Абдур-Рахмаан (разияллааху анху) жардам берүүгө сөз берип, экөөсүн алып жөнөп кетти. Жолдо Азирети Билал (разияллааху анху) Умаййаны көрүп калат. Ал киши Азирети Билал (разияллааху анху)ну Ислам дининен чыгаруу үчүн аябай катуу кыйноочу. Азирети Билал (разияллааху анху) көтөрүңкү үн менен: «Эй, Алланын жардамчылары! Эгер каапырлардын ушул жетекчиси Умаййа бин Халф аман калган болсо, анда мен аман калбайм дейбергиле», – деп айтат. Муну угуп, Ансаарлар чуркап барып, ал үчөөнү курчап алышат. Азирети Билал (разияллааху анху) кылыч менен Умаййанын уулун өлтүрүп жиберет, анан Ансаарлар кылычтары менен ал экөөсүн бөлүп салышат».

Ибн Хашшаамдын айтымында, Умаййаны Азирети Муъааз бин Афраа, Харижа бин Зайд жана жогоруда сөз кылынган сахааба Хубайыб бин Асааф биргелешип өлтүрүшкөн. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) кээ бир окуялардын жогоруда сөз кылынган сахааба менен түздөн түз байланышы жок болсо да, бирок биз алардын тарых менен да бир аз таанышалы деген максатта алардан сөз кылам.

Азирети Хубайыб (разияллааху анху)нун небереси Хубайыб бин Абдур-Рахмаан мындай деп айтат: «Бадр согушу болгон күнү менин чоң атам Хубайыб (разияллааху анху) ушундай жаракат алды, анын кабыргасы сынып кетти. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал жерге өзүнүн шилекейин коюп, анын өз ордуна отургузат. Натыйжада, Хубайыб (разияллааху анху) баса баштайт. Дагы бир рабаятта Азирети Хубайыб (разияллааху анху) өзү мындай деп айтат: «Бадр согушу болгон күнү мен желкемен терең жаракат алып, ал жаракат менин курсагыма чейин жетти, натыйжада менин колум асылып калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага өзүнүн куттуу шилекейин коюп, аны улап койгон, натыйжада менин жаракатым толугу менен айыгып кетти».

Бир рабаятка караганда, Азирети Хубайыб (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда каза болгон, ал эми башка бир рабаятта ал (разияллааху анху) Азирети Усман (разияллааху анху)нун Халифат доорунда каза тапкандыгы тууралуу айтылат.

Жума кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) үч маркумду жакшы сөздөр менен эскерип, алардын жаназа намазын окутаарын жарыялады.

А дегенде Рабвахтын тургуну урматтуу Саййид Мухаммад Сарвар мырзанын жубайы урматтуу Рашийда Бегам эскерилет. Ал киши 24-август күнү 74 жаш курагында каза болгон. Иннаа Иллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум айымдын үй-бүлөсү анын чоң атасы Фатхи Мухаммад мырза аркылуу Ахмадия Жамаатына кирген эле. Ал киши Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабасы Азирети Казы Мухаммад Акбар мырза аркылуу Байъат берүү бактысына ээ болгон болчу. Азирети Казы Мухаммад Акбар мырза 1894-жылы ай менен күндүн тутулуу жышаанын көрүп, өз аймагы жана үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн Имам Махдийдин келгендиги тууралуу кабар берген эле.

Маркум айым өз байлыгынын1/8 бөлгүн Алла жолуна берүүгө осуят кылган эле. Анын беш перзенти өз жашоосун динге арнап, кызмат кылуу бактысына ээ болуп жатат. Алардын бирөөсү урматтуу Мухаммад Закария мырза Лайберияда миссионер болуп иштеп жатат. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Закария мырза апасынын каза болгонунда (Пакистанга) да бара албай калды жана өтө чоң сабырдуулук үлгүсүн көрсөтүп, үзгүлтүксүз өз кызматын аткарып жаткан.

Андан кийин Нанандий (Фижи) жергесиндеги Жамаатыбыздын президенти урматтуу Мухаммад Шамшир Хан мырза эскерилди. Ал киши 5-сентябрь күнү каза болгон. Иннаа Иллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал киши Фижидеги Жамаатыбыздын алгачкы мүчөлөрүнөн болчу. Алла Тааланын берешендиги менен бир узак мезгилге чейин Жамаатыбызга кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Үчүнчү жаназа бүгүнкү күндө Норвегияда жашап келе жаткан Курдистандын мурунку тургуну урматтуу Фатима Мухаммад Мустафаа айымдыкы. Ал 13-июнь күнү көз жумган. Иннаа Иллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал киши 2014-жылы Байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болгон эле. Хузур-э-Анвар маркум айымдын Ахмадияны кабыл алуу окуясын кеңири айтып берди. Аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Алла Таала ошол маркумдарды кечирип, алардын даражаларын жогорулатсын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Send this to a friend