Байъаттын акыйкаты жана андан кут-береке алуунун жолу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Байъаттын акыйкаты жана андан кут-береке алуунун жолу

Байъат ыйман ислам дин мечит дин пайгамбар хадис куран

Байъаттын түпкү мааниси – бул өзүн сатып жиберүү. Анын кут-берекелери жана таасирлери ошол эле шартка гана байланыштуу. Мисалы,  бир үрөн жерге себилет, ошондо анын башталгыч ахвалы мындай болот: ал дыйкандын колунан себилет, бирок анын мындан ары эмне болоору белгисиз болот. Бирок, эгерде ал үрөн мыкты болсо жана анда өсүп-өнүгүү жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда Алла Тааланын берешендиги жана ал дыйкандын эмгеги менен өсүп чыгат жана бир дан миң данга айланып кетет. Кудум ушундай байъат берүүчү адам а дегенде карапайымдык жана кичипейилдикти көрсөтүп, өзүнүн өзүмчүлдүгү жана напсисинен оолак болот, ошондо гана өсүп-өнүгүүгө татыктуу болот. Ал эми байъат бергенден кийин дагы напсисинен кутулбаган бирөө такыр эле кут-берекелерге ээ боло албайт.

Суфийлер кээ бир жерлерде мындай деп жазышкан: эгер Мурид[1]ге өз Муршад[2]ынын кээ бир жайларында сыртынан караганда кандайдыр бир ката-кемчилик көрүнсө да, ал аны ачыкка чыгарбоосу керек, эгер аны ачыкка чыгарса, анын иш-амалы текке кетет (анткени, негизинен, ал ката-кемчилик болбойт, анын өз түшүнүгүндө гана ката-кемчилик болот). Мына ошондон улам, сахаабалар (разияллааху анхум)дун эрежеси мындай болчу: алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жыйынында кудум адамдын башына бир канаттуу отуруп, ал башын көтөрө албаганы сыяктуу отурушчу. Бул алардын адептүүлүгү болуп, мүмкүн болушунча эч качан суроо беришчү эмес. Ооба, эгер сырттан бир жаңы адам келип, бир нерсе сураганда, алар ушул жол менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тилинен чыккан нерселерди угуп алышчу. Сахаабалар (разияллааху анхум) абдан адептүү инсан болушкан. Ошондуктан, الطریقۃ کلھا ادبٌ (ат-тарийкату куллухаа адабун) деп айтылат. Адептүүлүк чек араларынан тышка чыгып кеткен адамга шайтан өкүм кылат, анан акырындап ошол адам муртад болуп кетет. Ушул адептүүлүктү сактагандан кийин адам бош отурбашы керек. Ар дайым тобо келтирип, кечирим сурап турушу лаазым. Кандайдыр бир даража-мартабаларга жетишкенден кийин дагы азырынча мен оңолууга муктажмын деп ойлосун жана эми менин жан-дүйнөм тазаланып калды деп туруп калбасын.

Эки жүздүү ким?

Эсиңерде болсун, өз убадсын аткарбаган же жүрөгүндө каапырлык болуп, тилинен гана ыкласты көрсөткөн бирөө гана эки жүздүү эмес, тескерисинче табигатында эки жүздүүлүк бар адам дагы, мейли ал (эки жүздүүлүк) өз колунда болбосо дагы, мунаафик адам болот. Сахаабалар (разияллааху анхум) мына ушул эки жүздүүлүктөн аябай коркушчу. Бир жолу Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) ыйлап жаткан эле, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) эмнеге ыйлап жатасыз деп сураган. Ал киши менде эки жүздүүлүк белгилери бар окшойт, ошол үчүн ыйлап жатам деп жооп берген. Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында болгонумда жүрөгүм жумшак болуп, анын акыбалы өзгөргөн болот, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан алыстаганымда, ошол ахвалы калбай калат деп айткан. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) менин ахвалым да кудум ошондой деп айткан. Анан экөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барып, болгон окуяны айтып беришкен. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) силер эки жүздүү эмессиңер, адамдын жүрөгүндө «жабылуу» жана «ачылуу» ахвалы болот. Эгер менин жанымда жүргөңүңөрдө пайда болгон ахвалыңар түбөлүктүү болсо, анда периштелер кол алышып, силер менен көрүшөөр деп айткан.

