Дин жана дүйнө жакшылыгын тилөө дубасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматчысы Азирети Анас (разияллааху анху)дан: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баарынан көбүрөөк кайсы дубаны окучу?» – деп суралганда, ал (разияллааху анху) (Ташаххуддан кийин окулуучу) төмөндөгүдөй дуба экенин айткан:
اللَّهُمَّ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ- صحيح البخاري, كتاب الدعوات
Окулушу: Аллаахумма Раббанаа аатинаа фид-дуня хасанатан ва фил-аахирати хасанатан вакинаа азаабан-наар. («Бухарий», Китаабуд-Даъваат, Баабу каулин-Набиййу Раббанаа аатинаа…)
Котормосу: Эй, Алла, Биздин Раббибиз! Бизге дүйнөдө да жакшылык тартуулагын жана акыретте да, ошондой эле бизди от азабынан сактагын. («Бухарий», Дубалар китеби, Пайгамбардын «Эй, Раббизбиз! Бизге тартуулагын…» деген сөзү)