Мусулман Лидер мусулман ѳлкѳлѳрүндѳгү баш аламандык менен согушту сынга алды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулман Лидер мусулман ѳлкѳлѳрүндѳгү баш аламандык менен согушту сынга алды

Азирети Мырза Масрур Ахмад тынчтыктын орношуусуна жана ырайымсыздыктардын соңуна чыгуусуна дуба кылды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2014-жылдын 31-январында окуган ѳзүнүн жумалык жума кутбасында кѳпчүлүк мусулман ѳлкѳлѳрдүн «аянычтуу жана ѳтѳ ырайымсыз – ѳлкѳлѳр» экенине ѳкүнгѳнүн билдирди.

Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» аттуу мечитте халифа согушка кабылган Сирия менен Пакистандан мисал келтирип, ал жерде чексиз бейкүнѳѳлѳр кысымга алынып, мыкаачылыкка кабылышууда деп айтты. Ал киши жер жүзүндѳгү Ахмадий мусулмандарды Ислам ааламында тынчтык жана туруктуулук кырдаалынын пайда болушуна дуба кылууга чакырды.

2014-07-30-Eid-3-1024x490

Сириядагы коркунучтуу таасирлер жѳнүндѳ сѳз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сириядагы кырдаал барган сайын ого бетер күчѳп бара жатат. Бийлик менен оппозиция – экѳѳсү тең эң катуу мыкаачылыкка ѳтүштү. Коомдун жаш балдары да, карылары да, аялдары да – бардыгы бутага алынууда.

Бейкүнѳѳ адамдар колго түшүрүлүп, ачка калтырылат жана кысымга алынат. Мусулмандар башка мусулмандарга ушул мыкаачылыктарды кылышууда. Натыйжада, алар мусулман эместерге Ислам динине каршы туура эмес дооматтарды кылууга «ыңгайлуулукту» жаратып жатышат…

Бийлик күчүн кармап туруу же бийлик күчүн ээлѳѳ максатында бийлик менен оппозициянын экѳѳсү тең иш жүзүндѳ зѳѳкүрлүк менен ѳз коомунун эле балдарын кыйратышууда».

Ал киши Сириядагы мыкаачылыктын аяктоосу үчүн жана Пакистанда адилеттүүлүктүн орношу үчүн дуба сурады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Пакистан Республикасында дагы ѳлкѳ жарандарына жана айрыкча Ахмадий мусулмандарга каршы катуу мыкаачылык кылынып жатканына күбѳ болуудабыз. Адамдар денелик жана рухий кысымдарга алынууда. Башка пакистандыктар да ушул мыкаачылык тузагына илинишүүдѳ. Барган сайын ушул оор кырдаалдын катаалдыгы күч алып бара жаткансыйт… Экстремизмдин жана терроризмдин бардык кѳрүнүштѳрүнүн аяктоосу үчүн катуу дубаларды суроо керек».

Халифа аягында Мисир, Ливия ж.б. бир топ мусулман ѳлкѳлѳрдѳ кѳрүнүп жаткан абдан коркунучтуу кырдаалдан сѳз кылды.

Ал киши ыпылас жана адилетсиз адамдар дин атынан жасап жаткан ыпылас мыкаачылыктардын айынан Исламдын аты булганбасын же абийири тѳгүлбѳсүн деп дуба кылды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via