Эми карагыла, сахаабалар (разияллааху анхум) мына ушул мунаафыктык жана эки жүздүүлүктөн кандай коркушчу эле. Качан адам эр жүрөктүк жана баатырлык менен сүйлөсө, ошондо дагы мунаафык болот. Диндин шылдыңданып жатканын көрүп, ошол жыйындан кетпесе же аларга жооп кайтарбаса, ошондо дагы эки жүздүү болот. Эгерде момун сыяктуу намыс жана туруктуулугу жок болсо, ошондо дагы мунаафык болот. Адам баласы ар кандай жагдайда Алла Тааланы эстебесе, ошондо дагы эки жүздүүлүктөн оолак эмес. Силер дуба кылуу аркылуу гана мына ошондой ахвалга ээ боло аласыңар (тактап айтканда, эки жүздүүлүктөн оолак боло аласыңар). Алла Таала андан сактасын деп дайыма дуба кылгыла. Ушул Жамаатка киргенден кийин дагы эки жүздүүлүк кылса, ал ушул Жамаатка кирбеген деп эсептелинет. Мына ошон үчүн Алла Таала эки жүздүүлөргө Асфалус-Саафилийн[3]ден орун белгилеген, себеби аларда эки жүздүүлүк болот, ал эми каапырларда бир жүздүүлүк болот.

Аз күлгүлө жана көп ыйлагыла

Суфийлер эгер адам кырк күндө бир жол дагы ыйлабаса, анда жүрөгү таш болгонун билип койсун деп жазышкан. Алла Таала мындай деп айтат:

فَلۡیَضۡحَکُوۡا قَلِیۡلًا وَّ لۡیَبۡکُوۡا کَثِیۡرًاАз күлгүлө жана көп ыйлагыла (9:82). Бирок ага тескерисинче кылышат, адамдар көп-көп күлүшөт. Эми замандын ахвалы кандай болгонун көрүп койгулачы. Жогорудагы аяттан адам ар дайым көздөрүнөн жаш агызып турсун деген маани чыкпайт. Жок, жүрөгү ичинен ыйлаган адам гана ыйлайт. Жогоруда жазылган аятта сөз кылынган адамдардан болбоо үчүн адам баласы эшик жаап, ичинде отуруп, Алла Таалага жалынып-жалбарып, дуба менен алектенип турушу керек жана толук кандуу жалынып-жалбаруу менен Алла Тааланын алдына жыгылып калышы керек. Аябай көп күлгөн адам (чыныгы) момун эмес. Эгер адам өзүнүн бир күнүн эсеп-кысап кылып көрсө, анда күлүп-тамашалоо таразасынын оор жана ыйлоо таразасынын жеңил экенине күбө болот. Ал гана эмес, көптөгөн жайларда ыйлоо такыр эле жок экенин көрөт. Эми жашоонун канчалык кайдыгерликте өтүп бара жатканына жана ыйман жолу канчалык оор экенин карагыла. Кудум бир түрдүү өлүм сыяктуу. Чындыгында, ушул эле нерсе ыйман деп аталат.

Ыймандын акыйкаты

Адамдарды динге чакырганыбызда, алар биз мусулман эмеспизби, биз намаз аткарбайбызбы, биз орозо кармабайбызбы деп айтышат. Алар ыймандын акыйкатын билишпейт. Эгер билишсе, андай сөздөрдү сүйлөшпөйт эле. Ислам дининин маңызы эмне экенин такыр эле билишпейт. Негизинен, Алла Тааланын байыртадан уланып келе жаткан адаты мындай: Исламдын маңызы жоголуп кеткенде, аны кайрадан орнотуу үчүн, өлүп калган жүрөктөр кайрадан тирилтилсин деп бир Ма′мур-элчини жиберет. Бирок ал адамдардын кайдыгерлиги ушунчалык күчөп кеткен, жүрөктөрдүн өлгөнүн да сезишпейт. Алла Таала мындай деп айтат:

بَلٰی ٭ مَنۡ اَسۡلَمَ وَجۡہَہٗ لِلّٰہِ وَ ہُوَ مُحۡسِنٌ فَلَہٗۤ اَجۡرُہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ۪ وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ

Алла Таала жолунда өзүнүн бардык денесин тапшырып, Алла Таала үчүн жакшы иштерди кылган адам мусулман (2:113). Тим эле анын дене мүчөлөрү Алла Таала үчүн өлүп калгандай жана ал Анын жолунда союлуп калгандай. Кудум эле Азирети Ибрахим (алайхиссалаам) ошол Ислам үлгүсүн көрсөткөндөй: Алла Тааланын ой-ниетин ишке ашыруу үчүн өз напсисин ага кенедей да аралашкан эмес жана бир эле ишаараты менен өз уулун соё баштаган. Бирок бул адамдар Исламдын акыйкатынан бейкабар. Алардын ар бир ишине (дүйнө) аралашып кеткен. Эгер алардын бирөөсү кандайдыр бир журналды чыгара баштаганда, андан дагы акча таап, бала-чакасын багууну көздөгөн болот. Жакында эле бир адам мага кат жазган. Ал мен Абдул Гафур аттуу адамдын Муртад болгондугуна байланыштуу, анын Ислам динин таштагандыгына жооп кылып, бир китепче жаза баштадым, мага (акчалай) жардам бергиле деп жазат. Алар Ислам эмне экенин да билишпейт. Алла Таала тарабынан аларга эч кандай рух да үйлөнгөн эмес, бирок китепче жазууга аттанып отурган экен. Ал киши а дегенде өз жан дүйнөсүн тазалоо үчүн өзү бул жерге келип, сурап-сураштырып, эң алгач өз Исламын текшерүүсү керек болчу. Бирок акыл-парасаты, ишенимдүүлүгү жана аң-сезими болгондо гана ошондой кылмак. Тиричилигин максат кылып, китепчени болгону бир шылтоо кылган экен. Ар бир жерден мына ошондой жыт жыттанып турган экен: Алла Таала үчүн эмес, бала-чакасы үчүн гана иштеп жатышат. Ким Кудайдыкы болсо, Кудай ошонуку болуп кетет жана анын иштеринен Алла Тааланын колдоо жана жардам Колу байкаллып турган болот. Акыр аягында адам ар бир майданда ага ийгиликтерди тартуулап жаткан бир көмүскө Кол бар экенин байкап алат. Эгер адам Аны көздөй басып келсе, Ал чуркап келет, эгер ал бир аз Ага кайрылып келсе, Ал аябай көп кайрылып келет. Ал сараң эмес. Жүрөгү таш эмес. Аны каалап келген адамды Ал Өзү каалаган болот. Бирок, эгер адам өз колдору менен бир үй эшиктерин жаап койсо, ага жарык кириши мүмкүнбү? Жок, эч качан. Адамдын жүрөгүнүн ахвалы да дал ошондой. Эгер анын айтканы менен кылганы Алла Тааланын ыраазычылыгына ылайык болбосо жана жеңил каалоолоруна көз каранды болсо, анда Алла Тааланын нуру жана жарык ага кирбесин деп ал жүрөк эшиктерин өзү жапкандай. Бирок, эгер ал эшиктерин ачса, анда нур дароо анын ичине кирип кетет. («Малфузаат», 6-том, 173-177-бет)

٭…٭…٭

[1] Кайсы бир улуу инсанды ээрчип, ага шакирт болгон адам.

[2] Устат.

[3] Тозоктун эң түбү.

Share via
 
Send this to a friend